Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:39

ИРАН: ЖУРНАЛИСТТЕРДИ КАМОО КӨБӨЙДҮ


Баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Чек арасыз репортерлор" уюму Иранда эркин журналисттерди камоо көбөйгөнүнө терең тынчыздануу билдирүүдө. Аталган эл аралык уюм ошондой эле теги ирандык, бирок Канаданын атуулу болгон фотожурналист Захра Каземинин абактагы өлүмү боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү, анын сөөгүүнү Канададагы жакындарына кайтарылып берилишин талап кылып жатат.

"Чек арасыз репортерлор" уюмунун маалыматына караганда, учурда Ирандын түрмөлөрүндө 22 калемгер бар. Алардын 14ү соңку бир айдын ичинде камалды. "Чек арасыз репортерлор " муну менен Иран журналисттерди абакка салуу жагынан мурдагыдан да күчөп кетти деп эсептейт.

Калемгерлердин абакка түшүшүндөгү башкы жүйөө - алар макалаларында расмий бийликтин саясатына төп келбеген көз караштарды бергени, өлкөдө саясий реформалар жүргүзүлүшүн талап кылган демонстрацияларды чагылдырышканы. Маалыматтарга караганда, жакындагы саясий акцияларга катышкан студенттердин 4 миңдейи да кармалган. Абакка түшкөн журналисттердин акыркы бешөөсү 11-12–июль күндөрү үйүнөн, көчөдөн же жергиликтүү прокуратурага чакыртылып, камакка алынышкан. Камоолор менен катар Тегеранда 11–июлда теги ирандык, бирок Канаданын да атуулу болгон фотожурналист Захра Каземи абакта каза тапканы маалымдалган эле.

"Чек арасыз репортерлор" уюму фотожурналисттин өлүмү боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүлүшүн көздөөдө. Уюм Иран президенти Мохаммед Хатаминин бул боюнча өлкө бийликтерине берген буйругун кубаттады, бирок иликтөөнүн адилет болорунан шек санайт. "Чек арасыз репорторлердун" Канададагы бөлүмүнүн башчысы Таня Черчмач мындай дейт:

- Иран өкмөтүнүн өзү иликтөө жүргүзөөрүн айтып жатканы, балким, туура кадамдыр. Бирок бизге ,"Чек арасыз репортерлор" уюму үчүн бул жетишсиз. Бул Монреалдын полиция бөлүмүндө каза тапкан адамдын ишин ошол Монреалдын полициясы тергейт дегенге барабар. Бул - оң жол эмес. Болгон окуяга тиешеси жок сырткаркы, көз карандысыз тараптын иликтөөсү талап кылынат.

Маркум Захра Каземи Иранга журналисттик иш менен июндун соңунда келген экен. Ал Тегерандагы түрмөлөрдүн бирин сүрөткө тартып жаткан кезинде кармалган. Кийин абакта сурак берген кезинде катуу токмок жегендей. Түрмө ооруканасына эс-учун жоготуп түшүп,ошол жерде көз жумуп олтурат. Азыр Захра Каземинин жакындары, кесиптештери анын сөөгүн Ирандан өткөрүп алуу үчүн аракеттенүүдө. Себеби Захра Каземи теги ирандык болгондуктан жергиликтүү бийликтер ал өз мекенинде жерге коюлаарын билдиришкен. Журналисттин уулу Стефан Хашеми:

- Мен иран бийликтерине энемди кыйнап, мерт кылып, суроо-талаптарыма жооп бербей туруп, мага көңүл айтуу жибербей эле койгула дедим. Канаданын тышкы иштер министри энемдин сөөгүнүн алынып келиниши үчүн колдон келгендин баары жасалаарына ишендирди.Мен азыр энемдин сөөгү кайтарылып берилишин күтүп, калган аракеттерди ушул жактан жасоону көздөп жатам.

Маркум Захра Каземинин сөөгүнүн Канададагы туугандарына берилишин иран бийликтеринен "Чек арасыз репортерлор" уюму да талап кылууда. Мунун аралыгында ирандык интеллигенттердин жоон тобу, 350дөй адам шейшемби күнү өлкөнүн диний көсөмү аятолла Али Хаменейиге ачык кат жолдошуп, исламчыл режимдин репрессиячыл саясатын токтотууга үндөштү. Кат авторлорунун пикиринде, башкаруунун авторитардык ыкмалары, диссиденттер менен демократиянын жактоочуларын куугунтуктоо өлкөдө кризисти гана тереңдетет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG