Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

ИРАКТЫН АКШ КӨЗӨМӨЛДӨГӨН БАШКАРУУ КЕҢЕШИ ДЕМОКРАТИЯЛЫК ӨКМӨТ ТҮЗҮҮНҮ МАКСАТ КЫЛАТ


Иракта америкалык аскерлердин жоготуулары улам өсүүдө. Алдын-ала маалыматтарга караганда, жекшемби-дүйшөмбү күндөрдөгү кандуу чабуулдарда АКШ дагы төрт аскеринен айрылды. Анын аралыгында Иракты калыбына келтирүү иштеринин ыргылжың темпи пайда кылган нааразылыкты эске алуу менен, америкалык башкы администратор реконструкцияны тездетүүгө чамданып киришээрин билдирүүдө.

Багдадда дүйшөмбү күнү таламандын так түшүндө америкалык аскерлерге кол салуу жасалды. Кабарларга караганда, эки аскер оор жараат алып, каза тапкан шекилдүү. АКШ армиясынын маалымат катчысы лейтенант Браян Раян буларды билдирди:

- Аскерлер таза суу алып келүү тапшырмасы менен кетип, кайтып келатканда жүк ташыгычтын каптал жагында колго жасалган жардыргыч зат жарылды.

Аптанын алгачкы күнүндөгү бул кол салууга чейинки санак боюнча, Иракта негизги согуштук аракеттер бүттү деп жарыяланган 1-майдан бери набыт болгон америкалык аскерлердин саны 49га жетти. Жекшембиде эле Иракта эки аскер окко учкан.

Бул күнү АКШнын башкы штабынын төрагасы Ричард Майерс Багдадда кабарчылар менен жолугушуп, бул кол салууларды Ирактын кулатылган президенти Саддам Хусейн уюштуруп жатат деген божомолго макул эмес экенин билдирди:

- Менимче, эгер Саддам тирүү болсо, бул убактылуу көрүнүш. Ал азыр болуп жаткан окуяларга чоң таасир эткен жок, өз жанын сактап калуунун айласын таппай жатат деп ойлойбуз. Ирак чоң өлкө, бирок биз аны (акыры) табабыз.

Анын аралыгында, АКШнын Ирактагы кайра куруу аракеттеринин жай темптерине болгон нааразылык күч алууда. Өткөн аптада Пентагондун тапшырмасы менен беш көз карандысыз адис Иракта болуп, бул аракеттерге төмөн баа беришти. Алар Иракта мыйзамдуулукту жана тартипти калыбына келтирүү иштери ыкчамдабаса, өлкө баш-аламандыктын туңгуюгуна түшүп кетиши мүмкүн экендигин эскертишти. Адистер Кошмо Штаттарына каражатты жана кызматкерлерди көбөйтүп, ирактыктарды жана эл аралык коомчулукту көбүрөөк ишке тартууга кеңеш беришти.

Иракта баш-аламандык жана куралдуу кол салуулар согушка чейин катардагы көрүнүш болгонбу? "Эркин Ирак" радиосунун директору, 1984-1988-жылдары АКШнын Ирактагы элчиси болуп иштеген Давид Ньютон мындай дейт:

- Мен Иракта төрт жыл жашап турганда, 80-жылдары ирактыктар өтө цивилизациялашкан эл экенине күбө болгом. Бирок азыр деле Саддамдын Баас партиясынын мүчөлөрүн же жолдоочуларын боо-боосу менен кырып жатышкан жок. Көптөгөн ирактыктар, дарыгерлер, медсестралар ооруканаларды иштетип, мугалимдер, башкалар жашоону өз нугунда кармап калуунун жан алекетинде болуп жатышат. Менимче, (азыркы зордук-зомбулук) убактылуу көрүнүш, бара-бара баары ордуна келет деп ойлойм.

Өткөн аптада АКШнын Ирактагы бейаскер администратору Пол Бремер Вашингонто болуп, келерки 60 күн ичинде Ирак армиясынын жаңы батальону түзөлөт, электр кубаты согушка чейинки деңгээлге жеткирилет жана мектептерге жаңы окуу китептери таркатылат деп ишендирди. Бремер ошондой эле Саддам Хусейндин эки уулунун өлтүрүлүшүн ирактыктар жана Ирактагы америкалык аскерлер үчүн өтө жагымдуу кабар деп мүнөздөдү.

Ушул эле аптада АКШ бекиткен Ирактын Башкаруу кеңешинин делегациясы Нью-Йоркто болуп, Бириккен Улуттар уюумунун Коопсуздук Кеңешинин жыйынына катышты. Делегациянын жетекчиси Аднан Пачачи бул окуяны ирак эли өлкөсүнүн суверендүлүгүнүн айныгыс далили катары кабыл алат деп ырастады. Ал эми Коопсуздук Кеңешиндеги талкуу башталаарда БУУнун баш катчысы Кофи Аннан "Иракта эл аралык коомчулук тааныган өкүлчүлүктүү өкмөт түзүү аркылуу аскердик оккупацияны эртерээк бүтүрүү - биздин коллективдүү максатыбыз" деди.

Ирактын Башкаруу кеңеши ушул күндөрү 25 кишиден турган органдын төрагасын шайламакчы. Кеңештин өкүлү Пачачинин айтымында, бул орган биринчи кезекте убактылуу башкаруунун мөөнөтүн кыскартып, демократиялуу жол менен шайланган өкмөт түзүүнү максат кылат.

XS
SM
MD
LG