Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

ЖАЛАЛАБАДДАГЫ СОТ УЛАНТЫЛУУДА


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад 21-июлдан бери жүрүп жаткан Жалалабаддагы сот ишинде 31-июлда жарыш сөзгө чыгуулар башталды.15-майда областтык жана шаардык тартип коргоо уюмдарынан курал-жарак алып чыккан балдар менен былтыр 20-майда Жалалабад-Өзгөн жолундагы түрк ишкерин карактоо боюнча айыпталган 12 адамга жаза чектөө боюнча мамлекеттик айыптоочулар өз сунуштарын келтиришти. Соттолуучулардын ата-энелери балдар жокчулуктун айынан Адыл Каримовдун тобуна киргендигин жана ашыкча жаза суралгандыгын билдиришүүдө.

31-июлда аталган эки кылмыш иши боюнча соттук териштирүү аяктады. Түштөн кийинки саат үчтө башталган соттук талкууда алгачкы сөз мамлекеттик айыптоочу Жаныш Саяковго тийди. Прокурор Жаныш Саяков сөзүн адегенде Сузак аймагында былтыр болуп өткөн түрк ишкери Нежми Акйол менен анын айдоочусун милиция формасындагы үч адам тосуп, алардын колу-бутун байлап, ооздоруна желим кагаз чаптагандан кийин зор өлчөмдөгү акчаны каракташканын күбөлөр менен жабырлануучулардын берген көрсөтмөсүнүн негизинде далилдеп берди. Далилдерге ылайык Сузак райондук сотунан өткөрүлүп алынган кылмыш иштери боюнча айыпталган үч адамдын үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен ар бирине 17-18 жылдан жаза чектөөнү соттон өтүндү.

Ал эми областтын прокурору Айбек Турганбаев Сузактагы ишке тиешеси бар жана тартип коргоо уюмдарына киргендердин топ башчысы деп эсептелген Адыл Каримовго тергөө маалында коюлган айыптардын дээрлик бардыгы аныкталганын залдагыларга жарыя кылды.

- Тергөө органдары тарабынан угузулган айыптары толугу менен соттолуучулардыкы далилденди жана прокурор катары айыптоо сөзүбүздү тийиштүү мыйзамда көрсөтүлгөн жазага кириптер кылыш үчүн сурандык жана соттун азыр чечими гана калды,- куралдуу топту уюштуруп, төңкөрүш жасоого аракет кылган, каракчылык жасап, курал-жарак сактап жүргөн укук коргоо кызматчыларын уруп-сабоо менен бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөткөн ,- деп күнөөлөнгөн Адыл Каримовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен күчөтүлгөн тартипте 20 жылга түрмөгө кесүүнү сунуш кылды.

Айыпталынып жаткан Равшан Ибрагимовдун коргоочусу Алтынбек Нармырзаев анын айыбы тууралуу мындай дейт:

- Соттун жүрүшүндөө бандиттик топптун мүчөлөрү эсептелген соттолуучулар бардыгы Ибраимов Равшан план түзүлүп жатканда, Каримов алар менен кандай кылмышка барышаррын сүйлөшүп жатканда болбогонун бир ооздон айтышты. Муну алар тергөөнүн жүрүшүндө да айтышкан.

Алты баланын айылдаш эжеси катары сот ишин көзөмөлдөп келаткан Үрү Бөдөн кызы жумушсуздук менен жакырчылык Адыл Каримовдун максатын билбей кошулган жигиттерди ушундай окуяга кириптер кылды деп эсептейт:

- Элди жерди коргогон, дежурныйдын милдетин аткарбаган укук коргоочулардын иш билгилиги эмес, мыйзамсыз иш кылгандыгынын натыйжасында балдар курмандыкка чалдыгып атат. Бардыгы мадыра баш балдар экен, толук кандуу, бешене тери менен иштеген, Аскар Акаевичти биринчилерден болуп президентке шайлаганда жүгүрүп жүргөн мугалимдердин, карапайым дыйкандардын балдары жана неберелери болуп атат. Көрүп турат айлана-чөйрө кылмыштуулукта адам өлтүргөндөр калып атат. Кубалап жүрүп атып салгандар Аксыда эч нерсе жазаланбай калып атат. Көлбаевди ит аткандай атып салып Жайсанбаев жайнап жүрөт. Жашоонун айынан, студенттер экен көпчүлүгү контракт төлөөнүн айынан ушуга барыптыр. Мен ойлоймун 2200 жылдык мамлекеттүүлүк деп атабыз, 25 жылга кесилген Качан Абдрашитовду кечирип атабыз амнистия берип. Аскар Акаев өзүнө покушение кылган, 16 жыл берген 6 жигитти кечирип жиберди мурдагы жылы. Ошолордун катарында бул балдарга келечектеги толук кандуу биздин келечегибиз демократиялык мамлекет болсун десе, Аскар Акаевдин деле срогу аз калды, кайрымдулук, ырайым кылып, аталык камкордугун көрөт деп ойлойм. Мен ошону суранам», - деди Үрү Бөдөн кызы.

Коомчулукта бул окуянын атайын уюштурулган иш катары кабылданып калганын Жалалабад шаарынын ардагери Дарман Жоробеков билдирди: «Бул балдарды мейли каматты дейлик, соттодук, эмне чыгат ушундан. Бул милициянын кызматкерлеринин өзүнүн жалкоолугу, иш кылбай курсак сылап жаткандыгын көрсөтөт десе болот. Кантип эшигин бузуп куралдарын алсын. Менин оюмча, өздөрү уюштурган муну».

Ички иштер уюмдарынан курал-жарак алууга катышкан калган алты баланын ар бирин 15-16 жылдан түрмөгө кесүү жана келтирилген материалдык чыгымдарды 12 адамдан чогуу төлөтүү сунуштары келтирилди. Балдардын адвокаттары жазаларды азайтуу өтүнүчтөрү менен сотко кайрылышты.

XS
SM
MD
LG