Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:13

ИРАКТА АСКЕРИЙ ТАКТИКА АЛМАШУУДА


1-май күнү АКШ Саддамга каршы согуштун негизги бөлүгү аяктап калганын жарыялагандан бери Ирактагы куралдуу кагылышууларда 50гө жакын америкалык аскер курман болду. Өлкөнүн ар башка аймактарында чакан партизандык топтор чет элдик аскерлерге каршы чабуулун улантып жаткандыктан, Ирактагы америкалык командачылык бейпилдикти күзөтүү тактикасын өзгөртүүгө киришти.

Ирактагы коалициялык күчтөргө каршы капилет кол салуулар дээрлик күнүмдүк көрүнүшкө айланып калды. Июль айында эле чакан партизандык топтордун куралдуу чабуулдарынан АКШнын 27 аскери набыт болушту. Өткөн аптада Саддам Хусейндин эки уулу Мосулда жантаслим болгондон бери коалициялык күчтөр 10 жоокерин жоготту. Андыктан, америкалык командачылык Ирактагы коопсуздукту чыңдоо тактикасын өзгөртүүнү туура таап, жакындан тарта 500дөй аскерин антитеррорчул аракеттерге машыктыра баштады. Аларды чет мамлекеттерде согуштан кийинки кырдаалды турукташтырууга адистешкен Британия армиясынын атайын машыктыруу жана үйрөтүү тобу окутууда. Ал топтун командири, полковник Ангус Лоудон Ирактагы АКШ аскерлеринин буга чейин топтогон тажрыйбасын эске алуу менен, аларды жаңы тактикага үйрөтүү керектигин айтат:

- Бизди бул жакка АКШнын коргоо министрлиги жана эң башкысы, Ирактагы командачылыкты жүзөгө ашырган 5-дивизиянын жетекчилиги чакырды. Негизги максат – биздин соңку 35 жыл ичинде Түндүк Ирландия, Балканда, Ооганстанда коопсуздукту бекемдөөдө, террорчул аракеттерге каршы күрөштө топтогон тажрыйбабызды үйрөтүү.

Аскерий инструкторлор америкалык жоокерлерге көчөлөрдө кечки күзөттө жүргөндө өзүлөрүн туура алып жүрүүгө, катардагы ирактыктарга карата, айрыкча аялдарга өтө аяр мамиле жасоо, күтүүсүз кол салуулардан коргонууга даяр болуш үчүн казкатар тизилбей, жайылып жүрүү сыяктуу ар тараптуу ыкмаларга үйрөтүп, кеңеш берүүдө.

Буга чейин АКШ аскерлери ирактыктардын үйүнө каалаган учурда эшигин тээп кирип барып, бала-бакыранын жүрөгүн түшүрүп, аңтарып-тинтип, курал-жарак, же башка шектүү буюм-тайым издеп, үйдөгү жыгач-ташка келтирилген зыян үчүн бир аз акча таштап, басып кеткен учурлар көп болгон. Эми америкалык командачылык андай операцияларды токтотуп, коалициялык күчтөрдүн дарегине карапайым ирактыктар айткан көп арыздарды эске алуу менен, элдин мамилесин оңдоп, калктын ишеничине ээ болууну максат кылууда.

Пентагон түзгөн планга ылайык, Иракта согуштан кийин үч оккупациялык зона түзүлүп, өлкөнүн түштүгүндөгү 9 аймакта көзөмөл жүргүзүү милдети АКШнын деңиз-экспедициялык күчтөрү менен британ аскерлерине тийген. Американын 5-дивизиясы Ирактын түндүгү менен батышындагы сегиз башкаруу аймагын өзүнө алган. 5 миллиондой киши жашаган Багдад жана анын чет жакаларындагы аймактардагы коопсуздукту америкалык аскерлердин жетегиндеги бир катар чет мамлекеттердин жоокерлеринен куралган коалициялык күчтөр күзөтүшөт. Антип, Ирактын бардык шаар-кыштактары чет элдик аскерлердин көзөмөлүнө өткөрүлүп берип, алар коопсуздукту чыңдоого кызмат өтөп жатса да, 10-20 куралчан адамдардан турган партизандык топтор буктурмадан кол салып, улам жаңы чабуулдарды уюштурууда. Америкалык генерал Ричард Майерс Ирактагы куралдуу отряддар – Саддамдын жан-жөкөрлөрү акча төлөп жалдаган согушкерлер болушу мүмкүн деген пикирин айтат:

- Согушчандар – жалданма адамдар экени көп деле шек туудурбайт. Аларга коалициялык күчтөрдүн ар бир аскерин өлтүргөнү үчүн акча төлөнөт болуш керек. Ошондуктан алар ар кайсы жерге жашырынып алып, биздин аскерлерди жакшылап мээлеп алып атууда. Балким, алар АКШ баштаган коалициялык аскерлерди Ирактан кетирүүнү көздөгөн күчтөрдүн өкүлдөрү болушу да мүмкүн.

Ирактагы америкалык командачылык өз аскерлерин күтүүсүз кол салуулардан мыктыраак коргош үчүн көчөлөрдө танктарды пайдалануудан баш тартып, мурунку чоң, каралжын аскерий машинелерди жаңы, ачык түстөгү чакан унаалар менен алмаштырууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG