Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

САДДАМ ХУСЕЙН, БАЛКИМ, ДАГЫ ЭЛЕ ТИРҮҮДҮР?


Нарын АЙЫП, Прага 4-июлда Катар мамлекетинде жайгашкан "ал-Жазира" сыналгысы обого Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейндин үнүн чыгарды. Кээ бир адистердин пикиринде, ал үн чындап эле Саддамдыкы болушу мүмкүн. Мурдагы ирак президенти катары кабыл алынган киши америкалык баскынчыларга каршы күрөш жакын арада күчөй турганы жөнүндө айтты.

"Ал-Жазиранын" башкы редактору Ибрагим Хилалдын айтымында, кимдир бирөө 4-июлда аларга телефон чалып, Саддам Хусейндин үнүн угузган жана телеканал аны телефон аркылуу жазып алган. 20 мүнөткө созулган сөздүн жарымына жакыны ошол эле күнү обого чыгарылган, анткени үндү уккан адистер ал чындап эле Саддамдыкы болуш керек деген жыйынтыкка келген. Ирак элине жасаган бул кайрылуусунун башында Саддам өзү кайрылуу 14-июнда жазылганын айтып, ал өзү дагы эле Ирактын аймагында экенин билдирет. Саддамдын айтымында, ал бийликтен баш тартып, Ирак мамлекеттүүлүгүн курмандыкка чалганы менен, мурдагы принциптеринен кайткан жок жана анын эң жакын пикирилештери дагы эле анын жанында. Алар америкалыктарга каршылык көрсөтүү планын даярдап, жихад жүргүзүүчү бөлүктөрдү түздү жана жакында алар куралдуу аракеттерге өтөт.

Чындап эле июндун аягында Иракта америкалык аскерлер менен жергиликтүү куралдуу топтор ортосундагы кагылышуулар күчөгөн. Акыркы эки айдын ичинде Иракта 27 америкалык менен алты британиялык аскер курман болду. Жалаң эле 3-июлда Балад шаарынын алдындагы америкалык базага төрт чабуул жасалган жана андан 18 аскер жарат алган. Андан көп өтпөй, ошол эле Балад шаарынын алдында бир куралдуу топ америкалык автоколоннага кол салган жана ок атышуу учурунда ал топко кирген 11 жоокердин баары өлтүрүлгөн. Ошол эле күнү борбор калаа Багдад шаарында белгисиз мерген чопкут машинеден чыгып турган бир америкалык аскерди алыстан атып өлтүрүп салган. 4-июлда болсо, Багдад шаарынын алдындагы кара жолдо жардыруу болуп, үч ирактык жаран жана эки америкалык аскер жарадар болду.

Эгер "ал-Жазира" сыналгысы жазып алган үн чындап эле Саддамдыкы болсо, анда ал айткан америкалыктарга каршы багытталган каршылык көрсөтүү аракеттери чындап эле башталды. Саддамдын айтымында, Ирактын саясий, диний жана коомдук уюмдары америкалык баскынчыларга каршы биргелешип күрөшүүгө тийиш жана америкалыктар менен кызматташкандар кийин сөзсүз жазаланат. Саддам, андан тышкары, америкалык өкмөт Иракка каршы баштаган согуш адилетсиз экендигин айтат, анткени Иракта эмгиче эч кандай химиялык, биологиялык же өзөктүк курал табыла элек. Ошондуктан, кудай ирактыктар тарапта жана эртеби-кечпи америкалык баскынчылар Ирактан кууп чыгарылат, дейт ал.

Америкалык Ак үйдүн басма сөз катчысы Ари Флейшердин айтымында, Борбордук чалгындоо агенттигинин адистери азыр тасмага жазылып алынган үндү изилдеп, ал чындап эле Саддам Хусейнге таандыкпы же жокпу деп териштирүүдө. Ирактагы согуш аяктаганда Саддам, балким, акыркы салгылашуу учурунда курман болгондур деген да жоромол тараган. 3-июлда болсо америкалык жетекчилик Саддам азыр кайда экендиги тууралуу маалымат берген адамга 25 миллион доллар сыйлык ыйгарыла тургандыгы жөнүндө жарыялады. Анын Удай жана Кусай деген уулдары тууралуу маалымат үчүн 15 миллион доллардан сыйлык чегерилди.

Акыркы жолу эл алдында Саддам 9-апрелде америкалык аскерлер Багдад шаарын басып алар алдында чыккан. Андан кийин бир гана жолу, 5-май күнү, австралиялык "Sydney Morning Gerald" гезитинин Багдадда жүргөн кабарчысынын колуна Саддамдын үнү жазылган тасма тийген. Анда дагы Саддам ал өзү дагы эле Иракта экендигин жана америкалыктарга каршы күрөш жүргүзүүгө тийиш экенин айткан.

XS
SM
MD
LG