Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:58

ИРАК: КОЛ САЛУУЛАР КӨБӨЙӨӨРҮ КҮТҮЛҮҮДӨ, КООПСУЗДУКТУ САКТООГО ӨЛКӨНҮН ӨЗ КҮЧТӨРҮ ТАРТЫЛАТ


АКШ армиясынын Борбордук командачылыгынын башчысы генерал Жон Абизайддин билдиргенине караганда, алдыдагы айларда Иракта каршылык көргөзүү аракеттери дагы күчөшү күтүлүүдө. Айткандай эле коалициянын аскерлерине каршы жасалган кол салуулар дээрлик күн сайын кайталанууда. Борбордук командачылыкты жетектеген адам катары Ирактагы аскердик операцияларга да жооп берген генерал Абизайд бул жерде "партизандык согуш" жүрүп жатканын өткөн аптада моюнга алган эле. Эми анын айтымында, АКШ коопсуздукту сактоо иштерине америкалык аскерлер менен бирге Ирактын өзүнүн "атуулдук коргонуу күчтөрүн" да тарткан жатат.

Иракта өткөн аптанын соңку эки күнү жергиликтүү шийиттердин толкундоолору менен коштолду. Ишембиде Ирактын америкалык администрациясынын Багдаддагы кеңсесинин алдына 3 миңдей шийит жыйналса, жекшембиде Нажаф шаарында 10 миңдей шийит көчөгө чыгышты. Алар антиамерикалык ураан –чакырыктарды айтышып, АКШ аскерлери өлкөдөн кетишин талап кылып жатышты. Кабарчылар билдиришкендей, жаалданган топтун агымын токтотуу үчүн америкалык аскерлерге аларга каршы мылтык кезеп, автоматтардын башына бычактарын тагууга туура келди. Көчөгө чыккандар шийиттердин "Хавза" кыймылын жетектеген жергиликтүү жаш диниятчы Моктада Садыр молдонун жактоочулары эле. Ал өткөн жума күнү Ирактын мүчөлөрү америкалык администрация тарабынан дайындалган утурумдук бийлик органы – Башкаруу кеңешин тааныбоо, өзүнчө ислам армиясын куруу чакырыгы менен чыккан. Ушундан кийин америкалык аскерлер анын Нажафтагы үйүн кыска убакытка камалашкан болчу.

Айтор шийиттердин Нажафтагы күтүүсүз тополоңу алардын ири саясий партияларынын баары Башкаруу кеңешине киргенине карабай, америкалыктардын шийит коомчулугу менен толук кызматташтыкка жетүүсү татаал иш экенин көргөзгөнсүдү.Белгилеп кетчи жагдай, Саддам Хусейндин режими учурунда бийликти жалаң сунниттер ээлеп, шийиттер куугунтукталып келгени маалым.

Эми саны 25 адамдан турган Башкаруу кеңешине өлкөдөгү улуттук ,саясий жана диний тайпалардын баарынын өкүлдөрү кирген эле. Алар өткөн апта бою жыйын өткөрүп, өз лидерин шайлай алган жок. Андан соң бул утурумдук бийлик органын анын үч мүчөсүнүн жарнакташып жетектөөсү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Учурда Ирактын америкалык администрациясынын башчысы Пол Бремер консультация өткөрүү үчүн Вашингтондо жүрөт. Ал жекшембиде америкалык "Фокс" телеканалына берген маегинде Ирак өз өкмөтүнө, балким, бир жылдын ичинде ээ болушу мүмкүн экенине жана бул жараян Конституциянын кабыл алынышына жараша болооруна токтолду:

-Мениче бул толук ыктымал. Эгер ирактыктар Конституцияны алты - сегиз айдын аралыгында даярдап бүтүшсө, андан кийин тез эле шайлоо өткөрүлсө биз, албетте, бир жыл ичинде көз карандысыз өкмөткө ээ болушубуз мүмкүн.

Пол Бремердин айтымында, Иракта дээрлик күн сайын кайталанып жаткан кол салууларды жакшы даярдалган майда топтор жасоодо. Бремер алардын артында Саддам Хусейн турат деп эсептебейт. Саддам Хусейн тирүү жана Иракта ичинде эле жашынып жүрөт. Бирок калктын колдоосуна ээ эмес. Ушул дүйшөмбүдөгү кол салуудан америкалык бир аскер каза тапты, ал эми жекшембиде эки жоокер набыт болгон. Дүйшөмбүдө ирактык аты аталбаган согушкерлердин тобу Абу-Дабинин телекөрсөтүүсүнө кол салууларды Саддам Хусейндин жактоочулары эмес, исламчылар жасап жатканын айтышкан.

Ал эми АКШ армиясынын Борбордук командачылыгын башчысы Жон Абизайддин билдиргенине караганда, Иракта алдыдагы айларда каршылык көргөзүү аракеттери дагы күчөөрү күтүлүүдө. Себеби, эски режимди жактагандардын көздөгөнү - кандай болбосун жаңы турмуштун орношуна тоскоолдук кылуу. Жон Абизайд өткөн аптада Иракта партизандык согуш жүрүп жатканын моюнга алган эле. Айрым баяндамачылар белгилешкендей, "партизандык согуш "деген термин АКШ үчүн эң эле бери дегенде Вьетнам согушун эске салат.

Эми АКШ Ирактын коопсуздук көзөмөлдөө иштерине тартылуучу "атуулдук коргонуу күчтөрүн " түзгөн жатат. Жон Абизайддин айтымында, саны алты жарым миң аскерден туруучу атуулдук коргонуу күчтөрү 45 күндүн аралыгында ишке кириши мүмкүн. Алар көчөлөрдө америкалык жоокерлер менен чогуу күзөт жүргүзөт, бирок кандайдыр бир ири аскерий операцияларга катыштырылбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG