Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

ИРАКТА ШИЙИЛЕР КӨТӨРҮЛГӨНДӨН КИЙИН АБАЛ ООР


Жаңыл Жусубжан, Прага шаары. Апта соңунда Иракта АКШга ынтымакташ күрттөрдүн аймагында эки америкалык аскер окко учту. Аларга каршылык көрсөтүү АКШга кастарын тиккен борбордук сунний аймактарынан сырткары да тарай баштадыбы деген кооптонууну жаратты. Анын аралыгында, АКШнын аскер киргизишин колдогон шийилердин таасирлүү лидерлеринин бири америкалык баскынчылыкты айыптап, өздүк армиясын түзүүгө киришти.

Бүгүн (жекшембиде) Түндүк Ирактагы бир кол салуудан улам эки америкалык аскер набыт болуп, дагы бирөө жараат алды. Ошону менен Иракта согуш аракеттери башталган 20-марттан бери АКШ армиясынын жоготуусу 151 жоокерге жетти.

Коалициялык аскерлерге кол салуу, негизинен, баш калаа Багдаддан түндүктө жана батышта, Саддам Хусейнге колдоо күчтүү болуп келген сунний аймактарында жасалып келген. Ал эми соңку чабуул бул аймактардан кыйла түндүктө, АКШга ынтымакташ күрттөр жашаган жерде орун алды.

Жума күнү Нажаф шаарына АКШнын Коргонуу катчысынын орун басары Пол Уолфовиц келип, өз сапары жакшы өтүп жаткандыгын айткан эле. Ал кетээри менен бир миңдей киши топтолуп: "Жоголсун Америка!", Жоголсун Израил!", "Оккупацияга жол бербейбиз", "Колонизацияга каршыбыз", - деп кыйкырып жатышты.

Жума күнү АКШнын Ирактагы баш администратору Пол Бремер Кошмо Штаттарга бир аптага жол тартканы маалым болду. Администрациянын маалымат кызматы жума күнү эле ал америкалык расмий өкүлдөр менен сүйлөшүүгө кеткенин билдирди. Бремердин бул сапары тууралуу алдын-ала жарыяланган эмес.

Пол Бремердин Вашингтон сапары ирактык шийилердин диний таяныч борбору Нажафтагы коогалаңдуу окуяларга туура келди. Бул күнкү жума намазда шийилердин "Хавза" кыймылын жетектеген Моктада Садыр молдо америкалык баскынчылыкты жана жаңы түзүлгөн Убактылуу өкмөттүк кеңешти айыптаган эле. Танктары менен келген америкалык аскерлер Садыр молдонун үйүн болгону бир нече саатка камалап турушту. Бирок ал шыкакчы болгон нааразылык аракеттери кооптуу нукка түшүп кетти.

Эртеси, ишембиде, Садырдын үйү курчоодо калганы тууралуу кабар таркаганда, 3 миңдей киши Пол Бремердин Багдаддагы кеңсесине келип, "Жоголсун Америка!" деп ураан чакырышты. Андан бир нече саат мурдараак эле АКШнын Ирактагы аскер башчыларынын бири Рикардо Санчес: "Өлкөнү калыбына келтирүү иштери пландагыдан алда-канча тез жүрүп жатканы, бир чети таң калтырса, бир чети жүрөктү жылытат", - деген эле.

Садыр молдонун атасы, улуу айатолла Мохаммед Садык Садырды 1999-жылы өлтүрүп кетишкен. Атасынын ордун баскан 30 жаштагы Моктада Садыр азыр өзүнүн «Хавза» кыймылынын штаб-квартирасынан сыртка чыкпай жаткандыгы кабарланууда. Бирок анын жардамчылары Садырдын саясий пландары тууралуу кеңири маалымат беришүүдө. Алардын айтымында, Садыр альтернативалуу өкмөттүк кеңеш түзүп, жалпы улуттук эркин шайлоо өткөрүүнү жактайт. Ошондой эле ал өлкөнү өзүнүн «Хавза» кыймылы гана башкарышы керек деп эсептейт. Садыр жума күнү өздүк армиясын түзүп жатканын жарыялаган. Нажафтагы чет элдик кабарчылардын маалымдашынча, эртеси эле Садырдын колдоочулары анын кеңсесинин алдына котолоп келип, жаңы армияга кошула башташты.

Бул окуялар Ирактан ансыз да чочулап турган Вашингтонго оор тийип жатса керек. Ага кошул-ташыл болуп, Бириккен Улуттар уюмунун жетекчиси Кофи Аннан Ирактагы басып алуучу күчтөрдүн ирактыктар менен эриш-аркак кызматташуу мүмкүнчүлүгү улам азайып бараткандыгын эскертти. Аннандын билдирүүсүнүн негизинде учурда уюмдун Коопсуздук кеңеши Ирак боюнча атайын баяндама даярдап жатат. Анда "Ирактагы согуштук баскынчылыкты бүтүрүү үчүн, чукул арада так жана зарыл чараларды иштеп чыгуу керек" деп айтылат. Аннандын сөзү боюнча, демократияны кайсы-бир өлкөгө сырттан таңуулоо мүмкүн эмес, ал Ирактын өзүнөн тамыр алып, өсүп-өнүгүшү керек.

XS
SM
MD
LG