Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:22

ИРАК: АКШ ЖООКЕРЛЕРИНЕ КОЛ САЛУУЛАР КӨБӨЙДҮ


Иракта коалициянын аскерлерине каршы жасалган кол салуулар токтобой жатат. Саддам Хусейндин уулдары Удай менен Кусай өлтүрүлгөндөн бери эле бул жерде америкалык аскерлердин ону курман болду, бир нечеси жаракат алды.

Соңку күндөрдүн окуялары Саддам Хусейндин уулдарынын өлүмүнөн соң Иракта америкалык аскерлерге каршы кол салуулар күчөшү мүмкүн дегендердин жоромолунун тууралыгын көргөзүүдө. Муну менен катар Удай жана Кусайдын өлүмү коопсуздуктун жакшырышына таасир берет, эски режимди колдогон күчтөрдүн шаабайы сууп, коалициянын аскерлерине жасалган кол салуулар азайышы күтүлөт дегендер да болгон эле. Бирок, азырынча алардын жоромолу чындыкка айлана элек.

АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд Пентагондогу соңку басма сөз жыйынында Саддамдын уулдарынын өлүмү эски режим эч убактай кайтып келбесине ишендирген окуя экенин белгилөө менен төмөнкүлөрдү да айткан эле:

- Коалициянын аскерлери режимди кулатты. Азыр режимдин калдыктары менен алектенүүдө. Демек алар ушундай ишти жасап жаткандыктан ар кандай чабуулдар да улана берет: айрымдары режимдин калдыктары тарабынан, көбүнесе, диктаторлукту калыбына келтирүүгө аракеттенип жаткандардын артынан сая түшүп жүргөн биздин күчтөр тарабынан жүзөгө ашырылат.

Айтор акыркы күндөрү кол салуулар көбөйдү. Соңку бир сутканын ичинде эле ар кандай жагдайда америкалык беш жоокер каза тапты. Ал эми Саддам Хусейндин уулдары өлтүрүлгөндөн бери курман болгондордун саны онго чыкты. Президент Жорж Буш Ирактагы негизги аскерий операциялар аяктаганын жарыялаган 1-майдан бери америкалык аскерлердин 49у киши колдуу болгон.

Күн сайын кайталанып жаткан кол салуулар капыстан жана буктурмалардан жасалып жатат. Алсак, жекшемби күнү америкалык бир жоокер граната жардыруусунан каза тапты. Ишемби күнү башкалаа Багдаддын түндүк-чыгышындагы Бакуба шаарында жайгашкан жана америкалык аскерлердин кайтаруусунда турган ооруканага белгисиз адамдар граната ыргытканда, үч жоокер курман болгон эле. Ушул эле күнү Абу Гурайб деген шаардын жанында АКШ аскерлеринин автокербени гранатамёттон аткыланганда бир аскер набыт болду.

Коалициялык администрациядагы британ өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, Багдаддагы коопсуздук проблемаларынан улам өлкөнүн түштүгүндөгү Басра шаарынын аба майданын тезирээк ачуу жагы караштырылууда. Ал жакынкы апталарда ишке киришмекчи. Басранын аба майданы коммерциялык максаттагы каттамдарды тейлөө үчүн зарыл. Ал эми түндүктөгү Мосул шаарында америкалык командачылыктын чечими менен Саддам Хусейндин уулдары өлтүрүлгөн чарбактуу чоң үй буздурулду. Аскерий өкүлдөрдүн түшүндүрмөсүнө караганда, үйдүн имараты айланадагылар үчүн кооптуу болгондуктан, ушундай чечим кабыл алынды. Саддамдын уулдарын америкалык аскерлерге таап берген адам катары негизинен алар курчоого алынып, салгылашта ойрон болгон алиги үйдүн ээси аталууда. Аты белгисиз бул киши АКШ Удай менен Кусайдын башы үчүн убада кылган 30 миллион доллардык сыйлыкка ээ болоору күтүлүүдө.

Мунун аралыгында, батыш агенттиктеринин кабарларына караганда, Ирактагы кырдаалдын тынч эместигинен улам, бул жакка аскерлерин жиберүүгө макул болгон өлкөлөрдүн, атап айтканда Польшанын, Хорватиянын коомчулугунда өз жоокерлеринин өмүрүнөн кооптонгон пикирлер айтылып жатат. Азыр Иракта АКШнын 147 миңдей, Британиянын 13 миңдей аскери бар. Ирактагы төрт коопсуздук тилкесинин бирин көзөмөлдөөгө милдеткер болгон Польшанын командачылыгы астында кызмат өтөөчү 1300 испан аскеринин алгачкы 50сү Иракка келди. Польша командачылык кылуучу көп улуттуу 9200 аскердин курамында испандардан тышкары 2300 поляк ,1600дөн ашуун украин жоокери болот. Апта соңунда Жапониянын парламенти да оппозициянын катуу каршылыгына карабай, Иракка бейпилдик аскерлерин жиберүүгө уруксат берген мыйзамды кабыл алды. Мыйзамга ылайык, жапон жоокерлери америкалыктарга техникалык гана колдоо көргөзөт. Кандайдыр бир аскерий иш-чараларга жапон жоокерлери тартылбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG