Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

ИРАКТЫН БАШКАРУУ КЕҢЕШИНИН СҮРҮ ЧЫНЫНДА ЭЛЕ КАТУУБУ ЖЕ…


Бүбүкан Досалиева, Прага http://gdb.rferl.org/2082FFCE-3991-46F0-BB69-C4FD5BD32925_w203.jpg Ирактын Башкаруу кеңеши өткөн жекшемби күнү алгачкы жыйынын өткөрүп, өзүн өткөөл мезгилдеги өкмөт деп жарыялаган. Тутуму 25 адамдан турган кеңеш Ирактын мындан аркы келечек тагдырына нук сала турган маселелерди карап, олутттуу чечимдерди кабыл алууга бет алды. Бирок кеңеш мүчөлөрү абалды жөнгө салып турган чет элдик аскерлер маселесин жана кеңештин укук-милдеттерин аныктоодо бир пикирге келе албай жатат. Ушундан улам Башкаруу кеңеш бара-бара кара күчкө эле сүр көрсөткөнгө маш уюм болуп калабы деген ойлор айтыла баштады.

Ирактын Башкаруу кеңеши алгачкы жыйынында ар тармак боюнча өз алдынча иш алып бара турган үч комитетти түзүп, Саддам Хусейндин доорундагы расмий майрамдардын баарын жокко чыгарды. Андан тышкары Бириккен Улуттар Уюмуна өкүл жиберүү боюнча добуш беришти. Уюштуруу иштери боюнча бир катар чечимдерди кабыл алды. Ага ылайык дүйшөмбү күнү кеңешке төрага ким болору аныкталып, ал шайланмак. Кеңештин басма сөз катчысы Хошайа Зебаринин айтымында, бирок, бул маселе кийинки мөөнөткө калды. Буга кеңеш мүчөлөрүнүн Иракта демократиялык шайлоо өткөрүлгөнчө коалициянын аскерий күчтөрү Иракта калабы же жокпу деген маселе боюнча бир пикирге келе алышпаганы башкы себеп болду. Ошон үчүн алар Ирактагы бардык топ жетекчилери менен АКШнын бийлиги ортосунда сүйлөшүү жүргүзүү зарыл деген ойго токтолушту.

Андан тышкары “Башкаруу кеңеши шайлоо жолу аркылуу менен түзүлбөгөндөн кийин мыйзамдуу күчкө ээ эмес” деген катуу сындын айтылышы пикир келишпестикке түрткү болду. Мындай сын Багдаддын батышындагы Казимия деген жерде шиийилердин белгилүү инсаны Ахмед ал-Валини акыркы сапарга узатуу маалында катуу айтылды. Казимия шиийилер көп жашаган аймак жана Ахмед ал-Вали сүргүндөн өз Мекенине кайтып келгенден кийин бир жумадан кийин анда көз жумган. Мындай сынды шиийилердин Нажаф шаарындагы өкүлдөрү да дүйшөмбү күнү айтышып, кеңеш кабыл алып жаткан чечимдерге таптакыр эле каршы экендиктерин жарыя кылышты.

Бул - Иракта демократиялуу башкарууну киргизүү оңойго турбастыгын жана ал үчүн Ирактагы бардык улут өкүлдөрү да, БУУ да, коалиция жетекчилери да көп жан үрөшү зарыл экендигин айгинелөөдө. Анан калса, буга Саддам Хусейндин 35 жылга созулган өзүм билемдик саясатынан жүрөгү үшүгөн ирактыктардын өздөрү да даяр эместиги кошумча болууда.

Анткен менен Башкаруу кеңешинин ишке киришин дүйнө, анын ичинде, араб коомчулугу жактыруу жана көп үмүт артуу менен кабыл алды. Тутумуна 57 мамлекет кирген Ислам конференциясы уюму дүйшөмбү күнү болгон жыйынында кеңештин ишке киришин “көз карандысыз мамлекетти түзүүдөгү алгачкы кадам” деп баалап, ал “жер жүзүндөгү бардык улуттардын колдоосуна ээ боло тургандыгын” жарыя кылды. Мындай пикирди кеңештин мүчөлөрүнүн өздөрү да айтып жатышат. Ал тууралуу Улуттук Конгресстин басма сөз катчысы Энтифадх Канбар мындай дейт:


- Биз тарыхты жасоого күбө болуп жатабыз. Бул Саддамдын бийлигинен кийинки алгачкы өкмөт болуп калмакчы. Ирактыктар өлкөнүн саясий процессине алгачкы ирет түздөн-түз катышып жатышат. Бул адам укуктары менен демократияны урматтаган, башка дүйнө менен конструктивдүү байланыштарды алуу менен курулуп жаткан жаңы Ирак мамлекетинин түзүлүшү болуп саналат.

Ал эми эл аралык байкоочуларды Ирактын келечегин түптөөдө бул кеңеш ойной турган рол катуу ойго салууда. Лондондо жайгашкан экономикалык иликтөө борборунун Жакынкы Чыгыш жана Африка бөлүмүнүн аналитиги Нейл Патриктин баамында, азыр кеңеш эч кандай чечүүчү күчкө ээ эмес. Анткени, ал министрлерди, анын ичинде мунайды тескөөчү министрди дайындабагандан кийин эч кандай күчкө ээ боло албайт. Ушундан улам ал кеңеш берүүчүлүк гана милдетти аткарып калышы мүмкүн. Ал тууралуу Нейл Патрик мындай дейт:

- Менин оюмча, алгачкы учурда ал АКШнын ал жердеги элчиси Бремер менен өтө жакын иштешүүсү зарыл. Андан кийин ал кеңеш берүүчүлүктөн жогорураак милдеттерге жетишүүсү мүмкүн.

Башкаруу кеңеши бир нече айга созулган талкуудан жана АКШнын убактылуу администрация башчысы Пол Бремер менен абройлуу 7 саясий партиянын тандоосунан кийин түзүлгөн. Ага карабастан кеңеш мүчөлөрүнүн ортосунда кеңештин укук-милдеттерин аныктоодо жана коалициянын аскер күчтөрүнө баа берүүдө карама-каршы көз карашта болуп жатышат. Мына ушул жагдай да кеңештин жөн эле сүр көрсөтпөй, чечкиндүү чечимдерди кабыл алып, толук кандуу иштешине кедергисин тийгизүүдө, - дешет серепчилер.

XS
SM
MD
LG