БИШКЕК. 15-июлда Кыргызстанга Германия Бундестагынын экономикалык кызматташтык боюнча комитетинин депутат Маркус Лёнинг баштаган делегациясы келет. Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, делегация кыргыз-герман өкмөт аралык комиссиясы быйыл 15-16-майда Бишкекте талкуулаган эки мамлекет ортосундагы финансылык жана техникалык кызматташтык боюнча маселелерди дагы бир ирет тактап, соода-экономикалык мамилелерди чыңдоонун жолдорун кыргыз бийлик өкүлдөрү менен талкуулайт. Иш сапарынын учурунда германиялык делегация президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев менен жолугат.