Ирактын Башкаруу кеңешинин төрагасы Ибрагим Жафари бүгүн Египет радиосуна берген интервьюсунда “Саддамдын саясаты бардык ирактыктарды кайгыга салган” деп билдирип, аларды Ирактын жаңы өкмөтүн түзүүгө жалпы катышууга чакырды. Америка болсо Саддам өз мекендештерине каршы жасаган кылмыштары үчүн эл аралык аскер трибуналы эмес, өз элинин жазасын алышы керек деп, Иракта Саддам Хусейнди жазалоочу атайын сотту түзүүгө ниеттенүүдө. Саддам Хусейнди кармоо үчүн анын дарегин айткан адамга 25 миллион долларлык сүйүнчү берилээри жарыяланган. Бүгүн Иракта массалык кыргын салуучу куралдарды издеп жатышкан америкалык эксперттер Советтер союзунда чыгарылган бир нече аскерий учакты табышты. Адистердин маалыматына караганда, алар Багдаддын батыш тарабындагы чөлдүү жерге катылган экен.