Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:40

КЕЗЕКТЕГИ «ТЕГЕРЕК СТОЛДОГУ» СҮЙЛӨШҮҮ БИЙЛИК МЕНЕН ОППОЗИЦИЯНЫ ЖАКЫНДАТА АЛАБЫ?


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Жыл сайын жайында бийлик менен оппозиция сүйлөшүү жүргүзгөнү бир столго отуруп, айрым чиелешкен маселелер боюнча бир пикирге келүүгө аракет кылышат. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында атайын документ кабыл алынат. Бирок ал документ иш жүзүнө ашабы же кагаз бетинде калабы - ал экинчи маселеге айланат. Келерки сүйлөшүүгө чейин эки тараптын тирешүүсү улана берет. Мына ошондой «тегерек столдогу» жолугушуу 12-июлга белгиленип, бирок белгисиз себептер менен бир жумага артка жылдырылган. Эми 19-июлда болуучу сүйлөшүүгө бийлик менен оппозиция кандай маселелерди сунуш кылууда?

Бийлик менен оппозициянын ортосундагы былтыркы сүйлөшүү коомчулукту көп нерседен үмүттөндүргөн эле. Анткени сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, Аксы окуясынан кийинки коомдук чыңалууну бир топ басаңдаткан. Эл аралык уюмдар, жалпы эле дүйнөлүк коомчулук Кыргызстанга карата кайрадан үмүт байлап, ишеним жаралган. Бирок, айрым аналитиктер Конституциялык Кеңеш тарабынан иштелип чыккан Башмыйзамга толуктоолор жана түзөтүүлөр Эксперттик топ тарабынан башкача өң-түскө ээ болгонун, референдум алдында эл кыдырган мамлекет башчысы «мындан ары оппозиция менен бир столго отурбай турганын» улам-улам айтканынан улам ортодо кайрадан ишенбөөчүлүк пайда болгонун эскеришет. Өткөн жылы оозу күйгөн оппозиция өкүлдөрү ошондон улам алдыдагы «тегерек столдун» алдында өз ара сүйлөшүп, жаңы сунуштар менен барууну эп көрүштү. Укук коргоочу Турсунбек Акундун айтканына караганда, бул жолу оппозиция мурдагыдай куру сөз, курулай сын менен эмес, конкреттүү сунуштар менен бармакчы.

- 19унда боло турган «тегерек столго» өзүбүздүн талаптарыбызды иштеп чыктык. Ал талаптар: партиялык тизмени киргизүү, сотторго бир жактуу мораторий жарыялоо, Феликс Куловду бошотуу сыяктуу талаптар. Эгер ушул талаптарыбызды бийлик аткара турган болсо, же сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк боло турган болсо - анда биз сүйлөшүүгө барабыз. Аткарбаса - баруунун эч кандай кажети жок. Анда баарыбыз барбай коёлу деген ой болуп атат, - дейт Турсунбек Акун.

Бирок, бийлик тарап оппозициянын мындай талаптары менен азырынча макул эмес. Бийлик өкүлү Болот Жанузаков «мындай «тегерек столдогу» сүйлөшүүдө эки тарап бири-бирине талаптарды койбой, маселенин түпкү себептерин түшүнүүгө аракет кылышса дурус болоор эле» деген пикирде.

- «Тегерек столдун» мааниси саясый пикир алмашуунун алкагында болгону дурус го деп түшүнөм. Кеп талап коюшта эмес. Кеп ушул маселенин негизи эмнеде? Ошону кандай жол менен чечсе туура болот? Кеп мына ошондо го деп ойлойм, - дейт Болот Жанузаков.

Оппозициянын талаптарына макул болбогон бийлик, алдыдагы «тегерек столго» негизги үч маселени сунуш кылууда. Ал тууралуу Болот Жанузаков буларды айтты:

- Эң биринчи маселе - бул «саясий партиялар жана коомдун өсүшү» деген теманын тегерегинде болот. Экинчиси - «Оорчулукту, кыйынчылыкты, чечилбей аткан маселени чечүүдө, мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга ушул бейөкмөт уюмдардын кошкон салымы кандай болушу керек?» деген маселенин тегерегинде болмокчу. Үчүнчүсү - маалымат каражаттары менен бийликтин ортосундагы мамиле, элдин ортосундагы мамиле жана массалык маалымат каражаттарынын жоопкерчилиги. Мына ушул үч маселенин тегерегинде талкуу жүрмөкчү.

Көпчүлүк эксперттер алдыдагы «тегерек столдогу» сүйлөшүү ортодо кандайдыр-бир ишеним жаратаарына, жарандык коомдун өнүгүшүнө салым кошооруна анчалык ишене беришпейт. Оппозиция өкүлдөрү бийликтин мындай сунуштары бир караган адамга өтө олуттуу маселе катары көрүнөөрүн, ал түгүл эл аралык уюмдар да бийликтин мындай кадамын колдоого алышаарын, бирок мындай аракет дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн алагды кылуу амалында гана жасалып жатканын айтышууда. Жакында эле Батышта болуп кайткан «А. Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын жетекчиси Азимбек Бекназаров буларды кошумчалады:

- Июль айында Европарламентте, Евросоюзда биздин президенттин отчету угулаарын да билдик. Эми түшүнүктүү да: Европада расмий бийликтин айтканына алар ишенет экен. Алдап коюу, жалган маалымат берүү деген түшүнүк аларда таптакыр жок экен.

Депутат Азимбек Бекназаров айткан пикирди оппозиция өкүлдөрү бышыкташып, «бул «тегерек столдогу» сүйлөшүү - мамлекет башчысы Аскар Акаевдин Европага иш сапары үчүн гана жасалып жаткан саясый акция» деп эсептешет. Ошондуктан алар бул сүйлөшүүдөн кандайдыр-бир майнап чыгаарына ишене беришпейт. «Болгону Батыштан саясый упай алыш үчүн гана бийлик ушундай кадамга барууда» деп эсептешет оппозиция өкүлдөрү.

XS
SM
MD
LG