Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Сербиянын өкмөтү АКШдан көмөк сурады


Сербиянын бийлиги босниялык сербердин командири Ратко Младичти издөөгө АКШнын чалгындоо кызматы жардам берүүсүн өтүндү. Мындай өтүнүчтү Сербиянын тышкы иштер министри Зоран Живкович Вашингтонго барган кезде билдирди. АКШ болсо азырынча жооп бере элек. Гаага соту тарабынан согуштук кылмыштарды жасаган деп айыпталган Ратко Младич Сербиянын өзүндө эле жүрөт деген маалымат бар. Бирок, Сербиянын өкмөтү мындай маалыматты четке кагып келет. АКШ болсо Сербия Младичти Гаага сотуна өткөрүп берсе гана саясий колдоо жана экономикалык жардам көрсөтөөрүн кыйытууда.

XS
SM
MD
LG