Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:59

ТЕРРОРЧУЛУК МЕНЕН БАҢГИ АТКЕЗЧИЛИГИ ЖОЛУНА БӨГӨТ


28-июлдан 1-августка чейин Бишкектеги жогорку аскер окуу жайында НАТОнун «Бейпилдик үчүн өнөктөштүк» программасынын алкагында Түркиянын коргоо министрлигинин ыкчам аракеттеги тобунун террорчулук менен аткезчиликке каршы күрөшүүгө арналган окуулар болуп өттү. Ага Кыргызстандын коргоо, ички иштер министрликтеринин, улуттук гвардиянын 37 офицери катышып, иштин жыйынтыгында аларга атайын сертификаттар тапшырылды. Окуулардын жыйынтыгын чыгарган сертификат тапшыруу аземине кабарчыбыз Бекташ Шамшиев катышкан.

НАТОнун «Бейпилдик үчүн өнөктөштүк» программасынын алкагында Түркиянын коргоо министрлигинин Окуу борбору 1998-жылдан бери дүйнөнүн биртоп өлкөлөрүндө окуу, семинар өткөрүп, аскер адамдарын катаң ишке машыктырып келатат. Ыкчам аракеттенчү аскер топторунун жетекчилерине террорчулук менен аткезчиликке каршы күрөшүүнүн жолдорун үйрөткөн аскерий иш-чара көптөгөн машыгууларды ичине камтыйт. Түркиянын Кыргызстандагы элчисинин орунбасары Ариф Эсертолу: «Бүгүн Түркиянын коргоо министрлигинин Окуу борбору менен Кыргызстандын коргоо министрлиги биргелешип өткөргөн иш-чаранын жыйынтыгы чыгарылууда. Кыргызстандын 37 офицери НАТО программасынын алкагындагы ишке» катышканын маалымдады. Түркиянын Кыргызстандагы аскер атташеси Окай Секмен боордош эки элдин аскерий кызматташтыгы жакшы ниетте уланып жатканын билдирди: «Тууган эки элдин аскердик кызматташтыгы уланып баратканына күбө болуп отурабыз,- деди ал. – Мындай биргелешкен иш-чаралар бирин-бири ызаттаган өлкөлөр ортосунда гана болот. НАТО программасынын алкагында өтүп аткан иштер дүйнөнү коркунучка капталткан террорчулукка каршы турууга, аткезчиликти жоюуга арналууда. Келечекте мындай иштер дагы уланмакчы».

Окай Секмендин айтымында, Түркияда террорчулук менен жекеме-жеке күрөшүүдө биртоп тажрыйба топтолгон. Ыкчам аракеттенчү топтордо өз ишин мыкты билген адистер топтолгон. Алардын кеп-кеңешин угуп, таалимин алуу көп нерселерге үйрөтөт. Түркиянын ыкчам аракеттенүү тобунун окуу борборунун жетекчиси Ариф Экмен НАТО программасынын алкагында 12 өлкөдө окуу, машыгуу өткөрүшкөнүн белгиледи. «Бул программаны ишке ашыруу маалында бизде террорчулук менен аткезчилик тууралуу жетиштүү дегидей маалымат болду, - дейт Ариф Экмен. - Эки өлкөнүн өзүнө гана тийиштүү айрым проблемаларын эсепке албаганда, террорчулук менен аткезчиликке каршы күрөшүүнүн маанилүү экендиги айтылды. Пикир алмаштык. Билесиздер, террорчулук бир жерге байланган эмес, анын чеги жок, тилдик, диний ажырым дегенди билбейт. Террорчулук эларалык проблемага айланган. Ага каршы биргелешип күрөшүү керек».

НАТОнун өнөктөштүк программасынын алкагында уюштурулган иш-чарага катышкан Кыргызстандын коргоо министрлигинин өкүлү Максат Медетовдун айтымында, мындай аракеттин натыйжасы жакшы. «Түркиялык өкүлдөрдүн террорчулук тууралуу маалымдап, көрсөтүп, анан да алар кайсы жактан каржыланып тургандыгын айтышканы жакшы болду,- дейт Максат Медетов.- Жанкечтилердин күчү каржылоого байланышкан. Террорчулук эмне экенин мурда эле билчүбүз, антсе да кыйла жаңы маалыматтар алдык».

Түркия элчисинин орунбасары Ариф Эсертолу Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтык аскердик жаатта да улантылып жатканына токтолуп, мындан ары да алака-катыш улана бере тургандыгын билдирди. «Бизде бардык маселе боюнча түшүнүүчүлүк бар. Аскерий жакшы ишти аягына чыгардык. Мындан ары да кызматташа бермекчибиз»,- дейт Эсертолу.

XS
SM
MD
LG