Шейшемби күнү Коопсуздук Кенешинин алдына келген Ирактын жаңы Башкаруу кеңеши Иракты саясий реформалардын жана кайра куруунун татаал жана тайгак жолунан алып өтүү үчүн, эл аралык коомчулуктан колдоо сурады. БУУнун өкүлдөрү жана Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү ирактык делегаттардын арыз-арманын муюп угуп, бирок аны расмий таанууну сунуш этишкен жок.
Ирактык делегациянын маалымат катчысы, экс-дипломат Аднан Пачачи ирак элинин атынан сүйлөп жаткандыгын айтып, "Ирак эч качан коркок-билиштик жана акыйкатсыздык өкүм сүргөн коомго кайтып барбайт" деп ишендирди. Ал эми дагы бир делегат, Саддам Хусейнге каршы күрөштүн алдыңкы катарында болуп келген сүргүндөгү оппозициянын лидери Ахмед Чалаби мындай деди:
- Бириккен Улуттар уюумунан, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн жана өзгөчө коңшуларыбыздан колдоо алуу - биз үчүн өтө маанилүү. Биз алардан Иракта болуп жаткан окуяларга оң мамиле жасоону өтүнөбүз.
Делегаттардын айтымында, убактылуу кеңеш тез арада эркин жана акыйкат шайлоо өткөрүп, 30 миң полициячыны даярдап, 1 жарым мектепти жана оорукананы ишке киргизүүнү, мамлекеттик кызматкерлерге айлык-маяна төлөп, 200 миңден ашык демобилизацияланган аскерди кайра кызматка алууну болжоп жатат. Ирактык кеңештин убактылуу расмий жетекчилерди дайындап, бюджетти аныктап, өкмөттүк саясат боюнча кеп-кеңешин айтууга укугу бар, бирок АКШ баштаган коалиция каалаганда аларга вето кое алат. Иракта суннилер да, шийилердин диний өкүлдөрү да 25 кишиден турган убактылуу кеңешти АКШ баштаган оккупациялык бийликтердин "саясий куралы" деп сынга алышкан.
Бул маселеде Бириккен Улуттардын позициясы кандай? Уюмдун маалымат катчысы Кофи Аннан Ирактын суверендүүлүгүн тез арада калыбына келтирүү зарыл деп эсептейт. Ал эми анын Ирак боюнча атайын элчиси Сергио Виейра де Мелло шейшембидеги талкууда убактылуу Башкаруу кеңеши бүгүнкү Ирактагы эң өкүлчүлүктүү орган экендигин бир нече жолу кайталап айтты.
- Бул кеңеш азыр күмөн саноого, скептицизмге же сын тагууга муктаж эмес. Ал ирактыктардын колдоосуна муктаж жана ага жете алаарында шек жок.
Виейра де Мелло БУУнун Ирактагы таасирин кеңейтүүнүн жолдорун баяндап, ошол эле убакта уюм коопсуздукту камсыздоого "жупуну" гана салым кошо алаарын билдирди.
Саддам Хусейнге согуш ачууга каршы чыккан өлкөлөр Иракка Бириккен Улуттардын тапшырмасы менен гана аскер жибере ала тургандыгын айтышууда.
АКШнын БУУдагы элчиси Жонн Негропонте Ирактагы убактылуу бийлик органы Коопсуздук кеңешинин тийиштүү резолюциясынын негизинде түзүлдү деп ырастады:
- Ирак эли тарабынан, аларга кызмат кыла турган өкмөт Коопсуздук кеңешинин 1483-резолюциясынын негизинде түзүлүп жатат. Бул орган эл аралык коомчулуктун, айрыкча (Коопсуздук кеңешинин) колдоосуна муктаж.
Арийне, Франция менен Германиянын өкүлдөрү Бириккен Улуттарга башкы роль ыйгаруучу жаңы резолюция керек деген турумун кайра билдиришти. Ал эми Германиянын БУУдагы элчиси Гүнтер Плойгер Ирактагы коалициялык казынага кошумча кошууну каалабаган өлкөлөр үчүн көп улуттуу реконструкция фондун түзүүнү сунуш этти.
Ошону менен АКШнын көзөмөлү астында түзүлгөн Ирактын өкмөттүк жаңы органы эл аралык коомчулук тарабынан ачык өгөйлөнгөн жок, ошол эле кезде зарыл колдоого да ээ боло албады. Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл башка тышкы иштер министрлери жана Кофи Аннан менен жолугуп, БУУнун Ирактагы ролун формалдуу жолдор менен кеңейтүүнүн мүмкүнчүлүгүн талкуулаптыр. Бул талкуудан кандай майнап чыгаары азырынча маалым эмес.