Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

ООГАНСТАН-ПАКИСТАН: ОРТОДО ОТ ЧЫКПАЙБЫ?


Ооганстандын лидери Хамид Карзай Пакистан президенти Первез Мушаррафка телефон чалып, шаршемби күнкү Кабулдагы окуя үчүн кечирим сурады. Бул күнү ооган борборунда миңдеген кишилер демонстрацияга чыгып, ”Пакистанга жана анын президенти Мушаррафка өлүм!” - деп кыйкырып, Кабулдун көчөлөрүндө жүрүштөрдү жасашты. Айрым демонстранттар Пакистан элчилиги жайгашкан имаратка кирип барып, тополоң салышты. Бул окуядан соң Исламабад Кабулдагы элчилигин убактылуу жапкандыгын билдирди.

Өткөн жекшембиде ооган-пакистан чек арасында куралдуу кагылыш чыккан эле. Эки тараптын армиясы өз ара үзүл-кесил ок жабылтышып, акырында артиллериядан аткылашканга чейин барышкан. Айрым маалыматтарда, Пакистан армиясы ооган жерине илгерилеп кирип барган да, ээлеген позицияларына чек ара мамыларын кагып, күзөт бекеттерин орното баштаган. Буга жооп кылып ооган армиясы ок ачканга аргасыз болгон.

Чек арадагы бул калаба Кабулда маалым болгон соң миңдеген адамдар көчөлөргө чыгышты. “Пакистанга өлүм! Пешаварга өлүм! Баскынчыларга өлүм!” - деп кыйкырган манифестанттар шаарда аркы-терки жүрүш жасап, аламандап жатышты. Алардын жоон тобу Пакистан элчилигинин аймагына кирип барышты жана имаратты таш бараңга алып, терезелерди талкалап салышты. Ооган полициясы жаалданган демонстранттарды араңдан зорго токтотту. Районго кошумча күчтөр тартылып келинди, элчиликтин имаратын тегерете курчап, катуу күзөткө алышты. Пакистан ошол эле күнү Кабулдагы дипломатиялык мекемесин убактылуу жаба тургандыгын билдирди.

Шаршемби күнү кечке жуук ооган лидери Хамид Карзай пресс-конференция өткөрүп, бул ишти катуу айыптады. Оогандыктар көз карандысыздыгын, территориялык бүтүндүгүн, асыресе, чек арасын коргогонго милдеттүү. Бирок, деп айтты Карзай, Кабулда биздин чет элдик конокторубузга, жогорку даражалуу дипломаттарга коркунуч келтиргендер бизге дос эмес, алар бизге кас адамдар. Мындай ишти ким уюштурса да, биз аны катуу айыптайбыз, деп билдирди Карзай.

Ооган лидери өзү Исламабадга, президент Первез Мушаррафка телефон чалып, жагымсыз окуя үчүн кечирим сурады. Анын соңунан Ооганстандын тышкы иштер министрлиги да ырасмий билдирүү таркатып, аламандаган демонстранттарды кескин айыптады жана Пакистандын тышкы саясий мекемесине үзүр сурап, кат жолдоду.

Пакистандын Кабулдагы элчиси Рустам Шах Мохманд өз кезегинде шаршембидеги тополоң үчүн бардык жоопкерчиликти ооган бийликтерине, айрыкча өкмөттөгү жогорку даражалуу чиновниктерге, анын ичинде Хамид Карзайдын өкмөтүнө жүктөдү. Алардын баары акыркы күндөрү Пакистанды экспанциялык аракеттери үчүн ачык айыптап чыгышкан эле. Өткөн ишемби күнү Карзай атүгүл чек ара райондоруна атайын кишилерин чаптырып, Пакистан армиясы ооган жеринде операцияларды өткөрүп жаткандыгын кабарлаган жергиликтүү уруу башчылардын маалыматтарын текшерип, чын-төгүнүн тактоону табыштаган эле. “Пакистан аскерлери ооган территориясына кирген жок, - деп айтты исламабаддык элчи Мохманд. - Эгер армия ооган чек арасына жуук райондорго келген болсо, анда муну АКШнын жана Ооганстан өкмөтүнүн өтүнүчү менен жасаган болуу керек”.

Ырасмий Кабулдун кечирим сураганына карабастан, байкоочулардын пикиринде, эки ортодогу мамиле кескин кыйгылдана түштү. Лахордо жашаган регионалдык белгилүү эксперт Ахмад Рашид ырастагандай, пакистан лидерлери Кабулдагы окуяны жакшы жышаанга жорушкан жок. Андан айрыкча түндүк-батыш провинциялардагы фундаменталисттик маанайдагы бийлик башчылары катуу кытыйып калышкансыды. Эми алар ооган жеринде дале тоо-талаада жойлоп-жортуп жүргөн талиптерге активдүү көмөк көрсөтө башташы мүмкүн. Эгер иш чындап ушуга жетсе, анда региондо кайрадан өтө опуртал кырдаал түзүлүшү мүмкүн, деп айтты Ахмад Рашид. Ал-каидачылар менен талиптердин чабылып-чачылгандан калган отряддары дал ушул райондорго топтолуп, күч жыйнап жатканы белгилүү. Алар такай пакистан тараптагы тайпа башчыларынын жардамына таянып келишкен. Кабулдагы окуядан соң алар мындай жардамды активдештирүү зарыл экендигине уруу башчыларын көндүргөнгө кошумча мүмкүндүк алышты.

Кырдаалга кыжаалат болуп, коңшулаш Иран дароо эле эки тарапты ортодо пайда болгон проблеманы жайчылык жолдор менен жөнгө салганга чакырды. Бирок ооган тышкы иштер министринин биринчи орунбасары Мухаммад Рахим Шерзай эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер абдан терең жана бекем экенин белгилеп, элчиликтеги окуя Кабул менен Исламабаддын арасына жарака сала албай тургандыгына ишендирди.

XS
SM
MD
LG