Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

МОСКВАДАГЫ ЖАРДЫРУУДАН КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫНЫН БИР ӨКҮЛҮ НАБЫТ БОЛДУ


Бакыт Аманбаев, Прага http://gdb.rferl.org/BC006CFC-7BB9-4325-A17C-08727CE4DB97_w203.jpg 9-июлда Москва шаарында дагы бир террордук жардыруу алдын алынды. Шаршембиден бейшембиге караган түнү Москванын тартип коргоо кызматкерлери террордук жардырууну максат кылган кавказ улутундагы аялды колго түшүрүштү. Аялдын жанындагы баштыгына салынган жардыргыч затты дүрмөтүнөн ажыратуу учурунда Орусиянын Коопсуздук кызматынын бир өкүлү өмүрүнөн айрылды.

Жарылуу Москва шаарынын Биринчи Тверь көчөсүндө жайгашкан “Имбир” ресторанынын жанында болду. Москва шаарынын полициясынын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, шаршембиден бейшембиге караган түнү аталган ресторандын коопсуздук кызматкери ресторандын кире беришинен өзүн шектүү алып жүргөн кавказ улутундагы бир аялдан анын жанындагы баштыгын текшертүүнү суранат. Милиция кызматкеринин жогорудагыдай аракетинен соң, шектүү аял жанындагы сумкасын көчөгө таштай салып качууга аракет жасайт.

Ал эми орусиялык маалымат булактарынын кабарлоосуна караганда, шектүү аял милиция кызматкери текшере баштаганда, баштыгында жардыргыч зат бар экендигин, ресторанды жардырууга келгенин айтып кыйкыра баштайт. Аңгычакты жергиликтүү милиция кызматкерлери жана Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү окуя болгон жерге чакырылат. Тартип коргоо кызматкерлери баштык жаткан жерге жакын турган турак үйлөрдүн жашоочуларын коопсуз жакка чыгарышып, адегенде жардыргыч затты роботтун жардамы менен зыянсыздандырууга аракет жасашат. Мындай аракеттер натыйжасыз аяктаган соң, жардыргыч затты зыянсыздантуу үчүн атайын металл чопкут кийим кийген адисти чакыртышат.

Тилекке каршы, мындай аракет кайгылуу аяктады. Баштыктагы жардыргыч зат жарылып, чопкут кийим кийген кызматкер дароо жан берди.

Орусиянын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү кайгылуу окуяны мындан беш күн илгери Тушино аба майданына жакын жерде болгон террордук аракеттин уландысы катары карап, “колго түшкөн аялдын башка дагы шериктери бар” деген жоромолдорун айтышууда.

Ал эми “Интерфакс” маалымат агенттиги мындай жардырууну уюштурууга аракет жасаган аял - ингуш улутундагы чеченстандык айым, 22-жаштагы Зарима Мужихоева экендигин жана анын жолдошу чечен согушунда каза болгондугун кабарлады.

Ошентип, окуя кандуу аяктаганы менен Орусияда дагы бир ири жардыруу алдын алынды. Анткени, баштыктагы 400 грамм жардыргыч заттын кубаттуулугу эки килограммдык тротилланын кубатына барабар болгон.

Азырынча мындай жардыруу аракеттеринин жоопкерчилигин эч бир кылмыштуу топ мойнуна ала элек. Ал эми Орусия бийлиги соңку террордук аракеттер Чечен террорчулары тарабынан уюуштурулду жана алар эл аралык терроризм менен тыгыз байланышта деп эсептөөдө. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Тушино аба майданына жакын жердеги болгон жардыруудан соң сүйлөгөн сөзүндө баса белгиледи:

- Биз буга чейин деле Кавказдагы бандиттердин эл аралык террорчулар менен байланышы бар экендигине күмөн санаган эмеспиз. Ал эми соңку террордук жардыруудан соң биз Чеченстанда аракеттенген уюмдарды эл аралык террорчулар менен эле байланышы бар деп чектелбестен, аларды эл аралык террорчулардын ажырагыс бөлүгү же эң коркунучтуу бөлүгү катары кароого болот.

Орусияда соңку он күндүн ичинде ушуну менен эки жолу террордук аракеттер уюштурулду. Мындан беш күн илгери Москва шаарынын Тушино аэропортундагы рок-концерт болчу жайга кире бериш жерде уюштурулган жардыруудан кеминде 14 адам каза болуп, бир нече адам ар түрдүү деңгээлде жараат алышты. Учурда жарадар болгон 36 адам дагы эле Москванын ооруканаларында дарыланууда. Соңку маалыматтар боюнча, жарадар болгондордун он бешинин абалы өтө оор бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG