Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:55

БЕРЛУСКОНИ ДАГЫ БИР ТАЛАШ-ТАРТЫШТЫН ЧОРДОНУНДА КАЛДЫ


Бакыт Аманбаев, Прага. 1-июлдан тартып Европа Биримдигине төрагалык кылуу милдети Италияга өткөрүлүп берилди. Буга байланыштуу Европарламенттин 2-июндагы отурумунда Италиянын учурдагы премьер-министри Силвио Берлускони болочок алты ай ичинде аткарыла турган иш программасы менен чыгып сөз сүйлөдү. Отурумдун жүрүшүндө Берлускони менен германиялык депутаттардын ортосунда кайым айтышуу болуп, жыйын кыйкырык-чуу менен коштолду.

Европа Биримдигине төрагалык кылуу милдетин өткөрүп алган Италиянын премьер-министри Силвио Берлускони Европа парламентинин Франциянын Страсбург шаарында 2-июнда өткөн отурумунда сөз сүйлөдү. Жыйында ал уюмга Италия төрагалык кыла турган жарым жыл ичинде аткарыла турган иш чараларга, тагыраак айтканда, уюмдун ички-тышкы саясаты жана жакынкы жылдары биримдиктин экономикасын кантип көтөрүү керектиги сыяктуу маселелерге кеңири токтолду.

Уюмдун алдындагы эң башкы маселе катары Берлускони жарым жылдын ичинде Европа Биримдигинин конституциясын иштеп чыгууну аяктоону, уюмдун коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо менен коопсуздук маселерине өзгөчө көңүл бурууну атай кетти. Ал үчүн 2010-жылга чейин Европа Биримдигин дүйнөдөгү эң күчтүү экономикалык аймакка айландыруу керектигин белгиледи. Ошондой эле ал биримдиктин тышкы саясатындагы дагы бир маанилүү жагдай катары Европа Биримдиги менен АКШнын ортосундагы мамилени жакшыртууну жана уюмдун кеңейишине өбөлгө түзүү керектигин айтты:

- Учурда уюмду кеңейтүүгө жетишүү менен катар, биз уюмга жакын арада кире турган жаңы мүчөсүнүн биримдик менен жеңил иштешип кетишине кам көрүүгө аракеттенебиз. Ошол эле мезгилде, 2007-жылга карата уюмга Болгария жана Румыниянын кошулуусуна мүмкүнчүлүктөрдү издөө керек.

Европа парламентинде кызуу талаш-тартыш жаңы төраганын жогорудагыдай программалык сөзүнөн кийин улантылган талкуу учурунда башталды. Парламенттеги германиялык Социал-демократиялык фракциянын төрагасынын орун басары Марти Шульц Берлусконинин буга чейинки ишмердүүлүгүнө катуу сын айтты. Өз сөзүндө ал Силвио Берлускони - Италиядагы бардык теле каналдарды колуна топтогон медиа-магнат жана мамлекеттик деңгээлдеги коррупциялык иштерге катыштыгы бар деп шек кылынган киши деп белгиледи. “Берлусконинин ишмердүүлүгүндөгү жогорудагыдай көрүнүш Европа Биримдигинин саясатына олуттуу деңгээлде терс таасирин тийгизет”деди Шульц.

Германиялык депутаттын жогорудагыдай сынынан соң Силвио Берлусконини коргоого аракет жасаган италиялык өкүл “италиялык саясатчыны “Мафиози” деп атоо - немистерди “фашист” деп кемсинткенге барабар эле нерсе деп эскертти.
Ал эми германиялык өкүлгө жооп кылып Силвио Берлускони мындайча пикирин айтты:

- Шульц мырза, учурда Италияда нацисттик концлагерлер жөнүндө кино тартылууда. Мен сизге ошол кинодогу туткундарды кайтаруучунун ролун аткарууну сунуштайт элем.

Европа Биримдигинин жаңы төрагасынын жогорудагыдай сөзү Европа парламентиндеги германиялык депуттардын нааразылыгын жаратты. Бир нече депутат Силвио Берлускониден расмий түрдө германиялык депутаттан кечирим суроосун талап кылышууда. Ал эми Германиянын премьер-министри Герхард Шрөдер бейшемби күнү Берлин парламентинде сүйлөгөн сөзүндө мындайча оюн билдирди:

- Германиялык кесиптешибиз Европа парламентинде “фашистке” салыштырылды. Менин оюмча, мындай салыштыруу туура эмес жана аны таптакыр кабыл алууга болбойт. Мен Италиянын премьер-министри мындай кабыл алууга мүмкүн эмес салыштыруусу үчүн андан кечирим сурайт деп ойлойм.

Ошентип, Европа парламентиндеги жогорку даражалуу расмий өкүлдөрдүн кайым айтышуусу дүйнө коомчулугунун көңүлүн өзүнө бурууда. Ал эми Силвио Берлускони, жергиликтүү деңгээлдеги бир катар ачуу сын пикирге кабылганы аз келгенсип, эми эл аралык деңгээлде айткан калпыс сөзү үчүн андан бетер дүйнөлүк басма сөздүн бутасына айланды.

XS
SM
MD
LG