Түркиянын парламенти кечээ өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешинин бийлик ыйгарымдарын жана жоопкерчилигин азайтууну караган мыйзамдар пакетин жактырган эле. Бул кеңеш Түркияда башкы чечимдерди кабыл алган орган жана анда генералдар башкы ролду ойношот.
Европа Комиссиясынын маалымат катчысы бүгүн Брюсселде Евробиримдиктин кеңейиши үчүн жооп берген комиссар Гүнтер Ферхойгендин билдирүүсүн окуп берди:
– Реформа процессинин улантылышы Түркиянын өкмөтү Копенгаген саясий критерийи үчүн зарыл болгон мыйзамдык өзгөртүүлөрдү ишке ашырууга чечкиндүү экендигин көрсөттү. Коопсуздук кеңешинин структурасын жана ишин реформалоо, Евросоюздун мүчө-мамлекеттериндегидей, армиянын үстүнөн жарандык көзөмөл орнотуу багытындагы маанилүү кадам болуп саналат.