«Кыргызстандагы өнөктөштүктүн жана туруктуулуктун 10 принциби» деп аталган «тегерек стол» жыйыны Төлөкан Исмаилова жетектеген «Жарандык коом коррупцияга каршы» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган. Жогорку Кеңештин имаратында өткөн бул жыйынга депутаттар, саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана Президенттин алдындагы эл аралык стратегиялык иликтөө институтунун башчысы Валентин Богатырев катышты. «Тегерек столду» уюштуруунун максаты тууралуу Төлөкан Исмаилова буларды билдирди:
- Биз 12-июлга белгиленген «тегерек стол» жыйынынын алдында жарандык лидерлер чогулуп туруп, өзүбүздүн позициябызды ачык айтып жатабыз. Биз 2005-жылкы шайлоодо өзүбүздү алдатпайбыз, эгерде алдоолор, көз боёмойлор болсо, ага чыдай албасыбызды билдирип жатабыз.
Уюштуруучулар белгилеген 10 принциптин ар бири боюнча доклад жасалды. Маселен, бийликтин шайлануу жана алмашуу принциби боюнча Топчубек Тургуналиев, бийликтин ачык болуу принциби боюнча Михаил Корсунский, пикет, митинг, сөз эркиндиги боюнча Турсунбек Акун, сот системасынын адилеттиги боюнча адвокат Галина Кайсарова сөз сүйлөштү. Алардын дээрлик баары бийликке карата сын айтышты. Топчубек Тургуналиев азыркы кездеги негизги проблема - бийликти демократиялуу, мыйзамдуу жол менен алмаштыруу экенин айтып, буларга токтолду:
- Конституциялык жол менен бийликтин тынч алмашуусу – демократиялык, укуктук мамлекеттин негизги белгилеринин бири. Бирок биздин мамлекетте мындай нерсе салтка айланып калган жок. Бул Аскар Акаевдин төрт жолу президенттикке шайланып, бийликти мыйзамсыз ээлеп алышына байланыштуу болуп жатат. 12-июлдагы «тегерек столдо» Аскар Акаев 2005-жылы кызматтан кетээрин ачык айтышы керек.
Ал эми Галина Кайсарова өлкөдөгү сот системасынын 100% коррупциялашканын айтты:
- Конституциянын жаңы редакциясына «камакка алууга соттор гана уруксат берет» деген принциптин кирбей калышы - демократиядан артка кетүү. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Кылмыш кодекси мурдагы кодекстерге караганда бир топ прогрессивдүү. Бирок сот системасы бизде коммерциялык негизде иштеп жатат. Сот системасын реформалоо негизги маселе бойдон калууда.
«Адилеттүүлүк жана прогресс» партиясынын лидерлеринин бири Ишенбай Абдуразаков бийлик системасын наалат айтуу менен өзгөртүү мүмкүн эместигин белгиледи. Ал «тегерек столго» катышып жаткан бардык уюмдар биргелешип, негизги мүдөөлөрдү аныктап алып, бийликтин алдына коюп, аны коргоп калууга жөндөмдүү болсо гана максатка жете алышаарын билдирди.
«Тегерек столдун» катышуучулары бүгүнкү талкуунун негизинде жыйынтыктоочу документти кийинки жуманын башында кабыл алышат. Ал эми анын алгачкы долбоорунда «Кыргызстанда демократия орнош үчүн 10 принцип аткарылышы керек» деп жазылган. Алардын ичинде Аскар Акаев 2005-жылы кайра шайлоого барбай, бийликти өткөрүп берүүгө шарт түзүүгө тийиш.
Андан тышкары, документте массалык маалымат каражаттарын кысымга алууну токтотуу, жогорку деңгээлдеги коррупцияга каршы күрөш, Феликс Куловду бошотуу, көз карандысыз сот системасын түзүү, шайлоону ачык, көз карандысыз байкоочулардын көзөмөлү астында өткөрүү сыңары талаптар айтылган. Ал эми партиялык тизме боюнча шайлоодон баш тартуу демократиядан артка кетүү катары бааланып, жергиликтүү кеңештерге партиялык тизме аркылуу катышууга мүмкүнчүлүк берүү оң кадам болоору белгиленген.
«Тегерек столдун» катышуучулары бул талаптарды 12-июлда бийлик жетекчилеринин катышуусу менен өтө турган «тегерек стол» жыйынында жарыя кылышмакчы.