Шаршемби күнү Израил армиясы Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги Вифлеем шаарын палестин коопсуздук күчтөрүнүн контролдугуна өткөрүп берген эле. Ошол эле күнү кечинде Газа тилкесинде палестин экстремисттери райондогу жөөт кыштактарынын бирин ракетадан аткылашты. Андан жергиликтүү үч тургун жарадар болду. Буга удаалаш Кфар-Даром мааласына жакын жерде айыгышкан атышуулар тутанды. Экстремисттер башка да бир катар кыштактарда куралдуу акцияларды уюштурушту. Ал эми Калкилия шаарында жөөт аскерлери менен “Ал-Аксанын азапкерлер бригадасынын” куралдуу активисттери түнү бою атышып чыгышты. Ушул эле жерде израил полициясы аталган бригаданы жетектеген лидерлердин бири Ибрахим Мансурду кармады. Анын жардамчысы делинген Махмуд Шавер качканга аракет кылып, натыйжада полициянын огунан набыт болду. Америкалык CNN телеканалынын маалыматтары боюнча, дал ушул Шавер “Ал-Аксанын азапкерлер бригадасынын” Калкилия шаарындагы отрядына башчылык кылган. Аны жана Мансурду израил тарабы мындан эки апта илгери Калкилиядагы террорду уюштурган деп эсептейт.
Израил армиясы өткөн түнкү окуяларды жарашуу шартын бузуу катары баалап, нааразылык билдирди. Мындан тышкары Газа тилкесиндеги кан жолду кайрадан бууп таштады. Бул жол мындан үч күн мурда эле – Израил аталган райондон өз армиясын чыгарып кетер замат ачылган болчу. Аңгире жолдо кыймыл жанданып, палестиналыктар Газа секторунун түндүгү менен түштүгүнө аркы-терки каттай баштаган эле.
Өз кезегинде палестин коопсуздук күчтөрү шаршемби күнү кечинде израил кыштагын ракетадан аткылаган эки адамды кармап, камакка алышканын айтышты. “Ал-Аксанын азапкерлер бригадасына” каршы айрым чаралар да көрүлгөнү жатат. Бул топ Палестинаны боштондукка чыгаруу кыймылы (ФАТХ), ”Хамас” жана “Ислам жихады” уюмдары кол койгон жарашуу шартнамасына байкот жарыялап, ага кошулгандан баш тарткан.
Акыркы окуялар региондо жаңы эле башталган тынчтык кадамдарын үзгүлтүккө учуратпаса да аны кыйындатпай койбойт. Мындан эки күн мурда Иерусалимдеги жолугушуу учурунда премьер-министрлер Ариэл Шарон менен Махмуд Аббас бардык тоскоолдуктарга карабастан эл аралык “жол картасы” планын жүзөгө ашырганга айныбай кирише тургандыгын ырасташкан. Алардын жолугушуусун шаршемби күнү Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш кубаттап, региондо байкалып жаткан жышаандарга Вашингтон чындап курсант экенин, ошону менен бирге азыркы америкалык администрация абалды реалисттик позицияда баалагысы келерин белгиледи. Тараптарга ортодогу көп жылдык касташуу маанайын жоюп, процессти алга жылдыруу үчүн дагы көп иштер керек болорун биз түшүнөбүз, деп айтты Буш. Америкалык президент буга кошумча Жакынкы Чыгышты жакшы билерин, региондо дале өчмөнтөйлүк санаадан арылбаган адамдар бар экенин да эскертип өттү.
Иерусалимдеги жолугушууда жетишилген макулдашууга ылайык, Израилдин атайын кызматтары жоон топ палестин тургундарын түрмөдөн бошотту. Бейшемби күнү бери эле дегенде жыйырмадай киши абактан чыкты, андан бир күн мурда он адам азат кылынган эле. Жалпысынан Израилдин абак жайларында азыр алты миңдей палестин адамы бар. Алардын бир тобун, жөөттөрдүн атайын “Шин бет” кызматынын башчысы Ави Дихтердин сөзү боюнча, мындан ары түрмөдө кармоонун кажети жок.