Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:43

ИРАКТАГЫ КЫРДААЛДЫ ШИЙИЛЕР КУРЧУТУУДА


Өткөн жекшембиде Нажаф шаарында коалициялык аскерлер АКШга каршы демонстрацияга чыккан 10 миңдей шийилерди мылтык-найзанын күчү менен кууп таратышты. Бул окуя көргөзгөндөй, Ирактын утурумдук Башкаруу Кеңешине өз өкүлдөрүн киргизгени менен, жергиликтүү шийилердин айрым лидерлери америкалык тараптын тынчын дагы далай жолу алчудай.

Айрыкча ирактык шийилердин жаш муунунун лидери – Моктада ас-Садыр АКШ жетектеген коалициялык бийлик үчүн чоң проблемага айлана баштады. Ас-Садырдын 10 миңдей жактоочулары өткөн жекшембиде Нажафта чогулуп, өз лидеринин камакка алынышына каршылык билдиришти. Анын алдында эле Катардык "Ал-Жазира" телеканалы саат сайын обого чыгуучу жаңылыктарында Моктада ас-Садырдын үйү курчоого алынды, америкалык командачылык анын өзүн камакка алышы мүмкүн деп тынымсыз жар салып турган эле. Бул жаңылыкты угар замат, көчөгө агылып чыккан 10 миңдей шийилер: "Америкалыктар бүгүндөн калбай жоголсун!", "Иракты шайтандардын колуна карматпайбыз!" – деп кыйкырып жатышты.

Алардан коргонгон коалициялык жоокерлер курал колдонууга аргасыз болушту, АКШлык командачылыктын өкүлдөрү мегафон аркылуу: "Вашингтондун Моктада ас-Садырды камакка алуу ниети жок!" - деп көчөнү жаңырта кыйкырып, жаалданган элди тынчытууга далбас уруп жатышты. Акыры демонстранттардын башчылары ушак кепке ууланганын моюнга алышып, бирок АКШ аскерлери Нажафтан токтоосуз чыгып кетишин жана башка бир катар чукул талаптарын айткан соң, топтолгон элди тынчытууга макул болушту.


Айрым байкоочулар Нажафтын тургундарынын нааразычылыгын ал күнү шаарга сапарлап барган АКШнын коргоо министринин орун басары Пол Волфовицтин коопсуздугун чыңдоо максатында көп сандаган америкалык аскерлер жайгаштырылганы кошумча козутуп жибергенин белгилешет.

Өткөн жума күнү намазга чогулган элдин алдында сүйлөгөн Моктада ас-Садыр АКШ дайындаган Ирактын Башкаруу кеңешинин мүчөлөрүн колунан эчтеме келбеген "ташкуурчактар" деп атап, өлкөнүн көз карандысыздыгын коргош үчүн өзүнүн жеке армиясын түзөөрүн жарыялаган. Анын чакырыгын колдогон жүздөгөн диниятчылар менен студенттер ушул күндөрү жаңы армияга жазылып жатканы кабарланууда. Анткен менен, ирактык шийилердин баары эле Америкага жаалданган жери жок, мисалы, көп жылдар бою Иранда бозгунчулукта жүргөн ирактык шийилердин партиясы жана исламчыл Дава кыймылы бийликти ирактын элине өткөрүп берүүнү, америкалыктардын өлкөдөн кетишин талап кылганы менен, Ирактын жаңы Башкаруу кеңешине кирип, Вашингтон менен кызматташуудан баш тарткан жок. Ирактык шийилердин башкы жетекчиси, Улуу Аятолла Али Систани да АКШ башкарган бийликтен пайдаланып, шийилер үчүн суннилердин үстөмдүгүнөн кутулуп, алдыңкы ролду алуу мүмкүндүгү ачылганын айтууда.

Азырынча Ирактагы АКШлык бийлик менен иштешүүдөн бир гана Моктада ал-Садырдын "Хавза" кыймылы толугу менен баш тартууда. "Азаттык" радиосунун Иран боюнча эксперти Уильям Самии Ал-Садыр АКШга каршы катаал туруму үчүн Тегерандан финансылык жардам алып жатканын айтат:

- Ас-Садыр жана анын Ирандык кожоюндары өз ара "Хавза" кыймылынын Иракта Ирандагыдай катаал исламчыл бийлик орнотуу ишине олуттуу каржылык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашышкан. Жакында Моктада Садыр Тегеранга барып, Ирандын таасирдүү саясий жана диний ишмерлери менен жолугуп кайтты. Ошондон тарта ал америкалык коалициялык башкаруучулук менен кызматташууга эч убакта барбаарын кескин түрдө билдире баштады.

Аналитиктер 30дан жаңыдан ашкан Моктада ал-Садырдын ирактык шийилердин жаш мууну арасында кадыр-баркы өтө жогору болгондуктан, Вашингтон эбин таап аны Ирактын Башкаруу кеңешине тартышы керек болчу, же болбосо элди дүрбөткөн козголоңчуну биротоло камакка алышы зарыл деп эсептешет. Бирок бул эки жол тең Вашингтон үчүн опурталдуу, анткени Ал-Садыр Америкага каршы ураан-сүрөөнүн токтотчу түрү жок, ал эми он миңдеген нажафтыктар аны качан болбосун коргоп калууга даяр экенин көргөзө алышты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG