Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

РАСМИЙ ТЕГЕРАН ФОТОЖУРНАЛИСТ КАЗЕМИНИН КЕЛТЕК ЖЕП КАЗА БОЛГОНУН ЫРАСТАДЫ


Расмий Тегеран теги ирандык, бирок бир эле кезекте Канаданын да атуулу болгон фотожурналист Захра Каземи келтек жегендин натыйжасында каза тапканын моюнга алды. Канаданын дипломатиялык кысымы астында иран бийликтери журналисттин өлүмү боюнча иликтөө жүргүзүүгө мажбур болушкан эле. Ал эми баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Чек арасыз репортерлор" уюму Иранда эркин журналисттерди камоо көбөйгөнүнө терең тынчыздануу билдирүүдө.

54 жаштагы фотожурналист, маркум Захра Каземи Иранга Канададан 23-июнда келген экен. 26-июнда Тегерандагы түрмөлөрдүн бирин сүрөткө түшүрүп жаткан кезинде камакка алынган. Өткөн аптада ал абакта эс – учун жоготуп койгондон кийин ооруканага жеткирилип ,ошол жерде каза тапканы кабарланган болчу. Маркум Захра Каземини ооруканадан көрүп калууга үлгүргөн ирандык туугандары менен достору анын өңүнөн уруп-сабалгандыктын белгиси байкалып турганын маалымдашкан эле. Канада өкмөт тарабынан жасалган дипломатиялык кысымдын аркасында Ирандын президенти Мохаммед Хатами жекшемби күнү өлкө бийликтерине журналисттин өлүмү боюнча иликтөө жүргүзүүнү тапшырган. Шаршембиде өлкөнүн вице-президенти Мохаммед Али Абтахи кабарчыларга саламаттыкты сактоо министрлигин иликтөөсү Захра Каземи токмоктолуп жана анын натыйжасында мээсине кан куюлуп, каза тапканын билдирди. Бул билдирүүнү улай ирандык студенттердин "ИСНА " жаңылыктар агенттиги президент Хатами өлкөнүн юстиция жана маалымат министрлерине журналисттин өлүмү боюнча иликтөөлөрүн тездетүүнү талап кылганын кабарлады.

Айтор, Тегерандын бүгүнкү жарыясынын маркум фотожурналист Захра Каземинин иши боюнча буга чейин орун алып келген талаштарга кандай таасир берери азырынча белгисиз. Анткени, Канаданын өкмөтү,Захра Каземинин бул жактагы уулу, "Чек арасыз репортерлор "уюму маркумдун сөөгү Канадага жиберилишин талап кылып жатышкан. Алардын мындагы максатынын бири - журналсттин өлүмүнүн себептерине көз карандысыз иликтөө жүргүзүү эле. Журналисттин уулу Стефан Хашеми мындан эки күн мурда буларды айткан :

- Мен иран бийликтерине энемди кыйнап, мерт кылып, суроо-талаптарыма жооп бербей туруп, мага көңүл айтуу жибербей эле койгула дедим. Канаданын тышкы иштер министри энемдин сөөгүн алынып келиниши үчүн колдон келгендин баары жасаларына ишендирди.Мен азыр энемдин сөөгү кайтарылып берилишин күтүп, калган аракеттерди ушул жактан жасоону көздөп жатам.

Ал эми Тегеран бийликтери маркум Захра Каземинин сөөгү Ирандагы энеси каалагандай түпкү мекенинде жерге коюлаарын билдиришкен.
Иши кылып, Захра Каземи саясий реформаларды талап кылган жакындагы демонстрацияларды улай, Иранда эркин журналисттерге каршы жүргүзүлгөн кампаниянын курмандыгы болуп калды. Баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Чек арасыз репортерлор" уюмунун маалыматына караганда, учурда Ирандын түрмөлөрүндө 22 калемгер бар. Алардын 14 соңку бир айдын ичинде камалды. "Чек арасыз репортерлор " муну менен Иран журналисттерди абакка салуу жагынан мурдагыдан да алдыга кетти деп эсептейт.

Калемгерлердин абакка түшүшүндөгү башкы жүйөө - алар макалаларында расмий бийликтин саясатына төп келбеген көз караштарды бергени, өлкөдөгү саясий нааразылык акцияларын чагылдырышканы. Абакка түшкөн журналисттердин акыркы бешөөсү 11-12 –июль күндөрү үйүнөн,көчөдөн же жергиликтүү прокуратурага чакыртылып, камакка алынышкан. Шаршемби күнү камактагы калемгерлердин саны дагы эки көбөйгөнү белгилүү болду. Тегерандан келген кабарларга караганда жергиликтүү маданий журналдарда иштеген эки журналист кийими шарияттын эрежелерине ылайык келбеген киноактрисанын сүрөтүн жарыялашканы үчүн айыпталып, абакка түшүшкөн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG