Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

ООГАНСТАН - ПАКИСТАН ЧЕК АРАСЫНДАГЫ КЫРДААЛ


Ооганстан менен Пакистан ортосундагы чек арада анда-санда ок атышуулар учурап жатат. Чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн америкалык, пакистандык жана оогандык аскерий өкүлдөрдөн куралган атайын комиссия түзүлдү. Байкоочулар бул аймактагы кырдаалдын курчуп кетишин бир катар маселелер менен байланыштырып жатышат.

Талибан режиминен арылып, атуулдук согуш оту жаңы эле өчкөн Ооганстан үчүн ушул тапта дагы бир чатакка туш болуу ылайыксыз, - деп эсептешет эксперттер. Тилекке каршы, ошондой жаңжалдын очогу Пакистан менен чектеш Нангархар вилайетинде пайда болду. Маселе, бир четинен, чек аранын так болбогондугуна байланыштуу. 1893-жылы Лондон тарабынан Британдык Индия менен Ооганстанды бөлүүчү Дюрран сызыгы аныкталган. 1947-жылы Индия жиктелип, Пакистан мамлекети пайда болгондо, Кабул аны менен болгон чек араны таануудан баш тартып, чекти 40 чакырымга чыгышыраакка жылдруу керек деп эсептеп келет. БУУ ооган карталарын колдонуп жүрсө, АКШ жана Россиянын аскердик карталары Дюрран сызыгын эске алуу менен түзүлгөн.

Айрым маалымат агенттиктери Пакистан аскерлери апрел айынан бери ооган жерине кол салып келатат деген Кабулдун айыптоолорун төгүнгө чыгарып келатканы менен, чек ара аймагында кез-кезде чакан салгылашуулар орун алып жаткандыгы айкын болду. Эки жумадан бери Якуби кыштагына жакын жерде ок атышуулар токтобой келатат. Оогандык командачы генерал Мустафа Ишакзай Пакистан позицияларына 300 миномет снаряды атылды деп, каршы тарап болсо 3 миңдей снаряд менен жооп кайтарганын кошумчалайт.

Вашингтон менен Исламабад Ооганстандан качып, Пакистанда жашырынып жүргөн талиптердин чек арадан өтүүлөрүн токтотуу максатында биргелешкен атайын операция жүргүзүшкөн эле. Бирок генерал Первез Мушарраф учурдан пайдаланып, киши жашабаган, маңзаттардын кан жолу болуп эсептелген Мохманд өрөөнүн басып алууга аракет жасоодо.

Ооган армиясындагы курал-жарактын жетишсиздигин, жоокерлердин тартыштыгын, алардын начар тамактангандыгын эске алсак, мыкты куралданган, машыккан Пакистан аскерлерине көпкө туруштук бере алаары күмөн. Генерал Ишакзайдын айтымында, анын кол астындагы аскерлер талиптер өлкөдөн куулгандан бери маянасын алыша элек. Ошентсе да, ооган жоокерлери согушууга даяр экендигин билдиришет. Ал тургай, чек арадагы талаштуу тилке болуп эсептелген Туткай кыштагынын аксакалдары 600дөй жергиликтүү тургунду пакистандыктарды сүрүп чыгыш үчүн жиберишкен. Алардын көптөрү салгылашуулар учурунда окко учушту.

Ооган президенти Карзай да 17–июлда “Дэйли Телеграфка” берген маегинде: “Пакистан Ооганстанга каршы агрессиясын жана чек арадагы экстремисттердин чабуулдарын токтотушу зарыл. Биз унчукпастан, карап отура бербейбиз”, - деп айтты.

Ал эми 8-июлда Пакистан аскерлеринин ооган жергесине кирип келүүлөрүнө нааразы демонстанттар коңшу өлкөнүн Кабулдагы элчилигин талкалап, бейбаштыкка барганын маалымдаган элек. Инциденттен кийин президент Карзай өкүнүчүн билдирип, мындай деген эле:

- Ооган эли өзүнүн эгемендигин, аймактык бөлүнбөстүгүн жана чек арасын коргойт. Бул жерде да, баш калаада, оогандыктар биздин чет мамлекеттик конокторубузду, дипломаттарды коргошот, жакшы мамиле жасашат. Мындай ишке баргандар Ооганстандын достору эмес. Аларды биздин душмандар деп атайт элем. Биз бул кол салууну терең айыптайбыз.

Үч жумадай убакыттан бери өз аскерлерин ооган чек арасына топтой баштаган Исламабад кандай максатты көздөйт? “Силер бул жерде эмне кылып жүрөсүңөр?”- деген Туткай аксакалдарынын суроосуна пакистандык аскерлер: Чек араны “ал-Каидачылардан” коргоо үчүн келдик, - деген жообун узатышкан эле.

Айрым аналитиктер бул жерде суу маселеси негизги экенин белгилешет. Дүйнөдөгү апийимдин бештен бир бөлүгү дал ушул Нангархарда өсөт. Баңгизатка каршы багытталган эл аралык долбоорлор боюнча, маңзаттарын түп тамырынан жок кылыш үчүн дамбалар орнотулуп, Кабул менен Конар дарыяларынын суусу сугатка жана электр кубат алууга пайдаланылмакчы. Демек, кургакчылыктан жабыр тартып келген Пакистан үчүн суу тартыштыгы коркунучу пайда болмокчу. “Экономист” журналынын жазышынча, вилайеттеги кырдаалды туруксуздаштыруу аркылуу дамбалардын курулуусуна бөгөт түзүлөт.

АКШнын Кабулдагы расмий өкүлдөрү шейшембиде шашылыш жыйынга чогулуп, чек арадагы кырдаалды жөндөө үчүн америкалык, пакистандык жана оогандык аскерий адистер кирген үч тараптуу комиссия түзүлдү. Аталган топ жаңжал очогуна ушул дем алыш күндөрү барат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG