Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Буданов кесилди


Орусиянын Ростов-на-Дону шаарындагы аскердик сот полковник Юрий Будановду 10 жылга кести. Буданов 18 жаштагы чечен кызы Ельза Кунгаеваны уурдап, өлтүрдү деп күнөөлөнгөн эле. Соттун чечимине ылайык Буданов бардык аскердик наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратылат жана жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн режимдеги абакта өткөрөт. Көптөгөн медициналык текшерүүдөн кийин Будановдун акыл-эси жайында деп табылган. Юрий Буданов Чеченстандагы согушка катышып жүргөн убакта үч жыл мурун чечен кызын уурдап, өлтүргөн деп шектелип камакка алынган.

XS
SM
MD
LG