Түштүк Кореянын расмий өкүлдөрүнүн бүгүнкү маалымдоосуна караганда жакын арада АКШ, Кытай, жана Түндүк Корея Бээжинде Пхеньяндын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр өткөрөт. Түштүк Корея президенти Ро Му Хендин коопсуздук боюнча кеңешчиси Ре Жоң-Илдин айтымында, үч тарап Бээжинде жолугушат. Бирок Вашингтон тараптан бул маалымат ырастала элек. Ал эми Түндүк Корея өзөктүк курал маселеси АКШ менен түз сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечилерин бүгүн кабарлады. Маалыматта сүйлөшүүлөр «адилет, тең жана чынчылдык» негизинде болуш керектиги белгиленген. Эгерде АКШ Пхеньянды «карасанатай мамлекеттер тизмесинен» чийип салса, Түндүк Кореянын өзөктүк куралга ээ болуу программасына байланыштуу Вашингтондун чочулоосун жайгарууга Пхеньян жол тапмак деп Түндүк Кореа кабар агенттиги билдирүүдө.