АКШ президенти Жорж Буш Саддам Хусейндин балдарынын өлүмүн эски режим эми эч убакта кайра кайтып келбей турганынын кепили деп эсептейт. Бул тууралуу президент Буш шаршемби күнү Ак үйдө кабарчылар менен жолуккан учурунда билдирди. Ал эми жаңылыкты Гонконгдо, иш сапарында жүргөн жеринен уккан британ премьери Тони Блэр мындай деген эле:
-Бул - жаңы Ирак үчүн улуу күн. Ал эки адам коопсуздукка курал программасы менен коркунуч туудурган режимдин гана башы болушпастан, массалык мүрзөлөрдөн биз көрүп жаткандай, миңдеген бейкүнөө ирактыктардын кыйноого алынышы жана өлтүрүлүшү үчүн жоопкер болчу. Орун алып жаткан майрамдоолор алар кандай макоо экенинин белгиси.
Ирактагы согушта АКШга өнөктөш болгон өлкөлөрдүн дагы бири Австралиянын өкмөт башчысы Жон Хоувард :
- Ирактыктардын көпчүлүгү эски режим кайра келеби деген кооптонуу менен жашоодо жана Саддамдын эки уулунун өлүмү мындай кооптонуудан арылтуу багытындагы маанилүү иш. Мунун коопсуздукту чыңдоого да салымы тийет. Мен окуяны ашыкча көкөлөткүм келбейт, бирок психологиялык жактан алганда бул - келечек үчүн олуттуу кадам.
Ирактын америкалык администрациясынын башчысы Пол Бремер Удай менен Кусайдын жок кылынышы ирактыктар үчүн гана эмес, америкалык аскерлер үчүн да маанилүү деген пикирде. Бремердин айтымында, Удай менен Кусайдын өлүмү Ирактагы коопсуздуктун жакшырышына кыйыр түрдө таасир этет. Бирок, алдыдагы күндөрдөн өч алуу ирэтинде жасалчу чабуулдарды күтүүгө болот.
Жергиликтүү саясатчылардан Ирактын Улуттук Конгресси деген уюмдун лидери Ахмед Чалаби да Саддамдын уулдарынын өлүмү менен коопсуздук жагдайы оңолуп, коалициялык аскерлерге каршы жасалган кол салуулар кыскарат деген ойдо. Ирактын 1968–жылы Саддам Хусейндин Баас партиясы тарабынан бийликтен кулатылган өкмөтүндө министр болуп иштеген, азыр Каирде жашаган Ахмед ал-Хабубинин көз карашында, колдон келгенде Удай менен Кусайды тирүү кармап, ачық соттогондо дурус болмок.
Ал эми айрым батыш гезиттери менен саясий аналитиктер Саддамдын уулдарынын өлүмү менен эле Ирактагы коопсуздук жагдайы жакшырат деп айтуу эртелик кыларын белгилешүүдө. Маселен, Вашингтондогу Като институтунун вице-президенти Тед Карпентердин пикиринде, бул АКШ үчүн оң жаңылык гана эмес, сыноо дагы. Себеби, АКШнын расмий өкүлдөрү Иракта күн сайын кайталанып жаткан кол салуулар үчүн такай Саддам Хусейндин бир ууч жактоочулары гана жоопкер деп айтып келишүүдө. Эми мындай ырастоонун чын – төгүнү билине турган учур келди:
- Бул - Буштун администрациясынын Ирактагы куралдуу козголоңдорду эски режимдин багынбас элементтери жасап жатат деген түшүндүмөсү үчүн сыноо. Эгер чын эле ушундай болсо, эми бул адамдардын шаабайы суушу керек жана биз кол салуулар азайганын көрүшүбүз абзел. Эгер кол салуулар басаңдабаса, бул -каршылык көргөзүү кеңири жайылган дегенди туюндурат.
Ирактагы соңку окуялар боюнча берген комментарийлеринде Германиянын "Франкфуртер Алгемайне Цайтунг", Франциянын "Либерасьон" басылмалары да Саддамдын уулдарынын өлүмү менен эле Иракта кол салуулар токтошу күмөндүү экенин жазып чыгышты. Шаршембидеги эки кол салуудан америкалык эки аскер каза таап, сегизи жаракат алды.