Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:34

СИЛВИО БЕРЛУСКОНИНИН ОРОЙ ТАМАШАСЫ ЕВРОПА БИРИМДИГИНЕ ЖАРАКА САЛБАЙБЫ?


Бүбүкан Досалиева, Прага Италиянын премьер министри Силвио Берлускони Европа Биримдигине төрагалык кыла баштаган экинчи күнү чыккан чатак толук басыла элек. Эл аралык массалык маалымат каражаттарынын башкы темасына айланган бул окуя бара-бара жалпы уюмдун келечегине, анын ичинде Германия менен Италиянын өз ара мамилесине да жагымсыз таасир тийгизет деген пикирлер айтылууда.

Италиянын премьер-министри Силвио Берлускони өз өлкөсүнүн Европа Биримдигине алты айлык төрагалык кылуудагы программасы менен тааныштырып жатып, өзүн сындаган Германиянын Европарламенттеги өкүлү Мартин Шульцка мындай деп жооп кайрыган:

- Шульц мырза,азыр Италияда нацисттик концлагерлер жөнүндө фильм тартылып жатканын билем. Мен сизге ошол кинодогу туткундарды кайтаруучунун ролун сунуштайт элем.

Саал кийинчерээк Берлускони бул сөзүн жымсалдап: “Мен тамаша кылам деп, немис элинин тарыхый сезимине тийип алганым үчүн өкүнөм”, – деди. Каккы жеген депутаттан болсо көзмө-көз эмес, жардамчысы аркылуу кечирим сурады. Берлускони кечирим сурасын деп Европарламент берген убакыт аяктагандан кийин Германиянын канцлери Герхард Шрөдер бейшемби күнү кечинде чакан пресс-конференция өткөрдү. Анда “Берлускони өзү мага телефон чалды жана ыксыз сөз айтканы үчүн өкүнгөнүн билдирди. Мен ага “өзүм үчүн чатак бүттү” деп айттым”, - деп билдирип, Шрөдер чатакты көп ырбатпай, Европарламенттин ичинде бүтүрүү керектигин сунуш этти.

Бирок, Шрөдердин пресс-конференциясынан кийин дароо эле Берлусконинин кызматчылары массалык маалымат каражаттарына пресс-релиздерди таратып, анда “Италиянын премьер министри кечээ айтканын бүгүн деле кайталады. Бир гана анын тамашасынын маңызын башкача түшүнүп алышкандары үчүн кейигендигин билдирди” деп жарыя кылышты. Билдирүүдө Берлускони Германиянын депутатына карата айткан сөзү эмес, чатактан кийинки пресс-конференцияда “немис элинин тарыхый сезимине тийип алганым үчүн өкүнөм” деген сөзү үчүн кейип жаткандыгын белгилешти. Окуянын мындай өнүгүшү Германия канцлеринин чатакты басуу аракетинен майнап чыкпагандыгын, демек, Ирактагы согушка байланыштуу Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин ортосунда пайда болгон жараканы чоңойтуп жаткандыгын айгинелөөдө.

Ушундан улам саясатчылар бул чатак Берлускони Европа Биримдигине төрагалык кыла алабы же жокпу деген суроону гана жаратпастан Европарламент Европа Кенешинен чыгып кетишине түрткү бериши мүмкүн деп жатышат. Анан калса Биримдиктеги мартабалуу эки мамлекет - Германия менен Италиянын өз ара мамилесин да салкындатышы мүмкүн. Ал тууралуу Улуу Британиядагы Сассекс Европа институтунун профессору Йорг Монар мындай дейт:

- Менин оюмча, канцлер Шрөдер менен Берлускони мамилени суутпашы керек. Берлускони бул жерден 50 же 75 проценттик кечирим сурашы абзел, бирок, Италиянын өкмөтү Германияны кастарлабайт жана немистердин сезимине тийген сөз айтылган деген жипкирүү кала берет. Бул жаман из калтырган окуя болду жана анын кесепети көп убакытка чейин созулушу мүмкүн.

Чатак чыгаары менен Германия Италиянын бул өлкөдөгү элчисине билдирүү жөнөттү. Элчи Силвио Фагиолону канцлердин кеңсесине чакырышып, Берлусконинин сөзүнүн төркүнүн түшүндүрүп берүүнү талап кылышты.

Ал эми эл аралык мамилелердеги жаңжалдарды иликтөөчү Рим институтунун өкүлү Жанни Бонвичини чатак Италиянын Биримдигиндеги төрагалыгына залалын тийгизиши мүмкүн деген ойдо:

- Албетте, бул Биримдикти башкаруудагы татаал ишке кыйла жик салды. Мамлекеттин башчылары эми Берлускони эмне кылаар экен деп, ар бир ишине кылдат карап, ар бир кадамын чектейт. Демек, бул эң көп күчтү талап кылган татаал ишти камдап койду.

Ал эми Берлускони Европарламенттен кечирим сурабайт көрүнөт. Депутаттардын Берлускони алты айлык мөөнөткө төрагалык кылуучу Европа кеңеши менен мамилени үзөбүз деген демилгеси эмне болоору белгисиз.

XS
SM
MD
LG