Сингапурлук доктурлар кечээтен бери баштарынан жабышып төрөлгөн ирандык эгиз кыздарды бөлүү үчүн операцияны улантышууда. Бүгүн врачтар эгиздердин мээси аркылуу байланышкан вена кан тамырларын бөлүшөт. Докдурлардын айтымында, бул операциянын эң татаал бөлүгү. 29 жаштагы эгиз кыздарга операция жасоого соңку бир нече ай бою жүргүзүлгөн медициналык иликтөөдөн кийин уруксат берилген.