Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:13

АКШ: САДДАМ ҮЧҮН ТРИБУНАЛ ТҮЗҮЛӨТ; КУРАЛ ИЗДӨӨДӨ ЖЫЛЫШ БАР


Соңку маалыматтарга караганда, Кошмо Штаттар Ирактын учурда изделип жаткан экс-диктаторун жоопко тартуу үчүн атайын трибунал түзүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу "Нью-Йорк Таймс" гезити жазып чыкты. Мунун аралыгында АКШнын мамлекеттик департаменти Саддам Хусейндин уулдарынын дарегин билгизген адамга 30 миллион доллардык сыйлык төлөнүп берилерин жарыялады. АКШнын расмий өкүлдөрү Иракта массалык кыргын салуучу куралдарды издөө жагынан да жылыштар бардыгын, өлкөдө жалпы элдик шайлоо бир жылдын аралыгында өткөрүлүшү мүмкүн экенин билдиришүүдө.

Саддам Хусейнди жана анын өкмөтүнүн мүчөлөрүн жоопко тартуу үчүн ириде экс-диктатордун өзүн тирүү кармоо керек. Учурда ал күндүр-түндүр изделүүдө. Ирактын мурдагы төбөлдөрүнүн АКШ түзгөн тизмесиндеги 55 адамдын жарымынан көбү азыр камакта. Ал тизмеде Саддамдан кийинки орундарды ээлеген уулдары Удай жана Кусай америкалык аскерлердин огунан каза тапты.

Эми "Нью-Йорк Таймс" гезити Ак үйдүн жана Мамлекеттик департаменттин аты аталбаган расмий өкүлдөрүнө шилтеме берип жазганына караганда, Саддам Хусейнди жана анын режиминин мүчөлөрүн жазалоо үчүн АКШ эл аралык эмес, ирактыктардын өзү тарабынан башкарылган атайын трибунал түзүлүшүн көздөөдө. Трибуналды уюштурууда Ирак араб мамлекеттеринен жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн жардам ала алат. Эгер Саддам Хусейн аман кармалса, адегенде эле адамзатка каршы жасаган кылмыштары, жергиликтүү күрддөрдү тукум курут кылууга аракеттенгени үчүн айыпталары күтүлүүдө.

АКШ Саддамдын кармалышына алып барган маалымат бергендер үчүн 25 миллион доллар сыйлык ыйгарыларын убада кылып жатат. Бейшемби күнү Мамлекеттик департамент Саддамдын уулдары Удай жана Кусайдын дарегин билгизген адамга убада кылынган 30 миллион доллар төлөнүп берилерин жарыялады. Бул тууралуу айтып жатып мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучер төмөнкүлөргө токтолду:

- Биз бул окуянынын жыйынтыгына жана сыйлыкты төлөп берип жатканыбызга ыраазыбыз. Бул - Адилеттик программасынын алкагында төлөнүп келген сыйлыктардын эң чоңу.

Бирок мамлекеттик департаменттин өкүлү сыйлыкты алып жаткан адамдын аты-жөнүн, ал кайсыл жерде болушу мүмкүн экенин, акчаны кантип аларын айтуудан баш тартты. Эл аралык басма сөздө ал адам - Саддам Хусейндин уулдары өлтүрүлгөн Мосулдагы үйдүн ээси Наваф аз–Зайдан экени айтылууда. Мунун аралыгында Иордания Саддамдын улуу кыздары Рагад менен Ранага жана алардын тогуз баласына башпаанек бергени жарыяланды. Саддамдын кыздары АКШ издөө жарыялагандардын арасында жок. Жума күнү Катардын "ал-Жазира" телеканалы Саддамдын жаңы кайрылуусу деген аудиотасманы угузду. Анда Ирактын экс-диктатору мекендештерин мамлекеттик мүлктү сактап, оккупанттарга каршы күрөшүүгө кайрадан үндөгөн.

Саддам менен катар Иракта анын массалык кыргын салуучу куралдары да изделүүдө. Согуш аяктагандан бери үч ай өтсө да андай куралдардын изи табылбай жатканы үчүн АКШда президент Жорж Буш, Британияда премьер-министри Тони Блэр сынга кабылууда. Массалык кыргын салуучу куралдарды издөө жаатында АКШнын 1400дөй адиси иштеп жатыптыр. Бейшемби күнү ошол топтун өкүлү, Борбордук чалгын кызматынын кеңешчиси Девид Кей Сенаттын тиешелүү комитетинде, жабык эшик артында үч саатай маалымат бергенден соң, кабарчыларга Иракта массалык кыргын салуучу куралдарды издөө жаатында олуттуу жылыш бар экенин билдирди:

- Биз Ирактын массалык кыргын салуучу куралдарынын бетин ачууга багытталган олуттуу иликтөөнү жүргүзүп жатабыз. Биз маанилүү жылыш жасадык. Бул - 25 жылдын ичинде миллиарддаган доллар сарпталган, миңдеген адамдар тартылып, коопсуздук жана алдоо планы менен корголгон программа. Андыктан, бул оңой эле ачыла турган нерсе эмес.

Айтор бул жаатта ишенимдүү далилдердин колго тие электиги, Ирактын массалык кыргын салуучу куралдары табыларынан күмөн саноолорду жаратып келүүдө.

Сенаттын чалгындоо комитетинин мурдагы төрагасы Боб Грем эгер ал куралдар табылбаса өлкө ичинде да, тышта да АКШ өкмөтүнө болгон ишенимге олуттуү түрдө доо кетет деп эсептейт. Боб Грэм бул тууралуу Вашингтондогу басма сөз жыйынында айтты.

Ал эми Ирактын америкалык администрациясынын башчысы Пол Бремердин соңку билдирүүсүнө караганда, өлкөдө жалпы элдик шайлоо бир жылдын аралыгында өтүшү мүмкүн жана ушундан соң алардын бул жердеги иши аяктайт. Баяндамачылар АКШ администраторунун мындай билдирүүсүн Вашингтон бийликти ирактыктардын өзүнө тезирээк өткөрүп берүүнү көздөп калганына жорушууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG