Ишембиде Американын президенти Жорж Буш Пхеньяндын өзөктүк куралдар программасына байланыштуу көп тараптуу сүйлөшүүлөргө чоң ишенич артаарын, ошондой эле Сеул, Вашингтон жана Токио ал талкууда бирдей көз карашты карманууга аракеттенээрин белгиледи. Түштүк Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Ли Су Хюк Сеулда өткөн маалымат жыйынында Пхеньян маселени алты тараптуу жолугушууда талкуулоону сунуш кылганын билдирди:
- Биздин өкмөт – Корей жарым аралындагы бейпилдикке кызыкдар АКШ, Жапония, Кытай жана Орусия менен биргелеше көп тараптуу сүйлөшүүлөр өткөрүүгө көп аракет жумшады. Түндүк Кореянын жаңы чечимин кызуу колдойбуз, кантсе да эл аралык деңгээлдеги жалпы аракеттер өз жемишин бергенин айта кетүү абзел.
Жапониянын тышкы иштер министрлигинде АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Жон Болтон жолугушуулар өткөн соң, Токионун өкүлү Тошимитсу Мотеги көпчүлүктүн көңүлүн Пхеньян сунуш кылган сүйлөшүүлөрдүн жол-жоболору али белгисиз экенине бурду:
- Биз жалпысынан алганда, Түндүк Кореянын сунушун оң көрүнүш катары баалайбыз. Бирок ал көп тараптуу сүйлөшүүлөр качан, кандай тартипте өтөөрүн азырынча эч ким билбейт. Андыктан, Жапония Пхеньян проблемасын жөнгө салуу багытында АКШ жана башка бул маселеге катышы бар мамлекеттер менен бирге аракеттене бермекчи.
Ошентип, Пхеньян өзүнүн өзөктүк куралдар программасын Орусия, Жапония, Түштүк Корея, АКШ жана Кытайдын өкмөттөрү менен бирге чогуу-чаран талкуулоого макулдугун берди. Түндүк Кореянын тышкы иштер министрлиги жума күнү ошол көп тараптуу жолугушуунун алкагында Пхеньян Вашингтон менен өзүнчө масилеттешүүнү көздөп жатканын ачык айткан. АКШ жетекчилиги буга чейин Түндүк Корея менен жекече эки тараптуу сүйлөшүүлөргө эч убакта барбаарын эскертип келген. Жума күнү Жорж Буш Пхеньян дагы да болсо эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөрүүгө жанталашып жатканын айтып, "Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ир өзүнүн өзөктүк куралдар программасы жөнүндө чындыкты айтаарына ишенич аз, ошентсе да биз анын бул опурталдуу программадан баш тартууга эрки жетет деп үмүттөнөбүз", - деп басым жасады.
Ишембиде Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Юрий Федотов Түндүк Корея кризисин чечүүгө жол ачылды десе, Бириккен улуттар уюмунун башкатчысы Кофи Аннан саясий эрегиш дипломатиялык аракеттердин жардамы менен аяктап баратканына терең канааттанып турганын билдирди.
Адистердин айтымында, Пхеньян өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимден чыкканын жарыялагандан бери атомдук станциядагы реакторлорун кайрадан өзөктүк отун менен толтура баштаган. Андан сырткары өткөн жылдын аягында атомдук станцияларындагы Бириккен улуттар уюмунун байкоо жүргүзчү жабдыктарын алып салып, эл аралык инспекторлорду өлкөдөн чыгарып жиберген.
Азырынча Түндүк Корея сунуш кылган көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн датасы аныктала элек, АКШнын өкүлдөрү жолугушуу Бэйжинде, көп кечиктирилбей, ушул айдын ичинде өтсө болмок деп билдиришти. Талкууга катышчу башка мамлекеттердин өкмөттөрү сүйлөшүүлөр сентябрь айында өткөрүлсө максатка ылайык деген пикирде.