Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:55

ТҮРКИЯНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ ГҮЛ КОШМО ШТАТТАРДАГЫ САПАРЫН КАРЫТТЫ


Аким Өзгөн, Измир шаары, Түркия Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл ушул жумада АКШда иш сапарда болуп, америкалык башкаруу чөйрөлөрү менен эки өлкөнүн өз-ара мамилелерине кедерги болуп келаткан бир катар маселелерди талкууга алды. Түркиялык министрдин Вашингтон саякаты маалында өзгөчө талкуу кылынган суроо – Ирактагы болочокку түркиялык аскер тобу жөнүндө болду.

Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүлдүн америкалык-түркиялык байланыштар солгун тартып бараткан учурда Вашингтонго болгон кийинки сапары мамилелерди кайра оңдоо жаатынан алып караганда кыйла жемиштүү болгондугу байкалат. Анын саякатынын жүрүшүндө эки өлкөнүн Ирак согушунан улам келип чыккан көз караштык айырмачылыктары жана алардын болочоктогу Ирак саясаты тууралуу пикир алмашуулар болуп, эки тарап бири-биринин позициясын түшүнүүгө бирдей мүмкүнчүлүк тапты.

Белгилүү болгондой, Түркиянын парламентинин быйыл март айында америкалык аскерлердин өз аймагынан өтүүсүнө макул болбой коюусу, ошондой эле, июл айынын башында Түндүк Иракта түрк аскерлеринин америкалык аскерлер тарабынан убактылуу камакка алынышы сыяктуу окуялар мурдатан шериктеш болуп келген эки өлкөнүн байланыштарында кризистик кырдаалды пайда кылган эле. Тышкы иштер министри Гүлдүн бул иш сапары аркылуу түрк-америкалык байланыштарда жаңы бир барак ачылгандай болду.

Тышкы иштер министри бул соңку сапарынын жүрүшүндө америкалык башкаруу чөйрөлөрү, анын ичинде вице-президент Дик Чейни, мамлекеттик катчы Колин Пауэлл, Коргоо министри Доналд Рамсфелд, президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс айым жана башка бир катар саясий ишмерлер менен көрүшүп, аларга Ирактагы абал менен байланыштуу өз өлкөсүнүн саясатын түшүндүрүп берди.

Түркиялык министр америкалык тараптын Иракка түрк аскерин жиберүү тууралуу койгон сунушу жаатында өлкөсүн милдеттендире койчу жооп узатпаган менен, мындай сунушту четке какпагандыгынан алып караганда, бул сунушка макул болуунун эшиги ачык калтырылгансыды.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл бул маселе тууралуу Түркиядан жакын аралыкта жооп күтүлөөрүн билдирди. Абдулла Гүл болсо расмий Анкара бул маселе менен чукул арада алек болоорун, бирок бул маселе боюнча чечимди бекитүү Түркиянын жогорку мажлисинин (парламентинин) эркинде экендигин ескертти. Америкалык жогорку даражалуу бир кызматчы Түркиянын Иракка аскер жиберүүсү эки тараптуу мамилелердин жакшыруусу үчүн табылгыс мүмкүнчүлүк жарата тургандыгын белгилеп, бирок бул жолу бул маселе боюнча жыл башындагыдай соодалашуу болбой тургандыгын айтты.

Пентагондогу жолугушуу учурунда карталар ачылып, түрк аскерлери келечекте Иракта жайгашуусу мүмкүн делген аймактар такталды. Алынган маалыматтарга караганда, Түркиянын аскерлери Багдат шаарынын түндүк жана чыгыш аймактарына жайгаштырылмакчы. Ал эми канча санда аскер жиберээрин Түркия өзү чечмекчи. Эми тышкы иштер министри Гүл бул макулдашылган пункттарды өз өкмөтүнө сунуш кылуусу күтүлөт.

Абдулла Гүлдүн Вашингтон сапары Түркияда саясий чөйрөлөрдө жана маалымат каражаттарында кеңири талкууланып жатат. Оппозиция жана бир катар бейөкмөт уюмдар Түркиянын эч кандай бир эл аралык мыйзамдуу мандаты болбой туруп Иракка аскер жиберүүсүнө каршылык билдиришти.

Бул чөйрөлөрдүн пикири боюнча, Иракка аскер жиберүү - бул өлкөгө басып кирип, эми ал жерде туруктуулукту калыбына келтире албай жаткан америкалык жоокерлердин ордуна түрк аскерин курмандыкка чалуу дегендикти гана түшүндүрөт.

Бирок, расмий Анкара: «Түркия региондун эң күчтүү өлкөсү катары Ирактагы окуяларга мындан ары кайдигер карап, бул өлкөнү кайра куруу жараянынан сырткары кала албайт», - деген позицияда . Абдулла Гүл дагы Вашингтон сапарынын жүрүшүндө өлкөсү мындан ары бир гана Түндүк Иракты эмес, жалпы Иракты көздөп саясат жүргүзөөрүнө ишаара кылды.

Бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясы парламентте көпчүлүк орунга ээ болгонуна карабастан, анын тутумунда Иракка аскер жиберүүгө караманча-каршы депутаттар да бар. Өткөн март айында парламентин терс чечим чыгаруусунда да бул депутаттардын таасири чоң болду.

Бирок, ал кезде АКШ али Иракка басып кире элек эле. Эми болсо, АКШ Иракта Саддамдын режимин кулатты жана де-факто бул өлкөнү башкарып жатат. Башкача айтканда, эми АКШ Түркия менен кошуна болуп калды. Мындайча реалдуулуктардын тушунда, Түркиянын парламенти дагы бир жолу АКШга каршы болобу же жокпу? Муну алдын ала болжош кыйын.

Бирок, Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн бул жолу бул маселеге жылуу маанайда караганын, жана Абдулла Гүлдүн Вашингтондогу сапарынын дээрлик жемиштүү аяктаганын эсепке алганда, бул жолу түркиялык парламенттен Кошмо Штаттар үчүн оң болгон чечим чыгып калуусу да ажеп эмес. Анткени бул жолу сөз Иракка аскер жиберүү тууралуу гана эмес, АКШ менен байланыштардын келечеги жөнүндө да болмокчу.

XS
SM
MD
LG