Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

ЖОРЖ БУШТУН АФРИКА ӨЛКӨЛӨРҮНӨ БОЛГОН ИШ САПАРЫ ЖЕМИШТҮҮ БОЛДУ


Бакыт Аманбаев, Прага шаары http://gdb.rferl.org/8F5D36F1-CFAA-4DA4-8591-33AC649E038F_w203.jpg Ишемби күнү Кошмо Штаттардын президентинин Африка континентине болгон беш күндүк иш сапары соңуна чыкты. Визитинин соңку күнү Жорж Буш Нигерияда болуп, жыйынтыктоочу сөз сүйлөдү. АКШнын президентинин Африкадагы иш сапары тууралуу колдоого алган да, сындаган да пикирлер айтылууда.

Жорж Буштун Африка континентине болгон беш күндүк иш сапары Нигерияда соңуна чыкты. Иш сапары тууралуу жыйынтыктоочу сөзүндө ал келечекте АКШ Африка өлкөлөрү менен экономикалык байланыштарды чыңдап, кеңири жайылып бараткан СПИД илдети менен күрөшүүгө жана аймактагы коопсуздукту камсыз кылууга көмөктөшөөрүн билдирди:

- Биз сөзсүз түрдө бул континентте коопсуздукту камсыз кылышыбыз керек. Бир катар Африка өлкөлөрү терроризм коркунучунда турушат. Ошондуктан, АКШ алар менен жакындан иш алып барып, террорчулук менен күрөшүүгө жардам берет. Мен бул максатта Түштүк Африканын өкмөтүнө 100 милион доллар акча жардам берүүнү караштыруудамын.

Кошмо Штаттардын президенти беш күндүн аралыгында Сенегалда, Ботсвана, Уганда, Түштүк Африка жана Нигерияда болду. Иш сапары учурунда ал өлкө жетекчилери менен жана СПИД (AIDS) илдетине чалдыккандар менен жолугушуп, бул кылым илдетине каршы күрөшүү үчүн 15 миллиард доллар бөлүүгө жана континенттеги өлкөлөрдүн экономикасын көтөрүүгө көмөк көрсөтүүгө убада кылды.

АКШнын президентинин Коопсуздук маселелер боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс Жорж Буштун иш сапарынын мааниси жогору жана жемиштүү болду деген пикирде:

- Бул СПИД, жакырчылык жана башка гуманитардык маселелерди чечүүдө, ошондой эле Африканын ички мүмкүнчүлүктөрүн көтөрүү жагынан алганда да абдан натыйжалуу болду. Африканын ички мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланып, базар мамилелерин өнүктүрүү менен элет жериндеги жакырчылыкты жоюуга болот.

Ал эми айрым эл аралык байкоочулар Жорж Буштун Африка өлкөлөрүнө болгон иш сапары тууралуу кайчы көз-караштарын айтышууда. Анткени Жорж Буш 2000-жылкы президенттик шайлоого катышып жатканда, эгерде ал президент болуп шайланып калса, анда Африка менен болгон мамилелерге өзгөчө деле көңүл бурулбай тургандыгын маалымдаган:

- Президенттер улуттук стратегиялык кызыкчылыктарды өздөрү аныкташат. Африка, мүмкүн, маанилүүдүр. Менин оюмча, бул - америкалыктардын улуттук стратегиялык кызыкчылыгында эмес.

Чындыгында эле президент болгондон бери Жорж Буш тышкы саясатты жүргүзүүдө Африка өлкөлөрүнө өзгөчө маани бурган эмес. Негедир соңку мезгилдерде ал өзүнүн буга чейинки көз-карашын өзгөртүп, кайрадан Африка континентине көңүл бура баштады.

Мына ушул өңүттөн алганда, Жор Буштун иш сапары тууралуу эл аралык эксперттер түрдүүчө пикирлерин айтышууда. Маселен, Вашингтондогу Като институтунун Коргонуу жана эл аралык байланыш маселери боюнча вице-президенти Тед Гален Карпентердин оюнча, Жорж Буштун Африка өлкөлөрүнө болгон мамилеси АКШнын экономикалык кызыкчылыгы менен байланыштуу:

- Нигерия дүйнөдөгү мунай экспортко чыгаруучу сегиз өлкөнүн катарына кирет. АКШ Нигериядан көп өлчөмдө мунай алып турат. Жорж Буш Африка өлкөлөрүнөн өндүрүлгөн кара майдын агымын көзөмөлдөөнү өз колуна алууга кызыкдар.

Тед Гален мына ушул максатка жетүү үчүн Жорж Буш Нигерияга тынчтыкты сактоочу аскерлерин киргизүүнү көздөөдө деген пикирин кошумчалайт.

Ал эми айрым байкоочулар Жорж Буштун иш сапарынын башкы максаты “жашоо шарты оор, жакыр жашаган континенттин эли күчөп бараткан эл аралык террорчулуктун таасиринде калбашы үчүн бул өлкөлөргө жакындан жардам берүүгө багытталды” деген пикирди айтышса, айрымдары “Жорж Буш келээрки президенттик шайлоонун камын көрүүдө” деген оюн ортого салышууда.

Айтор, көпчүлүк серепчилердин оюнча, кандай болгон күндө да геосаясий маселелерде АКШнын башка өлкөлөргө болгон таасирин арттыруу жагынан да жана, түбү барып, Кошмо Штаттардын экономикалык кызыкчылыктарын канааттандыруу жагынан алганда да, Жорж Буштун Африка өлкөрүнө болгон иш сапары жемиштүү болду.

XS
SM
MD
LG