Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Эртең Борбор Азия Кызматташтык Уюмунун мамлекет башчылары Алматыда жолугушат


БИШКЕК. Эртең-бүрсүгүнү Казакстандын Алмата шаарында Борбор Азия КызматташтыК Уюмунун мамлекет башчыларынын кезектеги жыйыны өтөт. Тышкы иштер министрлигинин КМШ боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эркин Мамкуловдун бүгүнкү маалыматы боюнча, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекет башчылары буга чейин аткарылган иштер, уюмдун мындан аркы келечеги тууралуу пикир алмашышат. Жыйында уюмдун төрагалык укугу Өзбекстандан Казакстанга өтүшү болжолдонууда. Мындан тышкары, мамлекет башчылары дүйнөдөгү жана Борбор Азиядагы коопсуздук маселесин талкуулашып, жыйынтыктоочу документ кабыл алышат. Жолугушууда мамлекет аралык бир катар документтерге да кол коюлушу күтүлөт. Э.Мамкуловдун айтымында, төрт өлкөнүн президенттери бул жолу биргелешкен билдирүү менен чыгышат.

XS
SM
MD
LG