Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

АКШ КОНГРЕССИ ЧАЛГЫНДОО КЫЗМАТТАРЫН СЫНГА АЛДЫ


Бүбүкан Досалиева, Прага Бейшембиде Американын Конгресси АКШнын борбордук чалгындоо башкармасы менен федералдык тергөө бюросун кескин сынга алды. Анда бул эки чалгындоо мекемеси 2001-жылдын 11-сентябрындагы террактын алдын-алуу мүмкүнчүлүгү көп болсо да аны пайдаланган эмес деген кине коюлган. Булар жана башка мекемелер өз ара маалыматтарын бири-бирине ыкчам жана ар тараптуу тааныштыруу зарылдыгы да айтылды. АКШ Конгрессинин билдирүүсү тууралуу кененирээк Бүбүкан Досалиева баяндайт.

Бул докладды АКШ Конгрессинин Сенаты менен өкүлдөр палатасынын чалгындоо кызматтарынын иштери боюнча комитеттери биргелешип даярдашкан. Ал бул эки комитет мүчөлөрүнүн бир жарым жылдык иликтөөсүнүн жыйынтыгы жана ал 900 барактан турат. Доклад өткөн жылдын декабрь айында даяр болгону менен Конгресс аны 24-июлда гана ачыкка чыгарды. Анда “АКШнын борбордук чалгындоо башкармасы менен федералдык иликтөө бюросу 2001-жылдын 11- сентябрындагы терракты болтурбай коюуга толук мүмкүнчүлүк болсо да ага каршы тиешелүү аракет көргөн эмес» деген кескин бүтүм чыгарылган. Конгрессмендер мындай бүтүм чыгарууга негиз берген өтө көп фактыларды далилге тартып, башкы кемчилик – бул эки мекеменин бири-бири менен маалымат алмашпагандыгынан кеткен деген жыйынтыкка келген. Андан тышкары бул эки мекеме коопсуздуктун камсыздоого огожо болуучу башка мекемелердин маалыматтарын да кулактын сыртынан кетиргендиги, аларга маани бербегендиги бүткүл америкалыктарды улуттук трагедияга кириптер кылган деп белгиленет.

Конгрессмендер жыйнаган маалыматка караганда, “террористтер кайсы бир жактан тартып алган самолетторду Америкадагы маанилүү жайларга террордук чабуул жасоо үчүн колдонууга ниеттенип жатат”, - деген маалыматтар Борбордук чалгындоо башкармасы менен федералдык иликтөө бюросуна 1994- жылы эле түшкөн. Бирок, бул эки мекеме аларга маани берген эмес. “Эгер маани беришсе жана бардык маалыматтарды биргелешип анализдешсе Осама Бен Ладендин планынын үзгүлтүккз учуратууга , демек, кайгылуу окуяларды болтурбай коюуга мүмкүнчүлүк өтө эле жогору болмок”, - деп жазышкан конгрессмендер. Ал эми Сенаттын чалгындоо кызматтардын иштери боюнча комитетинин мурдагы жетекчиси, Жорж Буштун атаандашы болгон демократ Боб Грэм ушундан улам “эгер тиешелүү кызматтар өз милдеттерине чыгармачылык менен мамиле кылып, кесипкөйлүк менен кызматташа билишсе террордук чабуул болмок эмес”, - деп кесе айтты.

Докладда Сауд Арабстандын дарегине да айып тагылган. Когрессмендердин пикири боюнча, буга террактка катышкан 19 адамдын 15и ушул өлкөнүн атуулдары болгондугу жана учакты айдай качкан Навак ал-Хамзи менен Халид ал-Михдердин Сауд Арабстандык студент Омар ал-Баюми менен өтө жакшы ымалада болгондугу негиз берген. Андан тышкары булар Сауд Арабстандын саны жок каражаттарын алууга укуктуу болушкан. 11-сентябрдан кийин Сауд Арабстан терракты иликтөө боюнча АКШнын чалгындоо мекемелери менен кызматташуудан баш тартканы өзгөчө сөзгө алынган.

Андан тышкары терракты уюштурууга камданып жатат деген маалыматтар түшкөнүнө, “Ал-Каиданын” мүчөлөрү 2000-жылдын январь айында, Малазияда курган жыйынга Навак ал-Хамзи жана Халид ал-Михдердин катышкандыгы тууралуу маалым болгондугуна карабастан Борбордук чалгындоо башкармасы менен федералдык тергөө бюросу алардын артынан аңдуу салган эмес жана алардын АКШга кирүүсүнө тоскоолдук кылышкан эмес деген сын айтылды. Ошондой эле АКШда абада учуунун коопсуздугун камсыз кылуу аракеттери жакшы көрүлбөгөндүктөн террорчулар учактарды оңой эле айдай качышкандыгы баса белгиленген.

Ал эми докладдын Сауд Арабстан боюнча жазылган 28 барагында эмне жазылгандыгын конгрессмендер ачыкка чыгарышкан жок. Бирок, САуд Арабстандын АКШдагы элчиси Бандар бин Султан тынчсызданып, “ ал 28 барак биздин мамлекет менен элди каралаганга пайдаланылат” деп билдиргендигин Би-Би-Си кабарлады.Докладдын авторлорунун бири Боб Грэм болсо АКШ президенти Жорж Бушка “саясатка байланып алып кээ бир чет өлкөлөргө калканч болуп жатат” деп айыптады.

Ал эми Конгресстин өкүлдөр палатасынын чалгындоо иштер боюнча комитетинин башчысы Портер Госс “Албетте, бул жерде бардыгы ачылган эмес. Бул симптомдордун негизинде гана коюлган диагноз”, - деп билдирди.

XS
SM
MD
LG