Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

БИШКЕКТЕ МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫНЫН БИРИНЧИ РЕСПУБЛИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТҮП ЖАТАТ


Азиза Турдуева, Бишкек 30-июлда Бишкекте массалык маалымат каражаттарынын биринчи республикалык конференциясы башталды. Жыйында Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын коомдо ээлеген орду жана андагы айрым орчундуу маселелер талкууланууда.

“Интерньюс”, «Сорос-Кыргызстан» фонду, “Фриидом Хаус” өңдүү эл аралык уюмдардын жана президенттин маалымат кызматынын демилгеси менен уюштурулган бул жыйынга Кыргызстандагы дээрлик бардык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда. Конференцияда журналисттердин этикалык принциптери, маалымат каражаттарынын коом алдындагы жоопкерчилиги, маалыматтын коомдогу ролу, окуяларды объективдүү чагылдыруудагы эл аралык стандарттардын сакталышы сыяктуу маселелер талкууланууда.

Жыйында “Жаңылыктар кандай түрдө берилиши керек? Маалымат каражаттары коомго кандай таасир көрсөтөт? Деги эле маалымат каражаттары коомго кандайдыр-бир таасир көсөтүшү керекпи?” деген суроолордун тегерегинде ар кандай кайчы пикирлер айтылды. Айрым маалымат каражаттарынын өкүлдөрү “журналисттер өздөрү жазган материалдар аркылуу коомго түздөн-түз таасир тийгизет, тигил же бул маселенин чечилишине себепкер болот” деген пикирлерин айтышты. Кээ бир журналисттер болсо “маалымат каражаттарынын максаты - коомго таасир көрсөтүү эмес, коомду маалымат менен камсыз кылуу” деген ойлорун ортого салышты.

Жыйындын бардык катышуучулары белгилегендей, маалымат объективдүү, оперативдүү болушу керек. Бирок Кыргызстанда бардык эле маалымат каражаттары мындай принциптин негизгинде иштөөгө өттү деп айтыш кыйын. Бүгүнкү күндө журналисттер окурмандарга, угармандарга өзүнүн пикирин таңуулаган учурлар көп кездешет.

Жыйында чоң талаш-тартыш пайда кылган дагы бир маселе Кыргызстандагы журналисттердин профессионалдык деңгээлине байланыштуу болду. Бир катар журналисттер белгилегендей, бүгүнкү күндө кыргыз журналистикасы өнүгүү жараянын өткөрүүдө. Буга байланыштуу “Интерфакс” маалымат агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Игорь Шестаков мындай дейт:

- Кыргыз журналистикасы маалымат жанрында калыптанып, өнүгүп жаткан чагы. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Башка постсоветтик өлкөлөрдө деле абал ушундай. Кыргызстандын журналисттери маалыматты объективдүү жазууга үйрөнүшү керек.

Жыйында регионалдык журналистиканы өнүктүрүү жөнүндөгү маселе да козголду. Облустардан келген маалымат каражаттарынын өкүлдөрү региондордогу маалымат каражаттарынын материалдык-техникалык абалынын начардыгы, журналисттердин профессионалдык деңгээлинин төмөндүгү жөнүндө айтышты.

Конференцияда Кыргызстандагы «Пресс-клуб» маалымат борбору «Медиа-кеңеш» түзүүнү сунуш кылды. «Российская газетанын» Кыргызстандагы редактору Элла Таранова маалымдагандай, «Медиа-кеңештин» негизги максаты маалымат каражаттарындагы чыр-чатактарды жөнгө салуу, журналисттердин укуктарын коргоо жана маалымат каражаттарынын көз карандысыздыгын чыңдоо болуп эсептелет. Бирок, жыйындын бир топ катышуучулары мындай кеңешти түзүүгө каршы чыгышты. Буга байланыштуу «МСН» гезитинин башкы редакторунун орун басары Рина Приживойт мындай деди:

- Эгерде «Медиа-кеңеш» деп аталган бул структура иштей баштаса, анда ал көп зыян алып келет. Маселен, ««Медиа-кеңеш» маалымат каражаттарындагы саясий экстремизмге каршы күрөш жүргүзөт» деп жарыялашат да, мен сыяктуу журналисттер анда дароо эле «саясий экстремист» деп жарыяланат. Ал эми мындай көрүнүштөр калган журналисттерди да коркутат. Башкача айтканда, журналисттердин эркин маалымат берүү укуктарына чек коюлат.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаевдин пикиринде, маалымат каражаттарындагы чыр-чатактарды жөнгө салуучу мындай кеңештин түзүлүшүн колдоого алса болот.

- Бул сунушту маалымат каражаттарынын өкүлдөрү киргизип жатышат. Азыр журналисттерге байланыштуу көп чыр-чатактар сот аркылуу каралууда. Ал эми «Медиа-кеңеш» түзүлсө, андай чыр-чатактар сотко жетпей эле, журналисттердин арасында өз ара чечилиши мүмкүн, - дейт Абдил Сегизбаев. Кыргызстандын маалымат каражаттарынын биринчи республикалык конференциясы 31-июлда ишин улантат.
XS
SM
MD
LG