Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

«Оберон» базарындагы жардыруу боюнча тергөө иши аяктады


БИШКЕК. Өткөн жылдын 27-декабрында «Оберон» базарында болгон жардыруу боюнча тергөө иши аяктап, беш кишиге айып коюлду. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз катчысы Чынара Асанова маалымдады. Анын айтымында, «Бишкектеги «Оберон» базарында 7 адамдын, «Бакай» банкынын Оштогу бөлүмүндө бир адамдын өмүрүн кыйган жардырууларды уюштурду» деген айып коюлган беш адамдын үчөө Өзбекстандын, бирөө Кытайдын, бирөө Кыргызстандын атуулдары. Ч. Асанованын сөзү боюнча, ишти тергеген УККнын тергөө башкармалыгы «беш адамдан турган бул топ жардырууларды «Өзбекстан ислам кыймылынын» каражаты менен уюштурган» деген жыйынтыкка келди. Тергөөдө аныкталгандай, «Өзбекстан ислам кыймылы» алгач «Пинара» мейманканасын жана АКШнын Бишкектеги элчилигин жардырууну көздөгөн, бирок бул эки объект тең жакшы кайтарылгандыктан, жардыруу «Оберон» базарында жана «Бакай» банкынын Оштогу бөлүмүндө болгон.
«Жардырууларды ишке ашырган беш адамдын үчөө изделип жатат, экөө болсо УККнын абагында камакта», - дейт Чынара Асанова. Анын айтымында, кармалгандар 10 томдон турган иш менен таанышып чыккан кийин, иш прокуратурага өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG