Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:01

ПРЕЗИДЕНТ А. АКАЕВ ЭКОНОМИКАЛЫК КЫЛМЫШТУУЛУККА ЖАНА КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШТҮ КҮЧӨТҮҮНҮ КААЛАЙТ


Президент Аскар Акаев «Коррупцияга жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жардык чыгарды. Ага ылайык сентябрь айынын этегине чейин тартип коргоочу, фискалдык жана башка мамлекеттик органдар Акниет башкаруу кеңеши менен бирге экономикалык кылмыштарга жана коррупцияга каршы натыйжалуу иш жүргүзүүчү системанын долбоорун иштеп чыгышы керек.

Коррупцияга жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөштүн натыйжасын арттыруу маселеси Коопсуздук Кеңешинин марттын этегинде өткөн жыйынында көтөрүлгөн. Анын чечимдеринин негизинде чыккан бул жардыкка ылайык кылмыштарга каршы күрөш жүргүзүүчү бирдиктүү система түзүлө турган болду. Жардык ошондой эле бири-бирин кайталаган структураларды азайтууга, ар бир тармакты мыйзам чегинде өзүнө таандык жүктү гана аркалоого милдеттендирет. Алардын бири - иш багыты боюнча көлөмдүү деп саналган Ички иштер министрлигинин экономикалык кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш боюнча башкы башкармалыгы - кайра түзүлөт. Ал негизинен кызматтык жана криминалдык кылмыштарды иликтөө милдетин аркалап, ага жараша кызмат орундары кыскарат. Азыр бажы, салык, ички иштер, коопсуздук тармактарынын ар биринде мына ушул багытта атайын бөлүмдөр иш жүргүзөт. Бирок, алардын ичинен Ички иштер министрлигинин алдындагы башкармалык ушундай иш милдетин аткаргандардын негизгиси катары саналат. Ошондой болсо да, бул тармакты нукура таза иштеген тармак катары саноого эч ким батынбайт. Ал эми президент Аскар Акаев болсо Коопсуздук Кеңешинин 31-марттагы отурумунда бул тармакты коррупциялашкан тармактардын бири катары атаган.

- Социологиялык иликтөөлөргө караганда, ички иштер органдары, айрыкча автоинспекция, экономикалык кылмышка жана коррупцияга каршы күрөш боюнча башкы башкармалык, тергөө, паспорт-виза кызматтары баарыдан көп коррупциялашкан орган катары саналышат экен, - деп, Аскар Акаев бул багытта кылмыштуулукка каршы күрөш натыйжасыз болуп атканын белгилеген.

Президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаковдун пикирине караганда, Ички иштер министрлигинин бул башкармалыгы өз милдетин азыркы калыбында өтөп бүттү. Ошондуктан, президенттин акыркы жардыгы менен бул башкармалыкты түзүү тууралуу 1992-жылы чыккан мурунку жардык жокко чыгарылды. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери болсо жардыкты кош көңүл кабыл алышууда. Атын атагысы келбеген ички иштер кызматкеринин айтымында, башкармалыктын милдеттерин азайтуу ансыз да ээ кылбай жаткан коррупция менен экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөштү мокотуп коет.

- Мурдагы Советтер Союзунун убагындагы жол менен илең-салаң болуп жүрө бериш керекпи? Андай болбойт да. Азыр жаңы заман. Жаңы чөйрө. Социалдык-экономикалык формация өзгөрдү. Ошондуктан жаңы система керек, - дейт андай пикирди колдобогон Болот Жанузаков.

Анын айтымында, аталган жардык Улуттук коопсуздук кызматындагы дагы бир салабаттуу аты уйкаш башкармалыктын азыркы иш багытын өзгөртпөйт. Ошондой болсо да УККнын тиешелүү кызматкерлери «бул башкармалык башка тармакка өтүп кетеби» деп кооптонуп жүрүшөт. Жакында өткөн маалымат жыйынында экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын бир катар кызматкерлери өлкөнүн коопсуздугу үчүн экономикалык кылмышка каршы күрөшүүгө Улуттук коопсуздук кызматы милдеттүү экенин белгилешти. Ансыз акчаны көмүскө жүгүртүү, которуу, террористтик, экстремисттик максаттарга пайдалануу сыңары дүйнөнүн тынчын кетирген кылмыштуу иштердин алдын алууга мүмкүн болбой калат.

- Биз өз ишин жасоого кимдир-бирөөнө тоскоолдук кылып жатканыбыз көрүнүп турат. Ошого байланыштуу биздин экономикалык тармагыбызды алууну каалап жатышат, - дейт Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкери.

Коррупцияга жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөштү күчөтүү максатын көздөгөн бул жардык өлкө үчүн керек. «Арнамыс» партиясынын башчысынын орун басары Эмил Алиевдин пикири ушундай. Бирок, анын айтымында, байма-бай жардык чыгара берүүдөн эч нерсе өзгөрбөйт, кеп иштин аткарылышында.

- Бирок алар иштеген жок да, - дейт Алиев. - Статистика боюнча, орчундуу ачылган бир да иш жок. А коррупция деген бар. Анан эл: «Органдар эмне иш кылып атат?» деп ойлойт да.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG