Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:25

НАТОнун БАШ КАТЧЫСЫ РОБЕРТСОН КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛИП КЕТТИ


11-июлда НАТОнун баш катчысы Жорж Робертсон расмий иш сапары менен Бишкекте болуп, бир катар жолугушууларга катышты. Жолугушууларда эл аралык жагдай жана альянс менен Кыргызстандын кызматташтыгынын келечеги талкууланды. Кыргызстанга акыркы үч жылда экинчи ирет келген Жорж Робертсон президент Аскар Акаев менен кошо иш сапарынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрдү.

НАТОнун баш катчысы Жорж Робертсон Кыргызстанга алгач 2000-жылдын 6-7-июлунда келген. «Өткөн үч жылдан бери көп өзгөрүүлөр болду. Биздин өз ара мамлилелерибиз гана өзгөргөн жок», - деп билдирди Жорж Робертсон басма сѳз жыйынында. Өткөн үч жыл ичинде дүйнөдө терроризм, экстремизм, баңгизат соодасы өңдүү үрөй учурган коркунучтар пайда болду. Мындай коркунучту Кыргызстан Евразия, Атлантика өлкөлөрүнөн мурда сезди. 2000-жылкы Баткен окуясын эске салып, Робертсон ушундай пикирин ортого салды. Анын айтымында, Кыргызстан дүйнөлүк коркунучту терең түшүнүп, Ооганстанга тынчтык орнотуу багытындагы антитеррордук коалициянын аракеттерин колдоп, чоң иш жасады.

НАТО 2003-жылдын экинчи жарымынан тартып Ооганстандын коопсуздугун жана бейкуттугун коргоо милдетин өз мойнуна алууда.

- НАТО Ооганстандагы эле эмес, бүтүндөй региондогу стабилдүүлүккө жардамдашуу максатында Кабулдагы Коопсуздукка көмөктөшүүчү эл аралык күчтөр үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат, - деди Робертсон.

Бирок баш катчынын айтымында, «Майтарылбас эркиндик» операциясы менен Ооганстандагы аскердик элементтер үчүн НАТО жооптуу эмес. НАТО аскердик колдоого караганда, саясий жүктү көбүрөөк аркалоону көздөп жатат. Ошондой болсо да, анын оюнча, коалициянын аскерлери өз күчтөрүн операциялардын акырына чейин кармап турушу керек.

- Мен «ал-Каиданын» калдыктары менен күрөшүш үчүн аскер күчтөрүнүн тиешелүү саны сакталып тураарына ишенем. Биз дагы жагдайды эске алуу менен аскер күчтөрүнүн айрым бөлүгүн кармайбыз, - деди Робертсон.

Региондун коопсуздугун камсыз кылуу, дегеле НАТОго мүчө болбогон Кытай, Орусия өңдүү мамлекеттер менен кызматташуу багытындагы НАТОнун саясатына президент Аскар Акаев жогору баа берди:

- Мен НАТОнун Борбор Азия аймагындагы стабилдүүлүктү, коопсуздукту бекемдөөдѳгү, дегеле Евразия континентиндеги ролун жогору баалайм. НАТО биздин регионго коопсуздукту камсыз кылыш үчүн келээрин биз элестеткен да эмеспиз.

Робертсондун иш сапары маалында эл аралык мамилелерден тышкары эки тараптуу кызматташтыктын багыттары да талкууланды. Президент А. Акаевдин айтымында, терроризмге каршы биргелешип күрөшүүдөн тышкары коопсуз өнүгүү, чек аранын коопсуздугу кызматташтыктын артыкчылыктуу тармактары катары саналат. Он жылдан бери иштеп келаткан «Тынчтык үчүн өнөктөштүк» программасы улуттук аскер күчтөрүн реформалоого салым кошту. Анын алкагында ѳзгөчө кырдаалдар тармагынын ишмердүүлүгүн, экологиялык коопсуздукту чыңдоого колдоо көрсөтүлдү. Илимдер академиясынын базасында бир катар маанилүү илимий программалар ишке ашырылды. Робертсон менен бул жолку жолугушууда А. Акаев НАТОдон чек араны бекемдөөгө жардам сурады.

- Мен лорд Робертсонго ириде биздин чек араларды коргонуунун жаңы техникалык каражаттары менен жабдууну камсыз кылууну сунуш кылдым. Өлкө коопсуздугу чек араны бекемдөөдөн башталат. Чек араларды мина тосмолору менен эмес, өмүргө коркунучсуз электрондук алдыңкы каражаттар менен бекемдеш керек, - деди Кыргызстандын президенти.

Жорж Робертсондун иш сапарынын акырында Кыргыз Улуттук илимдер академиясы ага «ардактуу академик» наамын ыйгарды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG