Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:29

ИРАКТА АМЕРИКАЛЫК АСКЕРЛЕРГЕ КОЛ САЛУУ УЛАМ КҮЧ АЛУУДА


Иракта жекшембиден бери эки америкалык аскер окко учту. Ал эми Вашингтондо мартабалуу саясатчы, АКШ Сенатынын комитет башчысы, чалгын кызматтарына шилтеме берип, Саддам Хусейн тирүү болуш керек деген божомолун билдирди.

АКШ армиясынын маалымат кызматынын кабардашынча, жекшемби күнү жана дүйшөмбүнүн таңында эки башка кол салууда эки америкалык аскер набыт болду. Биринчисинде кол салгандардын бири окко учуп, дагы бири туткундалды. Экинчи чабуулда Багдаддан батыштагы Рамади шаарында америкалык аскерий кербен буктурмага туш болуп, төрт америкалык жараат алды. Атышууда эки куралчан атып өлтүрүлдү.

Аталган шаарда ишемби күнү бомба жарылып, америкалык адистер машыктырган ирактык жети полициячы каза тапкан эле. Ал эми Багдадда жекшемби күнү мамлекеттик университеттин алдында АКШ армиясына караган Жарандык иштер боюнча аскер бөлүгүнүн мүчөсүн көзгө атаарлар атып кетишти. Абдулла Саад деген ирактык студент жатакананын алдында орун алган кол салуудан кийин аскерди короодо башына тийген октон кансырап жатканын көргөн. Кийин ал жараатынан көз жумду.

Сунний мусулмандары басымдуулук кылган баш калаа Багдадда жана жалпы эле Борбордук Иракта америкалык аскерлер дээрлик күн сайын кол салууга дуушар болушууда. Ирактын кулатылган президенти Саддам Хусейн да сунний болгондуктан, шийилер сан жагынан көптүк кылган өлкөдө бул жак Хусейнди колдогон аймак деп саналат. АКШнын президенти Жорж Буш Иракта ири согуш аракеттери бүттү деп жарыялаган 1-майдан бери өлкөдө 27 америкалык, алты британ аскери курман болду.

Саддам Хусейндин америкалык оккупацияга каршы чакырыгы да бүгүн көпчүлүктүн көңүлүндө болуп жатат. Перси булуңундагы Катар өлкөсүнүн "ал-Жазира" сыналгысы жума күнү Хусейн билдирүүсүн телефон аркылуу бергендигин маалымдады.

"Ал-Каиданын" анабашы Осама бин Ладен сыяктуу эле, Саддам Хусейндин өлүү-тирүүсү табышмак. Аны акыркы жолу Багдадда 9-апрелде, коалициялык күчтөрдүн соңку чабуулунун алдында көрүшкөн. АКШ Сенатынын чалгын комитетинин төрагасы Пэт Робертс жекшемби күнү Саддам Хусейндин тирүү экенин 70 пайыз ишенимдүү кабар деп айтууга болот деп билдирди. Робертс анын тирүү же өлүү экендигин бышыктоо ирактыктардын көңүлүн жайгарып, алга жылуу үчүн зор мааниге ээ экендигин белгиледи. "Келерки 100 күн өзгөчө маанилүү. Эгер Саддам Хусейн жана анын эки уулу өлүү экенин далилдеп, же аларды колго түшүрсөк, чоң секирик жасаган болот элек, антпесек алдыдагы жай узак жана оор болот" деди сенатор. Кошмо Штаттары Хусейнди бин Ладенге теңеп, анын башы үчүн да 25 миллион доллар сайды.

Иракта создугуп бараткан баш-аламандык, зордук-зобун, кан төгүүлөр үчүн, Вашингтон Саддам Хусейнге ичи ачышып, боор тарткан көмүскө күчтөрдү күнөөлөп келатат. АКШ өкүлдөрүнүн оюнча, шаарларды электр жарыгы, суу менен камсыздоону калыбына келтирип, Ирактын мунай тармагын жандандырууга ишти тымызын бүлүндүргөн саботажчылар бут тосууда. Ал эми ирактыктардын көбү АКШнын Багдаддагы администрациясы бийликти ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүүгө жана өлкөнү калыбына келтирүүгө шашылбай жаткандыгы аларга каршы нааразылыктын отуна май чачып жаткандыгын айтышууда.

Анын аралыгында, куралдуу каршылык көрсөтүүгө чек коюу максатындагы АКШ армиясынын бир апталык операциясы соңуна чыкты. Анын жүрүшүндө 282 киши кармалды, 96 калашников мылтыгы, 217 граната жана башка курал колго түшүрүлдү. Бирок элдин колунда сансыз курал сакталган өлкөдө бул - өтө эле жупуну олжо. Июнда АКШ баштаган куралдуу күчтөр ирактыктарга куралын тапшырууга ай ортосуна чейин нөөмөт берген эле, бирок акырында азганактай гана курал-жарак чогултулду.

XS
SM
MD
LG