Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

АЗЕРБАЙЖАН: АТАСЫНА БАЛАСЫ АТААНДАШ


Азербайжанда быйыл күздө боло турган президенттик шайлоо алдындагы кырдаал, байкоочулардын ырастоолоруна ылайык, чатыраштай чаташа баштады. Гейдар Алиев ноокастап, кайрадан Түркияга ооруканага жеткирилди. Бу жагдай октябрдагы саясий башкы таймашта атасына атаандаш болуп, мамлекет башчысынын мандатын талашканы жаткан анын уулу Илхам Алиевдин мүмкүндүгүн бир жагынан тарытышы ыктымал. Ошол эле учурда оппозициядан президенттикке өтө эле көп талапкерлер чыкканы жатат. Мындай абал кичи Алиевдин саясий ооматын ашырышы ажеп эмес.

Быйыл майда сексен жылдыгын белгилеген Гейдар Алиевди өлкөдөгү башкаруучу “Яни Азербайжан” («Жаңы Азербайжан») партиясы үчүнчү мөөнөткө президенттикке көрсөттү. Андан көп аялдабай президенттин кичи мекени – Нахичеван автоном республикасы Алиевдин кырк бир жаштагы уулу Илхамды мамлекет башчылыгына кандидат кылып атады. Өлкөнүн борбордук шайлоо комиссиясы ага талапкер болуп катталганга ырасмий түрдө уруксат берди.

Бул Азербайжандагы жергиликтүү саясий элитанын өкүлдөрү тургай эл аралык эксперттерди да таң калтырды. Илхам Алиев өзү азырынча атасынан мандат талашкысы келбей турганын, кийин анын шайлоо штабына кошуларын айтып жатат. Президент Алиев болсо өз уулунун кандидат болуп көрсөтүлгөнүнө байланыштуу эч кандай пикирин билдирген жок. Бирок президенттин жардамчысы Рамиз Мехдиев оппозициялык ондогон талапкерлерге салыштырып караганда башкаруучу партиядан эки талапкер көрсөтүлгөнүн дегеле эрөөн-төрөөн иш эмес деп ырастады.

Мындай пикирге саясий эксперт, экс-депутат Назим Иманов караманча макул эмес. “Мен билгени, дүйнөлүк шайлоо тажрыйбасында ата-бала бир учурда атаандаш болгону дегеле кезиге элек иш”, - деп айтты Иманов. Мунун өзү, Имановдун көз карашында, бир жагынан азыркы Азербайжандагы бийликтин, экинчи тараптан Алиевдин жеке өзүнүн, анын үй-бүлөсүнүн нарк-насилин таасын көрсөткөн иш болду.

Гейдар Алиев президенттик бийликти ишенимдүү колго - өз уулуна тапшырып кеткиси келерин көптөн бери эле көмүскө да, ачык да каңкуу кылып жүргөн. Октябрдагы шайлоодо эми ошол планын ишке ашырганы жатат. Бакулук дагы бир эксперт Эйнулла Фатуллаев бул пландын технологиясын түшүндүрүп, Гейдар Алиев өзү “Яни Азербайжан” партиясынан, ал эми Илхам Алиев көз карандысыз кандидат болуп көрсөтүлүп жатканын белгиледи. Шайлоо жакындаганда же анын биринчи айлампасы аяктаганда Гейдар Алиев өз тарапкерлерин эч кандай партиянын таламын талашпаган өкүл катары өз уулуна добуш берүүгө чакырат болуу керек. Мурда Гейдар Алиев бир да ирет партиядан кандидат болгон эмес, тек көз карандысыз талапкер катары президенттик мандатты эки ирет утуп алган. Бул жолу ата-бала орун алмаштырышты – Гейдар Алиев бир кездеги өз тажрыйбасына салып, уулун бийликке алып келгени жатат. Фатуллаевдин прогнозу боюнча, бул пландын ийгилиги бир гана факторго багыныңкы, атап айтканда, шайлоого чейин Гейдар Алиевдин саламаттагы мүчүбөй турушу шарт. Болбосо Илхам Алиевге не административдик ресурс, не нахичевандыктардын колдоосу жардам бере албайт.

Жергиликтүү байкоочулар октябрдагы шайлоого оппозициялык партиялар да оголе көп кандидаттарын чыгарганы жаткандыгын көрсөтүшүүдө. Аларды бирдиктүү саясий блокко баш коштуруу аракеттеринен натыйжа чыкпады, дейт эксперт Назим Иманов. Алардын акыркы этапта бириге алары да күмөн. Талапкерлер барган сайын көбөйүүдө, алардан саны жыйырмага жетиши ыктымал. Мындай шартта оппозициялык күчтөр бытыранды болуп, бөлчөктөлүп-бөлүнүп калат, мунун өзү болсо өкмөттүн мүмкүндүгүн арттырат. Анын үстүнө Гейдар Алиевдин кланына теңтайлаш боло алар олбурлуу оппоненттердин баары сүргүндө жүрүшөт.

Парламенттин экс-спикери Расул Гулиев менен экс-президент Аяз Муталибовду шайлоого катыштырууну ырасмий Бакудан азыр Европа кеңеши талап кылууда. Аналитик Эйнулла Фатуллаев алардын кайтып келиши саясий кырдаалды бир топ өзгөртөт эле деп ишенет. Өзгөчө Нахичеванда туулган Гулиев автономдуу республикадагы шайлоочулардын бир жаатын Илхам Алиевден буруп кеткенге жарайт болчу. Бирок алар Гейдар Алиев бийликте турганда Азербайжанга кайтып келе алышпайт.

XS
SM
MD
LG