БИШКЕК. Өткөн жылдын биринчи жарымында Бишкек шаарында 3238 оор жана өзгөчө оор кылмыш жасалып, алардын ичинен 303ү ачылган. Урусат берилбеген 47 митинг өткөн. Акыркы 6 ай ичинде борбордо чет өлкөлүк жарандарга каршы 59 кылмыш жасалган, алардын 52си ачылган. 11 кылмыш чет өлкөлүктөр тарабынан жасалган. Соңку мезгилде Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн келчүлөрдүн саны көбөйүүдө. Өткөн жарым жыл ичинде Кыргызстанга 15 миңге жакын чет өлкөлүк жаран келген. Бул тууралуу «Кабар» улуттук агенттигиндеги маалымат жыйынында ички иштер министринин орунбасары Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди. Ал акыркы жарым жыл ичинде Бишкекте «Хизб-ут-Тахрир» диний уюму активдешкендигин айтып өттү. Соңку алты айдын ичинде «Хизб-ут-Тахрирдин» экстремисттик маанайдагы баракчаларын жана брошюраларын таратуу боюнча 7 факт катталып, 8 адамга кылмыш иши козголгон. Алардан 400 баракча табылган. Ал эми өткөн жылдын биринчи жарымында 2 адам кармалып, алардан 201 баракча жана 101 брошюра алынган.