Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:35

ИРАК МАСЕЛЕЛЕРИ ҮЧҮН АМЕРИКАЛЫК ЖЕТЕКЧИЛИК КАЙРАДАН ИРАНДЫ КҮНӨӨЛӨДӨ


Нарын АЙЫП, Прага АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд жакында кайрадан Иран жетекчилигин кошуна Ирактын ички иштерине кийлигишип, өлкөдөгү абалды бейстабилдештирүүдө деп күнөөлөдү. Тегеран андай доону кайрадан четке какты.

Ирактагы негизги аскерий аракеттер аяктады деп АКШ президенти Жорж Буш 1-май күнү жарыялагандан бери, өлкөдө 31 коалициялык аскер курман болду. Алардын жыйырма беши - америкалык жаран. Иракта дагы эле орун алып жаткан куралдуу кагылышуулар үчүн акыркы күндөргө чейин америкалык жетекчилик мурдагы президент Саддам Хусейнди колдогон күчтөрдүн калдыктарын күнөөлөп келген. Бирок 30-июнда коргоо министри Доналд Рамсфелд жаңы билдирүү жасады. Анын айтымында, Ирактагы абалды бейстабилдештирүүгө кошуна Иран да салым кошуп жатат: "Түзүлгөн абал үчүн каракчылар, кылмышкерлер, БААС режиминин калдыктары, чет өлкөдөн келген террорчулар күнөөлүү. Алар коалициялык күчтөргө зыян тийгизүүгө аракеттенүүдө жана алардын катарында - кошуна Ирандын таасиринде аракеттенгендер да бар".

Ирак согушу учурунда жана ал аяктагандан кийин дагы америкалык жетекчилик Иранга каршы бир топ катуу сөз айткан, бирок акыркы апталарда андай "сөз согушу" дээрлик токтоп калган. "Азаттыктын" серепчиси Рон Синовицтин айтымында, Ирактагы акыркы окуяларды иликтеп көрүп, Пентагон түзүлгөн абалга жаңы баа берди жана анын адистеринин пикиринде, ирактык шийилерге кошуна Ирандын таасири өтө күчтүү жана кээ бир акыркы куралдуу кагылышуулар ошондой таасирдин натыйжасында болгон.

Чындап эле, ирактык шийилердин жетекчиси аятолла Мохаммед Хаким 27-июнда Нажаф шаарында жума күнкү намаз учурунда элге ачык эле кайрылып, америкалыктарга каршылык көрсөтүү керек экенин билдирген. Бирок, анын айтымында, алгач андай каршылыкты тынчтык ыкмалары менен көрсөтүү керек жана андан жыйынтык чыкпаганда гана курал колдонууга өтсө болот. Анткен менен, Ирактын шийилер жашаган аймактарында акыркы апталарда куралдуу кагылышуулар чындап эле күчөгөн жана курман болгон алты британиялык аскер - шийилер жашаган Кабир шаарында өлтүрүлгөн.

Ирандын дагы, кошуна Ирактын да көпчүлүк мусулмандары – шийилер. Алардын өзара байланыштары дайым күчтүү болгон. Саддамдын куугунтуктоосунан качып, аятолла Хаким 20 жыл Иранда жашаган. Анткен менен, Иран жетекчилиги америкалык доонун баарын четке кагууда. Өлкөнүн тышкы иштер министри Камал Харрази ошол эле 30-июнда Рамсфелдге жооп берип, Ирактагы мыйзам бузууларга Иран эч кандай колдоо көрсөтпөгөнүн айтты:

- Акыркы күндөрдө Иракта болуп өткөн окуяларды биз жактырбайбыз жана башаламандыкты токтотуу үчүн такыр башка чаралар көрүлүш керек эле деген ойдобуз. Ирактын кошунасы катары, Иран ислам республикасы Иракта эл тарабынан шайланган өкмөт түзүү, өлкөдө демократия орнотуу жараянына жигердүү салым кошо алат.

1-июлда Ирак маселелери тууралуу сүйлөгөн президент Буш, бирок, Рамсфелддин Иранга карата сынын кайталаган жок, ошондуктан, кээ бир эксперттердин айтымында, коргоо министринин сынын - анын жеке өзүнүн гана пикири катары да кабыл алуу мүмкүн. Рамсфелддин сөзү чалгындоо кызматтарынын маалыматтарына негизделген деген пикирди да ар башка кабыл алса болот. АКШ коомчулугу арасында андай кызматтар акыркы жылдарда өз кадырын бир кыйла солгундатып алган. Мисал үчүн, алар 2001-жылдын 11-сентябрында АКШга жасалган террор чабуулдарынын алдын ала алган эмес, Ирактын кеңири кыруучу куралдары тууралуу алардын маалыматтары дагы эмгиче далилдене элек.

XS
SM
MD
LG