Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

МОСКВАДА ИРИ ЖАРДЫРУУ БОЛДУ


Бүбүкан Досалиева, Прага шаары 5-июлда Москванын Тушино аба майданынын жанында жардыруу болду. Орусиянын ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, андан дароо 16 адам каза болуп, кеминде 20 адам жараат алды. Москванын прокуратурасы “терроризм” деген берене боюнча кылмыш ишин козгоду.

Жардыруу Москванын Тушино аба майданына (аэродромуна) жакын жерде Москва убактысы боюнча күндүзгү саат үчтө болду. Ал жерде рок музыка топторунун “Канаттар” аттуу фестивалы өтүп жаткан. Орусиянын ички иштер министри Борис Грызловдун айтымында, жардыруудан дароо 16 адам каза болуп, жарадар болгон 20 киши ооруканага жеткирилди. Башка айрым булактардын маалыматына караганда, 40тай киши жараат алган.

Орусиянын ички иштер министрлиги алдын-ала тараткан маалыматка караганда, жардыруу эки жанкечти аялдын колунан келген. Алар фестиваль өтүп жаткан аэродромго кирчү жердеги милициянын текшерүүсүнөн өтүүдөн баш тартышканда, милиционерлер шектүү аялдарды аэродром тарапка киргизбей коюшкан. Аялдар өздөрү менен кошо алып жүргөн жардыргыч заттарды фестивалга билет сатылып жаткан кассанын жанынан жардырышкан. Адистердин айтымында, жардыргычтын күчү бир килограммдык тротиллге барабар болгон жана анын күчүн көбөйтүү үчүн ага мык, бурама жана башка кесип кетүүчү темир заттардын бөлүктөрүн кошуп коюшкан.

Орусиянын ички иштер министрлиги Москва убактысы боюнча кечки саат жетиде тараткан маалымат боюнча, жан кечти аялдардын бири Чеченстандын тургуну болгон деп шектелүүдө. Аны жанкечти аялдын сөөгүнүн жанынан табылган паспорт айгинелейт. Паспорт Чеченстандын Курчалой айылынын Зулихан Элихаджаева аттуу тургунунун наамына берилгендиги айтылууда. Ал эми Чеченстан жикчилеринин Москва расмий тааныбаган президенти Аслан Масхадовдун өкүлү Саламбек Маигов “жардырууга Чеченстандын (жикчилеринин бийлигинин) эч кандай тиешеси жок” деп билдирди.

Жардыруу болгон жер дароо курчоого алынып, жарадар болгондор Москванын Боткин жана Склифосовский атындагы ооруканаларына жеткирилди. Фестивалдын көрүүчүлөрү жана базарда жүргөн адамдар атайын жиберилген автобустар менен үйлөрүнө жөнөтүлүп, атайын топ окуянын чоо-жайын иликтөөгө киришти. 5-июлдагы рок фестивалды көрүү үчүн Тушино аэродромуна 40 миңден ашык киши келген экен.Эгер жардыруу так ошол концерт болуп жаткан майданда жүзөгө ашырылган болсо, анда курман болгондор азыркыдан алда канча көп болмогу түшүнүктүү.

Жардыруудан кийин Орусиянын ички иштер министри Борис Грызлов чукул кеңешме өткөрүп, атайын оперативдүү штаб түздү. Министр ишти тергөөнү өзүнүн биринчи орун басары Рашид Нургалиевге тапшырды. Москванын прокуратурасы “терроризм” деген берене боюнча кылмыш ишин козгоду.

Москвада акыркы терракт 2002-жылдын октябрь айында, Дубровкадагы театралдык борбордо болгон. Анда террорчулар “Норд-Ост” аттуу мюзиклди көрүүгө келген 800дөй көрүүчүнү барымтага алышкан. Атайын топ 26-октябрдын таңында театрга газ колдонуп чабуул коюу менен эки күнгө жакын барымтада кармалып турган адамдарды бошоткон. Андан адегенде элди барымтага алган 40тай террорчунун баары жана газга ууланып 129 адам каза болгон. Ал эми эс-учунан танып, ооруканага жаткырылган адамдардын канчасы айыгып, канчасы көз жумганы тууралуу так маалымат жарыяланган эмес.

Ал эми "ИТАР-ТАССтын" маалымдашынча, 1996-жылдан ушуга чейин Москвада башка да кеминде 13 жолу террордук чабуул жасалган.

XS
SM
MD
LG