Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

САДДАМДЫН УУЛДАРЫ УДАЙ МЕНЕН КУСАЙ ӨЛТҮРҮЛГӨНҮ ТАСТЫКТАЛДЫ


Саддам Хусейндин уулдары Удай менен Кусай өлтүрүлгөнү тууралуу учкан куштай таркаган кабар АКШ тарабынан расмий тастыкталды. Кечээ Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарында бир шектүү имаратка америкалык аскерлер чабуул коюп, айыгышкан аткылашуу болду. Кагылышуунун соңунда төрт ирактык набыт кетти. Алардын экөө - Саддам Хусейндин издөө жарыяланган уулдары Удай менен Кусай болуп чыкты.

Шейшемби күнү америкалык аскерлер Ирактын түндүк аймагында, айтылуу Тигр дарыясынын боюнда жайгашкан ири шаар Мосулда шектүү делген имараттардын бирине чабуул коюшту. Аткылашуудан соң, чарбактуу үй алынып, андагы каршылык көрсөткөн төрт ирактык набыт болду. Айрым басма сөз агенттиктери өлгөндөрдүн арасында Саддам Хусейндин эки уулунун сөөгү бардыгы тууралуу жоромолдорду жарыялашты.

АКШнын армиясынын генерал-лейтенанты Рикардо Санчез бул кабардын чындыкка төп экени тууралуу шейшемби күнү кечинде Багдад шаарында басма сөз жыйынында тастыктады.

- Бул аскердик чара маалында төрт киши өлтүрүлдү. Алардын денеси имараттан чыгарылып кетти. Андан соң биз Удай менен Кусайдын сөөгү бул өлгөн кишилердин арасынан табылганын биз тастыктадык.

Генерал Санчез өлгөндөрдүн сөөгүн кылдат иликтешкенин кошумчалады:

- Биз маркумдардын ким экендигин аныктоодо абдан көп булакты пайдаландык.

Июлдун башында АКШ өкмөтү Удай менен Кусайдын ар биринин башы үчүн 15 миллион доллардан, Саддам үчүн 25 миллион долларлык сыйлык жарыялаган.

Саддамдын улуу уулу Удай 39 жашта болчу. Суу куйду тентек атка конгон Удай тез жүргөн машиналарды жакшы көрчү. Саддамдын ишенимдүү кызматкерин өлөөрчө сабаган окуядан кийин аны атасы өзүнөн саал четтетип койгон. 1996-жылы ага кол салуу аракети жасалып, оор жарадар болгон. Ирак олимпиадалык комитетинин төрагасы, өлкөнүн футбол жамаатынын башчысы гана эмес, Ирак журналисттер биримдигинин да жетекчиси болгон Удай “Бабил”, башкача айтканда, “Вавилон” аттуу таасирдүү гезитке жана “Шихаб” сыналгы каналына кожоюндук кылчу.

Удай бийликке канчалык жутунганы менен, атасы болочокку мамлекет башчылыгын анын иниси Кусайга ыраа көрчү. 1966-жылы туулган Кусай америкалыктар издөө салган эң коркунучтуу делген 55 ирактык саясатчынын тизмесинде атасынан кийинки - экинчи орунда турган. Кусай атасынын режиминин олуттуу каражатын – чалгын жана коопсуздук кызматтарын жетектеген. Ал колбашчысы болгон Жумурияттык гвардия деп аталган тандалма аскер бөлүгү 80 миң жоокерден турчу.

Бөрк ал десе баш алган жигиттерине буйрук берип, көчөдөн кыз-келиндерди кармап келип мазактаган адаты бар агасынан айырмаланып, Кусай жат көздөн оолак болууга тырышчу. Аны калк “Жылаан” атка кондурган. Дал ушул Кусай 1991-жылкы согуштан кийин саздак аймактардагы арабдар тобун жана башка козголоң чыгарган шийиттерди тукум курут кылуу, күчтөп башка чөлкөмдөргө көчүрүү саясатын жүзөгө ашырган. Анын карамагындагы абактарга тыгылган бейкүнөө кишилер соңку жылдары эле эч кандай сот чечимисиз миңдеп өлтүрүлгөнүн “Хюман райтс уотч” уюму маалымдаган.

“Эми бул эки канкор өлтүрүлдү, алардын атасы кайда болду экен”, - деген суроо туулбай койбосу анык. Саддам Хусейндин керт башы жөнөкөй маселеге жатпайт. АКШнын ардактуу эс алуудагы генералы, мурдагы чалгын кызматынын өкүлү, полковник Кеннет Аллар мындай дейт:

- Көптөгөн ирактыктардын көңүлүн бийлеген абдан олуттуу нерсе – эми Саддам кайра кайтып келбесе экен деген коркуу сезими. Анын айкелин жыгып коюу – дурус нерсе деңизчи, бирок мен андан көрө Саддамдын башын найза учуна сайууну, демек, эч бир ирактык анын өлүмүнө шек кылбагандай, анын келбей турганына баарынын көзү жеткендей кырдаалды артык көрөөр элем.

Сталиндин, Гитлердин, Чаушескунун жана башка далай тирандардын өлүмү нечен миллиондогон кишилердин жапатырмак коркуу сезимин мокотуп, алардын белди бек бууп кайраттанышына, жаңы турмушка кадам шилтөө үчүн жекече чечим жасашына өбөлгө болгон. Батыштагы серепчилердин оюнча, Саддамдын башы аман болсо мейли, бирок ал тез арада туткунга алынышы абзел. Бул – Ирактын пост-саддамдык коомчулугунун жаңы доордун босогосунан атташы үчүн өтө зарыл иш-чара, - дешет алар.

XS
SM
MD
LG