Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:31

«КЫЗЫКТАР ЖАНА СОНУНДАР ДҮЙНӨСҮНӨН»


Эми “Кызыктар жана укмуштар дүйнөсүнө” чакырабыз. Эң байыркы планетанын ачылышы, мафия - мышыкка каршы, чиркейлерди жолотпогон чөнтөк телефондор. Ушул жана башка таң каларлык жана кызыктуу окуялар менен таанышыңыздар.

Өткөн аптада астрономдор эң алыскы жана байыркы планетаны ачышканын жарыялашты. 13 миллиард жыл илгери пайда болгону болжолдонуп жаткан планета Чаян топ жылдызынын ичинде жайгашкан.

Анын чоңдугу Юпитердикинен эки эсе ашат. Орбитасындагы жылдыздар болсо Күн менен күн системасындагы башка планеталардан миллиард жылдар мурдаарак калыптанган.



АКШдагы Коннектикут универститинин профессору Генри Кранцлер алкоголдук ичимдиктерге жакын кишилерди жөнөкөй тест аркылуу аныктаса болот деп ырастайт. Ал өткөргөн изилдөөгө 112 адам тартылды, алардын ичинен 45и – ата-бабаларынын арасында ичкичтер учураган кишилер. Натыйжада, генетикалык себептерден улам, алкоголго батыраак берилиши мүмкүн деген 45 киши калгандарга караганда туздуу жана кычкыл даамды азыраак жактырышканы аныкталган. Кранцлердин эксперименти буга чейин Польшада ушундай эле максатта өткөрүлгөн иликтөөнүнүн жыйынтыктарын бышыктады.



Түштүк Кореялык чөнтөк телефон байланышы боюнча компания өз кардарларына кошумча дагы бир кызмат сунуштап жатат. Мындан ары каалагандар белгилүү бир номерди чалган убакытта, адамга угулбаган ошол эле мезгилде чиркейлерди жолотпогон атайын үн жыштыгы пайда болот. Жаңы кызматтын баасы болгону 3 миң вон же эки жарым доллар турат.



Россиянын милициясында кызмат өтөгөн жападан жалгыз мышык жакында... уюшулган кылмыштуу топтун колунан жабыркады. Көчөдөн табылган Русик аттуу мышык икранын же балык уругунун жытын билүү аркылуу аткезчилерди кармоого машыккан. Мышыктын жардамы менен кармалган аткезчилердин унаасы кийинчирээк аны уруп кеткени - Русик икрага адистешкен мафиянын курмандыгы болду дешке негиз берет.

Дүйнөдөгү балык уругунун 95 пайызы Каспий деңизинен алынат. Осетр балыктарын улоого чектөөлөр киргизилгенден бери, икранын мыйзамсыз импорту көбөйүп, Россияда контрабандисттер менен күрөшүү чаралары күчөтүлгөн.



Интернет-жарманкесинде сенсациялуу буюм сатыкка коюлду. Коллекционерлерге бул ирет рок-н-ролдун падышасы деген атка конгон даңазалуу Элвис Преслинин чириген тиши, ага кошумча катары анын бир тал чачы жана бир пластинкасы сунушталды. Буга чейин Элвистин тишин анын сүйлөшкөн аялы Линда Томсон сактап жүрүп, 1994-жылы ырчынын музейине саткан. Ал эми бул “реликвия” азыркы кожоюндарына - Форт шаарынын чач-тарачынын колуна кантип түшкөнү түшүнүксүз. Тиштин 100 миң доллар деген баштапкы баасы эки жуманын ичинде эки миллион долларга жетти.



Марска карай жол тарткан “Марс-экспресс” кемесинде энергия менен камсыздоо проблемалары пайда боло баштады. Арийне, европалык космос кемесинин учуусуна бул факт таасир этпей тургандыгы айтылууда. Инженерлер күн батареялары электр кубатын бөлүштүрүү блогуна туура эмес жалгаштырылганын аныкташты. Ошол себептен, “Марс-экспресстин” электр системасы 70 пайызга гана иштеп жатат. “Жалпысынан алганда, кеменин абалы жакшы”, - деди долбоордун жетекчиси Рудолф Шмидт.
XS
SM
MD
LG