29-июлда Мамлекеттик департаменттин басма сөз өкүлү Ричард Баучер эл аралык контингентке катышуусун тастыктаган өлкөлөрдүн тизмесин жарыя кылды:
- Албания, Азербайжан, Болгария, Чех Жумурияты, Дания, Доминикан жумурияты, Эстония, Салвадор, Грузия, Гондурас, Венгрия, Италия, Жапония, Казакстан, Латвия, Литва, Македония, Монголия, Нидерланды, Никарагуа, Норвегия, Филиппин, Словакия, Түштүк Корея, Испания, Улуу Британия жана Украина. Мына ушул өлкөлөр Ирактагы тынчтык орнотуу чараларына катышаарын бышыкташты.
Өткөн аптада Словакия, Болгария жана Даниянын жоокерлери Перс булуңуна жайгаша башташты. Алар бул жерге бир нече жума мурун келген Польша, Эстония, Латвия жана Литва бөлүктөрүнө кошулушту. Польшанын командачылыгы астындагы көп улуттук дивизиянын курамына кирчү 9 миң 200 аскердин негизги бөлүгү келээрки апталарда Иракка келип, толугу менен сентябрга чейин жайгашышы күтүлүүдө.
Анткен менен, көпчүлүк аскерий адистер менен аналитиктер арасында жоокерлердин санына байланыштуу ишенбөөчүлүк өкүм сүрүүдө. Аймакка эң көп аскер жиберүүнү Польша сунуш кылып жатат – 2 миң 300, андан кийин бир миң 800 аскери менен Украина жана 1 миң 300 жоокерин жиберип жаткан Испания турат. Болгария 500 чакты, Румыния менен Латвия 150дөн, Словакия менен Литва – 85тен, Казакстан болсо 25 жоокерин эл аралык контингентке чегерди.
Ушул тапта Ирактагы коалициянын күчтөрү 150 миң АКШлык жана 11 миң британиялык аскерди камтыйт. Ал эми Лондондук “Жэйнс” басылмасынын редактору Ян Кемптин айтымында, эксперттер Ирактагы коопсуздукту көзөмөлдөө үчүн кеминде дагы 100 миң аскер талап кылынат деген божомолун айтышууда. Аналитиктердин айрымдары Вашингтон контингенттин жалпы санына караганда, ага канча өлкө катышаары жөнүндө сөз кылууну көбүрөк каалайт деген ойго ык коюшат. Европанын ири мамлекеттери Франция менен Германия болсо БУУнун Коопсуздук Кеңешинин атайын резолюциясы кабыл алынмайынча, Ираккка өз аскерлерин жиберүүдөн дагы деле баш тартууда. Көп сандагы аскерлерин жиберүүгө жөндөмдүү Индия өңдүү мамлекеттер да ушундай эле турумда. Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл жекшембиде Иракка аскерий бөлүктөрүн жиберүү жөнүндөгү АКШнын өтүнүнчүн карап көрүүгө убакыт талап кылынаарын билдирди. Гүлдүн айтымында, мындай кадамга барыш үчүн НАТОнун мандаты жетиштүү, бирок көпчүлүк түрк парламентарийлери аскер жиберүү үчүн БУУ тарабынан ыйгарым укуктарынын берилишин талап кылаарын эскертишүүдө.
АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Баучер шейшемби күнкү сөзүндө БУУнун мандаты боюнча маселе Вашингтон менен анын салттуу шериктеринин ортосундагы пикир келишпестиктерге алып келгенин жашырган жок:
- Бир нече өлкө БУУнун мандатына байланыштуу суроону көтөрүп чыгышты. Муну Индия өкмөтүнүн расмий билдирүүсүнөн айкын көрсө болот. Франция менен Германия дагы бул жөнүндө кандайдыр бир деңгээлде сөз козгошкон. Ошондуктан биз маселени эске алып, аны талкуулап жатабыз.
Баучер ошондой эле каржы көйгөйлөрүнө токтолду:
- Айрым мамлекеттер Ирактагы бейпилдик күчтөрүнө кошулууну каалашат, бирок алардын керектүү каржы булактары жок. Биз бул маселени чечүү жолдорун да караштырдык.
29-июлда “Вашингтон Пост” гезити Пентагондун бир расмий кызматкерине шилтеме берип, АКШ көп улуттук аскерлердин азык-түлүгү өңдүү керектөөлөрүн каржылаш үчүн 200 миллион доллар бөлүп жатканын жазып чыкты. Бул маалымат Польшанын коргоо министрлиги тарабынан өзүнчө тастыкталды.
Эл аралык контингентке маанилүү вазийпа жүктөлбөшү мүмкүн деген айрым аналитиктердин жоромолуна польшалык майор Анжей Виатровски макул эмес. Ал эки аптадан бери көп улуттуу бөлүктөрдүн Вавилон шаарынан алыс эмес жердеги баш кеңсесин орнотуу иштери менен алектенип жүрөт:
- Биздин күчтөр Иракка бизди бул ишке даяр деп эсептеген коалициянын чакыруусу менен келишти. Биз Саддам Хусейндин саясатынан улам жарга такалып калган элге жардам берүү үчүн бул жерде жүрөбүз. Биз жергиликтүү калкка гуманитардык жардам көрсөтүп, туруксуздукту камсыздоо жана өлкөнүн өткөөл өкмөтүнө көмөктөшүү менен алектенебиз.