Токтоо мүнөз профессорду өткөн аптада билегин шылып, кан тамырын кесип, өз жанын өзү кыйууга кандай шойком түрткү болду? Бул бушайман суроо бүгүн Британияда көпчүлүктүн көңүлүндө туруп жатат. Давид Келлинин күтүүсүз өлүмү бир чети оор жоготуу болсо, бир чети премьер-министр Тони Блэрдин өкмөтүн оор саясий кризиске такады. Суук кабарды биринчи укканда Блэр Вашингтондон Токиого бараткан. Өң-далааттан кеткен премьер үнү каргылданып, микрофонго буларды айткан:
- Толук жана көз карандысыз тергөө болот. Бардык фактыларды чогулткандан кийин жыйынтык чыгаралы, ага чейин маркумдун арбагын сыйлап, сабыр кылалы.
Тергөө ушул аптанын биринчи күндөрүндө башталганы турат. Көз карандысыз иликтөө милдетин өзүнө алган лорд Браян Хаттон ушул дүйшөмбүдө ишке дароо киришип жаткандыгын билдирди:
- Ниетим - тергөөнү тездик менен жүргүзүп, тез арада отчет берүү. Ошондой эле тергөөнү негизинен маалымдуулуктун шартында жүргүзүүнү туура деп эсептейм.
Блэр Бээжинге 21-июль күнү жадыраган маанайда келип, Кытай жетекчилери менен күлүп-жайнап учурашты. Бириккен Улуттар уюмунун Ирактагы курал инспектору болуп иштеген Давид Келлинин өлүмү тууралуу маалым болгон жума күндөн тарта Британияда "премьер Ыраакы Чыгыш саякатын дароо токтотуп, мекенине кайтсын, ишинен кетсин" деген талап, чакырыктар жаңырып жаткан эле. Бирок жекшембиде Би-Би-Си радиосу жасаган билдирүүдөн кийин гезит-журналдардын жаалы Блэрден Би-Би-Сиге бурулуп, өкмөт башчысы аз да болсо, жеңилдей түшкөнсүдү.
Британиянын Ирак саясатына байланышкан чуулгандуу окуялар Би-Би-Синин программасынан кийин башталган эле. Ал программада Би-Би-Синин кабарчысы Ирак согушу керек экенине элди көндүрүү үчүн, Блэрдин өкмөтү чалгын маалыматтарын бурмалаган деп ырастаган, бирок мындай кабар берген кишинин ысмын ачыкка чыгарган эмес. Британ өкмөтү ал кезде Саддам Хусейнди кыргын куралдарын 45 мүнөттө пайдаланууга кудуреттүү деп айтып жаткан. 20-июлда Би-Би-Си бул программанын негизги маалымат булагы курал эксперти Давид Келли болгондугун моюнга алды.
Бул - радионун бүтүндөй программасынын тактыгынан күмөн туудурууда, себеби Келли өзү Би-Би-Синин журналисти Эндрю Гилигандын уктуруусунун чордонун түзгөн айыптоо боюнча маалымат бербегенин айткан. Өткөн аптада парламентте сүйлөгөн созүндө, Келли "Гилиганга мындай кабар берген эмесмин" деген. Бирок Би-Би-Синин жекшембинин кечиндеги программасында Гилиган "Мен Доктор Давид Келлинин сөзүн бурмалап, же ага тескери шилтеме берген жокмун" деп ырастады. Тергөөдө кимдин эмне дегени такталат болуш керек, бирок британ гезиттери дароо Би-Би-Сини таш бараңга алышты. Бульвардык "Санди" гезити "Өлгөн докторду алдамчы деп Би-Би-Синин адамы өз абийирин дагы төгүп жатат" деп жазды.
Бирок кризис ушуну менен бүтүп калбайт. Оппозициячыл партиялар Ирактагы согуштун алдында өкмөт чалгын маалыматтарын кандай колдонгонун казып иликтеш керек деп жер тепкилеп жатышат. Алты жыл мурда өкмөт башына келип, премьерлик экинчи мөөнөтүн өтөп жаткан Блэр отставкага кетүүдөн баш тарткан, бирок анын жакын кеңешчиси Аластер Кэмпбел менен коргонуу катчысы Жефф Хунду сактап кала албайт шекилдүү.
Консервативдүү "Дейли Телеграф" гезитинин жазышынча, атайын сурамжылоого катышкан британдардын 65 пайызы Кэмпбел кетиш керек деп айткан, 68 пайызы Ирак келтирген коркунучка байланыштуу Блэрдин өкмөтүнө ишенбей калган, ал эми 71 пайызы Давид Кэллинин ысмын ачыкка чыгарып, өкмөт калпыстык кылды деп эсептейт.