Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:48

КАРАСУУДАГЫ ЧЕК АРА ОКУЯСЫНЫН ЧОО-ЖАЙЫ


Кожогелди Култегин, Ош «Азаттыктан» кабарлангандай, 16-июль күнү кечке таяп Карасуу шаарында өзбекстандык чек арачынын аткан огунан Кыргызстандын атуулу, 21 жаштагы Үркүнбаев Адылжан каза тапты.

Балакеттин баарысы Кыргызстандын Карасуу шаары менен Өзбекстандын Карасуу шаарын байланыштырчу көпүрөнү Өзбекстан буздуруп таштаганынан чыгып отурат. Айрыкча өзбекстандыктар тирилигин өткөрүш үчүн Кыргызстанга каттап турууга өтө муктаж. Андыктан аларды Шааркансай дарыясынан ары-бери өткөрүп, ал кызматы үчүн акы алуучу мыйзамсыз топтор пайда болгон. Алар кыргызстандыктар. Жыйып алма, жасалма көпүрөлөрдүн ээлери. Маркум Үркүнбаев Адылжан да достору менен жасалма көпүрөсүн дарыянын үстүнө коё коюп тирилик кылчу экен. Анын кантип өлүмгө дуушар болгондугу тууралуу досу Жолчиев Низам баяндап берди. Өзбекстандан келген беш аялды ары Өзбекстанга өткөрүп, бирок ал жактагы чек арачы солдаттарга акча бербей койгондугу үчүн алар өчөшүп калышат. Кардар күтүп Кыргызстандын чегинде топтошуп отургандарды адегенде өйүздөгү төрт аскер өздөрү качырыптыр.

- Бардык балдар түнкү салкында уктап жатышкан, эки киши карта ойноп отурушкан. Аскер келгенин байкабай калыппыз. 7-8 киши отурганбыз. Ошол жерден таш атып баштады. Алар Өзбекстан тараптан атты, биз Кыргызстанда отурганбыз. Менин оозума таш тийип, оозум канап кетти. Жанымдагы шериктериме да таш атты. Досум Үркүнбаев Адылжан уктап жаткан эле. Эч кандай эскертүү берген жок, огу жок патрон, анан кадимки согуштук патрон менен Кыргызстанда турган баланы атты, - дейт Жолчиев Низам.

- Жалгыз ок салынган автомат менен атып салыптыр да?

- Атып салып, алар качып кетишти.

Анан ок жеген Үркүнбаев Адылжанды машина таап, ооруканага алып барышат. Бараары менен ал каза болуптур. Жолчиев Низамдан «Аркы өйүздө, Өзбекстандын чегинде турган аскерди тааныйсыңбы?» деп сурадык.

- Көрсөм тааныйм. Атын билбейм.

Ал эми маркум Үркүнбаев Адылжандын агасы Калимжан мындай талаптарын айтты:

- Ошону таап беришсин. Соттошсун. Бекер, жөндөн-жөн атып салганы үчүн. Ордунда өлтүрүп коюптур. Милицияга арыз бердик. Бүгүн экинчи күн. Болбосо башка жакка барып арызданабыз. Кыргызстанга адам керек эмеспи? Өзбекстанда жүргөндө атып кетип атса болбойт да.

Бул кайгылуу окуяга Карасуу шаар башчысынын орун басары Адылбек Абдыкапаров төмөндөгүдөй баа берди:

- Бул окуя кандай болуп, эмне себептен келип чыкканы боюнча компетенттүү органдар иш жүргүзүп атышат. Бирок, мен өзүм инсан, ушул шаардын тургуну катары айтсам, бул иш натуура болду. Ок атуунун эрежеси бар, кайсы маалда атыш керек, асманга атабы, өзгөчө учурларда бутуна атабы… Айтор ѳлтүрө атканы акылга сыйбай турган иш. Эми кийин кайра мындай чыр-чатак болбошу үчүн, биз андай жасалма көпүрөлөрдү алып салыш керек экендигин элге түшүндүрүп жатабыз.

Кыргызстан тарап Үркүнбаев Адылжанды атып өлтүргөн аскерди жазалоо өтүнүчү менен Өзбекстанга кайрылган. Алардын адатынча тоготуп койгон түрү сезилбейт. Ош облустук ички иштер башкармалыгына ал жактан «кызматтык иликтөө жүргүзүп жатабыз» деген куш тилиндей жооп кат келди.

XS
SM
MD
LG