Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:01

КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН КАТЧЫСЫНА КОЛ САЛДЫ ДЕП ШЕКТЕЛГЕНДЕР СУРАК БЕРИШҮҮДӨ


Ички иштер органдары акыркы мезгилде Кыргызстан аймагында болуп жаткан чуулгандуу бир катар кылмыштардын бетин ачты. Бирок, эларалык терроризмге каршы күрөшкө алардын каруусу толук жетпейт. Ошондуктан, өлкөнүн милиция кызматы Шанхай кызматташтык уюмунун, Шериктеш өлкөлөрдүн тартип коргоо кызматтарынын кызматташтыгына үмүт артат. Бишкек шаардык ички иштер кызматынын башчысы, министрдин орунбасары Кеңешбек Дүйшөбаев бейшембиде журналисттерге ушундай пикирин билдирди.

Кыргызстан аймагында бир жыл ичинде болгон чуулгандуу окуялар тартип коргоо органдарына сыноо болду. Кылмыштуу окуяларга жергиликтүү калк кооптонуу менен карашса, жарандык коомдор, саясатчылар мындай жагдайлар күч структураларынын жетиштүү иштебей жатышы менен байланыштырылып сыпатташууда. Айрыкча, «Оберон” соода борборундагы, Бишкек-Торугарт жолундагы окуялар, чет өлкөлүк ишкерлерге, кытайлык дипломатка, Коопсуздук кеңешинин катчысына, «Аламүдүн» базарынын директоруна кол салуулар кылмыштуулуктун ашынып баратканын эскертти. Ушундай жагдайларды эске алган Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны июлдун башында аяктаган жазгы сессиясында күч структурасы ишти натыйжасыз жүргүзүүдө деген баасын берди.

Тыянагын коомчулук айрыкча күткөн окуялардын бири - Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловдун өмүрүнө кол салуу фактысы болууда. Өткөн жылдын 6-сентябрында автоунаасына аскерий эки граната ыргытылган Ашыркулов жаракат алып, узак мөөнөт дарыланып чыкты. Жакында Бишкек шаардык ички иштер кызматы бул кол салууга тиешеси бар деп шектелген кыргызстандык жарандарды кармады. Ушуга байланыштуу кылмыш ишин териштирүүнү коопсуздук кызматы Бишкек шаардык ички иштер кызматына өткөрүп берди. Кармалгандар кимдер, канчоо, кылмыш кандай себеп менен жасалган деген суроолор жоопсуз калууда. Көп версиялардын катарында адегенде аталган террордук чабуулга байланышкан божомолду бүгүн бир да кызматкер атаган жери жок.

Бишкек милиция кызматынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, азыр кылмыштуу деп шектелип кармалгандар мыйзам чегинде суралууда жана алардын укуктарын адвокаттар коргоп жатышат:

- Айрым маалымат каражаттарында бирөөнү кармаптыр, күнөөнү оодарып атыптыр деген өңдүү маалыматтар жазылды. Бул бирөөнө оодара койчу иш эмес. Анын мааниси жана салмагы ушунча: кимдир бирөөгө оодара салуу мүмкүн эмес.

Кеңешбек Дүйшөбаев бейшембиде өткөргөн маалымат жыйынында тартип коргоо кызматы тарабынан Кыргызстанда жана башкалаада терроризмге каршы көрүлүп жаткан аракеттерге токтолуп, быйыл жылдагыга караганда кылмышка, анын ичинде терроризмге, кылмыштуулукка каршы күрөш ийгиликтүү жыйынтык берип жатканын айтты. Маселен, өткөн алты ай ичинде чет өлкөлүк жана жергиликтүү жарандар катышкан кылмыштардын изи чыкты. Чет өлкөдөн келген жарандардын тобу жасаган кылмыштар боюнча 32 эпизод такталды. Кыргызстан аймагында чет өлкөлүк жарандарга карата 59 кылмыш катталып, алардын 52 бети ачылды.

Бирок, дүйнө мамлекеттеринин баш орусуна айланган эларалык терроризмге каршы толук кандуу күрөшүүгө улуттук милициянын каруу-күчү толук жетпей жатат. Ошондуктан, Кыргызстан эларалык кылмыштуулукка каршы күрөштө Шанхай кызматташтык уюмунун шериктеш өлкөлөрдүн тартип коргоо органдарынын кызматташтыгына үмүт артат.

- Ички иштер органдарынын кызматкерлери «Дордойдогу», Ош шаарындагы акча алмаштыруучу жайдагы жарылууларды, чет өлкөлүк жана жергиликтүү жарандарга, анын ичинде Кытайдын тартип коргоо органдарынын миссиясына, дипломаттарга, ишкерлерге, уйгур диаспорасынын башчысы Баззаковго кол салуулардын бети ачылды. Булардын баары терракттар болчу. Мына ушундай мисалдар биз террордук акттарга каршы күчүбүздүн жетишинче иштеп атканыбыздын күбөсү.

Укук коргоочу Турсунбек Акун болсо жалпы ички иштер органдары сыяктуу эле Бишкек шаардык ички иштер кызматы жетиштүү иш алып барып жатканына коомчулук ишенбейт деген көз карашта. Анын айтымында, чуулгандуу кылмыштардан ачык-айрым тыянак чыккан жери жок. Ал эми болуп жаткан кылмыштуу окуялардын айрымдары бийлик талаштын кесепетинен да келип чыгып жатышы ыктымал:

- Азыр ушундай коркунуч келди: мына Ашыркуловго кол салды, Мааткабыловго кол салды, ал губернатордун биртууган агасы. Жакында ушинтип жүрө берсе Акаевдин өзүнө да кол салышы мүмкүн. Ушунун баарынын учундагы жип барып Акүйгө такалат. Анткени, президенттин айланасындагы көп командалар президент кызматтан кетет дегени бири-бири менен кармашып атышат, - дейт Турсунбек Акун.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG